Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:53

Кыргызстанда кен казуучуларга жакшы эмес мамиле жайылып жаткандыктан бул тармакта иштеген компаниялар банк эсептерин жаап жатышат.

Бул тууралуу тоо-кенчилер бирлигинен маалымдашты. Мындай чочулоолорго бир канча миллион инвестиция киргизилген "Кумтөр" алтын кен долбоорун мамлекетке өткөрүү талабы да негиз болгон. Бирок бир катар парламентарийлер кенчилердин мындай билдирүүсүн саясий шантаж катары кабыл алышууда.

Инвестициялык климат “ийрейгенде”

Кыргызстандагы алтын кендерин чалгындаган жана иштете баштаган компаниялар октябрь айына карата банктардагы эсептерин жаап баштаган. Ошондой эле кен иштетүүгө берилген уруксатнаамени кармап туруу үчүн аз өлчөмдөгү гана акча каражатын кендерди изилдөөгө которушкан. Мунун себептерин тоо-кенчилер аталган компаниялардын өлкөдөгү инвестициялык климатка ишенбөөчүлүгү менен байланыштырууда.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев Кумтөр алтын кен долбооруна карата Кыргызстандагы маанай алтын кен тармагындагы инвесторлорду катуу чочутканын белгиледи:

- Кийинки мезгилде “Кумтөр” жакшы иштеп жатканына карабастан мурдагы бийликтин жактоочулары тарабынан анын ишин үзгүлтүккө учуратуу аракеттери көпчүлүк инвесторлорду чочутуп койду. Мамлекет бардыгын тартипке салууга алсыз болуп жатат көрүнөт. Анан калса аталган долбоорду мамлекеттин карамагына өткөзүп алабыз деген маселе катуу чыгып жатканы башка майда кен иштеткен компанияларды катуу ойлондуруп койду. Алар бизге ачык эле “Кыргызстанда мыйзамдуулук деген барбы?" - деген маселени койуп жатышат.

"Кумтөр" алтын кен долбоору боюнча өкмөттүн сунушун парламент мындан бир жарым жума мурун талкууга ала баштаган. Анда негизинен парламенттеги фракциялардын көпчүлүгү өкмөт сунуштап жаткан теңшериктик негизде канадалык “Центерра” менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча демилгени улуттук кызыкчылыкка туура келбейт деген маанайда болушкан.

Бирок өкмөт башчысы Сатыбалдиев канадалык компания менен сүйлөшүүлөр өтө татаал жагдайда өтүп, Кыргызстандын үлүшүн мына ушул өлчөмгө көтөрүүнүн өзү чоң машакатты талап кылганын белгилеген болчу.

Шылтоого шыноо табылып...

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Акунаалы Досалиев “Кумтөр” долбоору каралып жатканда башка кенчи компаниялар эсептерин жаап салышын басым көрсөтүү аракети катары баалады:

- Бул эми “Кумтөр” алтын кен долбоорунун тагдырын чечип жаткан учурда атайын жасалган маневр. Башка компаниялар да азыр өтө кызыгуу менен карап турушат “мурдагы “схемалар” калса, биз дагы ошол жол менен кетет элек” деп. Бирок андай болбойт. Парламент саясий эркин көрсөтүп, акыйкат чечим кабыл ала турган учур келди. Болбосо эл өзү башкача чечип алат.

Бирок ошол эле кезде Кыргызстанда кен казуучу компанияларга карата мамиле жакшы эмес жагына өзгөргөнү айтылууда. Алардан казыла элек же киреше алына элек жумуштар үчүн жергиликтүү калктын өкүлдөрү тарабынан акча талап кылган учурлар бар экени белгилүү болгон.

Чүй облусундагы Чолок-Кайыңды алтын кенин иштеткен Premier Gold Resources компанияы жергиликтүү элдин атына жамынган уюшкан кылмыштуу топтун коркутуусуна дуушар болгонун ачыкка чыгарды. Аталган ишкананын акциялары фондулук биржада сатылып жаткан учурда мына ошондой коркутуулар болгон. Талдоочулар муну атаандаш компаниялардын шыкагы катары мүнөздөшкөн эле.

Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев кен казуучуларга карата бир жактуу терс маанай күчөп кеткенин айтты:

- Чынында эле азыр жергиликтүү элде кен казуучу компаниялар тууралуу терс маанай күчөгөн. Алардын техникасын тартып алып, кызматкерлерин ур-токмокко алган учурлар катталууда. Бул албетте, жакшы эмес көрүнүш. Бирок мунун себеби мына ошол компаниялардын ишинин ачык эместигинде болуп жатат. Ошон үчүн элде күмөн саноо күч болуп турат.

Талдоочулар көпчүлүк майда алтын кенин казуучу компаниялар “Кумтөр” алтын кен долбоору боюнча кандайча чечим кабыл алынаарын күтүп жатышканын белгилешүүдө. Анткени аталган долбоор боюнча чечим башка кен казуучу компаниялардын келечеги кандай болоорун аныктайт дешет талдоочулар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG