Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Өкмөттө мамлекеттик бийлик органдарындагы штаттык бирдиктер менен структуралык бөлүмдөрдү кыскартуу маселеси кайрадан көтөрүлө баштады.

Буга байланыштуу өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен аткаруу бийлигин оптималдаштырууну карай турган жумушчу топ түзүлүп, ишке киришти.

Мындан төрт жыл мурун да өкмөт мамлекеттик башкарууга кетчү чыгымдарды кыскартууну чечкен эле. Бирок ал иш-чара толук ишке ашкан эмес. Оппозиция өкүлдөрү ал чечим аткарылбаган сыяктуу эле бул жолку демилге деле ишке ашарынан күмөн санашууда.

Өкмөт башчысынын эски-жаңы демилгеси

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөткө караштуу министрликтер, мамлекеттик мекемелер менен башкаруу органдарынын штаттык бирдиктерин жана түзүмүн кайрадан карап чыгуу боюнча буйрукка кол койду. Ага ылайык, ашыкча жана бири-бирин кайталаган штаттык бирдиктер менен бөлүмдөр кыскартууга дуушар болот.

Буга чейин айрым агенттиктер өкмөттүн учурдагы түзүмү кыскартылат деген маалымат таратышкан. Ага ылайык айрым министрликтер жоюлуп, кээ бир агенттиктер менен мамлекеттик кызматтар кошулушу мүмкүн экени айтылган.

Бирок жумушчу топтун мүчөсү, өкмөт аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык кызмат боюнча бөлүм башчысы Кубанычбек Шадыбеков ал маалыматка төмөндөгүдөй оңдоо киргизди:

- Бул жерде биз ар бир мамлекеттик башкаруу органдарындагы штаттык бирдиктерди гана карап чыгабыз. Анан эми кээ бир маалымат агенттиктери министрликтер менен айрым мамлекеттик мекемелер дагы кыскарат деген чындыкка коошпогон кабар жазып жиберишкен экен. Анысы туура эмес. Биздин жумушчу топтун аларды кыскартууну изилдеп чыгуу боюнча ыйгарым укугу жок. Мында биз азыр штаттык бирдиктер менен түзүмдөрдүн оптималдуулугун гана карап, изилдеп чыгып, сунуш киргизебиз.

Кыскарган сайын “узарган” башкаруу

Мындан төрт жыл мурун, 2012-жылы өкмөт менен парламент мамлекеттик бийликти оптималдаштыруу жана башкарууга кеткен чыгымдарды кыскартуу чечимин кабыл алган. Ага ылайык мамлекеттик башкаруу органдарындагы артыкбаш штаттык бирдиктер кыскартылып, бирин-бири кайталаган кызматтар жоюлат деп айтылган болчу. Бирок талдоочулардын баамында, мамлекеттик башкарууда азгантай гана кыскартуу болуп, кээ бир түзүмдөр аталыштарын өзгөртүү менен ишин уланта берген. Натыйжада башкарууга кеткен чыгымдар кескин кыскарган эмес.

Кээ бир мамлекеттик мекемелер өзүнүн ички укуктук ченемдери менен штаттык бирдиктерди тескерисинче көбөйтүп алса, айрымдарында ваканттык орундар бош турган учурлар кездешет.

Жумушчу топтун мүчөсү Кубанычбек Шадыбеков мына ошол жагдайлар иликтенип чыгарын белгиледи:

- Себеп дегенде буга чейин эле өкмөт бекиткен токтомдор бар. Алардын ичинде тиешелүү ченемдер камтылган. Мисалы, бөлүмдүн, башкармалыктын курамы канча адамдан турушу керек? Структуралык түзүмдөр бири-бирин кайталап жаткан жокпу деген суроолор бар. Ар бир министрликтин ички түзүмүн карап, эгерде чынында эле ченемден ашып, жайылып кеткен болсо аларды кыскартуу боюнча сунуш киргизебиз. Анан бош орундар кандай болуп жатканын дагы карайбыз. Ошондой эле ченемге ылайык жетекчилер менен аткаруучулардын катышын дагы иликтеп чыгабыз. Мисалы, жетекчи орундар, аткаруучу кызмат орундарына караганда көп болуп калышы мүмкүн. Ошолордун бардыгын тартипке салышыбыз зарыл.

Анткен менен айрым оппозиция өкүлдөрү өкмөт көтөргөн демилгени колдогону менен анын ишке ашарына ишенбейт. Анткени мамлекеттик башкарууну оптималдаштырып, натыйжалуу кыскартууларды жүргүзүү үчүн өкмөт башчысынын саясий эрки жана анын өз алдынчалыгын камсыздай турган саясий колдоосу чоң болушу керек экени белгиленди.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков азыркы учурда бул багытта чыныгы чоң өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу бир топ татаал экенин мындайча белгиледи:

- Азыркыдай абалда эч кандай натыйжалуу кыскартуу болбойт. Ошондуктан кандайдыр бир үмүт артып деле кереги жок. Анткени өкмөт башчысын азыркы министрлердин айрымдары тоготушу кыйын. Алар кыскартууга жол бербей коюшу ыктымал. Себеби ал министрлер президент тарабынан көрсөтүлгөн. Мурда деле кыскартуу болот деп, аягы барып жыйынтыгы жок болуп калгандай эле болот. Анткени системалык өзгөрүүгө багыт берүу жок болуп жатпайбы. Кыскартуулар адаттагыдай эле мамлекеттик башкаруудагы ишбилги, бирок бийлик үчүн “ыңгайсыз” адамдарга каршы гана багытталышы мүмкүн.

Буга чейин 2011-жылдын аягында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу деген демилгенин арты менен кийинки жылы бийлик органдарындагы штаттык бирдиктерди 30 пайызга чейин кыскартуу жагы каралган эле. Мунун жыйынтыгында мамлекеттик башкарууга кетчү чыгымдарды 50 пайызга чейин кыскартууга мүмкүн болору айтылганы менен, адистердин баамында, иш жүзүндө андай болгон эмес.

Учурда мамлекеттик башкарууга кеткен бюджеттин чыгымы 35 пайызга барабар экени буга чейин жарыяланган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG