Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин алгачкы жумушчу сапары жана Бажы биримдиги сыяктуу маселелердин соңку өнүгүшү тууралуу көз карандысыз эксперт, экономист Азамат Акелеев ой бөлүштү.

- Президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекет башчы катары алгачкы сапары Орусияга туура келди. Ал бул күндөрү Москва шаарында үч саммитке катышууда. Кечээ Атамбаев казак жана орус президенттери менен жолукту. Сиздин оюңузча бул сапардын алкагында кыргыз президенттинин алдында кандай милдет жана жоопкерчилик турат?

- Биринчиден, Алмазбек Атамбаев ошол ЕврАзЕСтен Кыргызстанга экономикалык жактан кандайдыр бир преференцияларды алышы керек. Саясий жактан көз карандысыздыкты көбүрөөк сактап калышы абзел. Анткени бул уюмда Орусиянын саясий максаты өкүм сүрүп жатат.
Шайлоо өнөктүгүндө базаны жабуу тууралуу билдирүү жөндөн жөн эле чыккан жок да.

Ошол саясий максаттарды алар экономика аркылуу жүргүзгүсү келгени белгилүү болуп турат. Албетте бул уюмдан экономикалык жактан көп пайдалар болот. Ошол эле кезде саясий басымдан жана көз карандылыктан өзүбүздү алыс кармашыбыз кажет.

- ЕврАзЕСтин антикризистик фондунан Кыргызстанга 106 миллион доллар насыя убада кылынганы менен бул каражат келбей турат. Себеби түрдүүчө жоромолдонуп жатат. Сизге Орусиянын өзүнүн акчасы болбогондуктан каражат келбей жаткандай сезилбейби? Же башка кандай себеп болушу мүмкүн?

- Менин оюмча, булар каражатты соодалашуунун куралы катары колдонуп жатышат. Кыргызстан бул кредитти алуу өтүнүчүн 2010-жылдын август айында берген. Бир жарым жыл өтсө да карала элек. Бул эмне дегенди билдирет? Менин оюмча, бул саясий соодалашуу жүрүп жатканын билдирет.

- Бул кандай соодалашуу болушу мүмкүн?

- Менин оюмча, ушул эле база жөнүндө болушу мүмкүн. Алмазбек Атамбаевдин АКШ базасы тууралуу билдирүүсү жөндөн болгон эмес. Ушуга байланыштуу болгон. Анткени бизде азыр бюджеттик таңсыктык болуп жаткандыктан ошол акча абдан зарыл болуп турат.

Шайлоо өнөктүгүндө базаны жабуу тууралуу билдирүү жөндөн жөн эле чыккан жок да. Менин оюмча, эң негизги маселе ушул болуп жатат. Андан башка да маселелер болушу мүмкүн.
Булар каражатты соодалашуунун куралы катары колдонуп жатышат. Кыргызстан бул кредитти алуу өтүнүчүн 2010-жылдын август айында берген.

- 19-декабрдагы саммитте ЕврАзЕСтин алкагында Бажы биримдигин жана Евразиялык экономикалык мейкиндикти түзүү боюна бир катар документтерге кол коюлду. Бул өңдүү соңку жагдайларды эске алганда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси кандай чечилчүдөй? Таразанын ташы кайы тарапка ооп жатат?

- Азыркы убакта Орусия Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирип жатпайбы. Бул уюмга кирүү менен алар бажы төлөмдөрүн 8 пайызга ылдыйлатышат. Ошондуктан алгач Бажы биримдигине кирген өлкөлөр өз алдынча сүйлөшүүсү керек. Биринчиден, өздөрүнүн тарифтерин бир деңгээлге келтириши керек. Ал эми Кыргызстандын биримдикке кириши андан кийинки маселе болуп калат.

Бул бир четинен бизге жакшы болуп жатат. Азыр Кыргызстандагы реэкспорт жана кийим тигүү тармактарында иштегендер үчүн кандайдыр бир убакыт пайда болду. Алардын ыңгайлашуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү. Азырынча тараза ташы кыргыз тарапта. Ошондуктан биз үчүн бул маселе орто мөөнөткө жылдырылды деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG