Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Кыргыз өкмөтүнүн 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов “Азаттык” үналгысы үчүн атайын маек курду.

Бюджет элдик болот

“Азаттык”: Урматтуу биринчи вице-премьер, көктөм жаздын башталышы менен турмуш оңолуп кетеби деген үмүт бүт кыргыз коомун кучагына алып турса керек. Кыргызстандагы экономиканын азыркы жагдайына сереп таштап кетсеңиз?

Өмүрбек Бабанов: 2010-жылы биздин мамлекет өтө оорчулукту башынан кечирди, өзгөчө түштүк окуясынан кийин. Тез арада үйлөрдү куруп, элге чукулунан жардам берели деп, бир топ акча бөлүндү. Ошол себептен ички дүң продукциябыз 1,4 пайызга түшүп, бюджеттин тартыштыгы 11 млрд. сомго жеткен.

Жаңы өкмөт эки ай ичинде конкреттүү план иштеп чыкты, анын негизги багыттарын сандар менен айтып берейин: ички дүң продукцияны 245 млрд. сомго жеткирип, анын реалдуу өсүшү быйыл 6,2% болот деп турабыз. Ички дүң продукция кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнөн, өнөр жайдан, энергетика тармагынан 17%, айыл чарбадан 4%, курулуштан 15 % деп болжодук. 2011-жылдын бюджетин Жогорку Кеңеш кабыл алса, биз элибизге берген убадага ылайык жазгы талаа жумуштарына, азык-түлүктүн баасын түшүрүүгө түрткү бергидей 1 млрд. сомдук кредитти 9%дан бере баштайбыз.

Экинчиси: эки ай арасында бензиндин баасы 8 - 10 сомго чейин түштү. Орусия, Казакстанга эки жолудан барып, жакшы мамиле түзүп алдык. Алардан бир топ жардамдарды алып баштадык. Азыр Казакстандан үрөн түрүндө 500 тонна жүгөрү алып атабыз, ошондой эле 10 миң тонна солярка, 10 миң тонна бензинди сатып алганга уруксат беришти, алар башка жакка чыгарбагыла деп чектеп коюшкан эле, Кыргызстанга атайын квота бөлүп берди. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлгөн себебинен жакыр үй-бүлөлөргө матрезервде турган 10 миң тонна буудайды 7 миң тонна унга иштетип чыгып, ошону ар бир үй-бүлөгө бир каптан ун таратып берип жатабыз. Жазгы талаа жумушка жардам болсун деп, азыр 7 миң тонна солярканы 25 сомдон чыгара баштадык.

Бюджетти 2010-жыл менен эмес, туруктуулук болуп турган 2009-жыл менен салыштырган туура болор. Быйылкы кирешени биз 68 млрд. 400 млн. сом деп киргизип жатабыз, анын ичинен салык инспекциясынан, бажыдан 43 млрд. сом түшөт. Бул 2009-жылга салыштырмалуу 20 млрд. сом көп киреше киргенин билдирет. Бул буга чейин “сол” чөнтөккө кеткен акчалар эле. Андан тышкары чыгашаны 89 млрд. 700 млн. сомго чейин жеткирдик. Бул 2009-жылга салыштырганда 39 млрд. сомдук айырманы түзөт.

1-январдан баштап мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көбөйттүк, ал 1 млрд. 200 млн. сом акча талап кылды. 1-майдан баштап биз айлыктарын үч эсеге чейин көтөрөбүз. Буга 13 млрд. сом чыгаша кетет. Бул акчаларды кайдан алабыз? Салык инспекциясы 2009-жылы 14 млрд. сом жыйнаса, биз аларга быйыл 22 млрд. сом план койдук. Бажы кызматы 2009-жылы 14 млрд. сом жыйнаса, эми 21 млрд. сом кылып, 7 млрд. сомго көбөйттүк. Ошентип эки жерден 15 млрд. сом киреше ашык табабыз. Бюджетте киреше менен чыгашанын айырмасында дефицит 21 млрд. сомго барабар. Ал айырманы кайдан жабабыз? Өкмөт көмүскөдө иштеп жаткан арак, спирт чыгарган заводдор менен эркин келишим түзүп, эки жактан жоопкерчилик алып, алар өз эрки менен 1 млрд. сомго чейин акцизди ашык төгүп берели деп жатат. Ал көмүскөдө жаткан ишканаларды чиновниктер калкалап, эч кимге тийгиздирбей келишкен. Эми аларга заман өзгөрдү, эркин иштегиле, салык төлөгүлө деп айттык.



Мындан тышкары ар бир мамлекеттик ишканага жеке менчик компаниядагыдай тартипти киргиздик. Ошонун негизинде мамлекеттик мүлктөн 250 млн. сом киреше түшүрөбүз. Буга чейин түшкөнү 100 миллион болчу. Мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн киреше 230 млн. сом болду. Андан тышкары телекоммуникация жаатындагы компаниялар менен келишим түзүп, байланыш үчүн салыктарды киргизип, натыйжада бюджетке 200 млн. сом пайда түшүп жатат. Буга чейин Кыргызстанда мындай салык жок болчу, анткени ага бир топ чиновниктер кирип алып, эч кимге тийгиздирбей келгенин билебиз.

“Телеком” деген ири ишкана бар. Бүгүнкү күнгө чейин жылына тапкан пайдасы 41 млн. сом. Ошол эле кезде андан чакан «Мегаком» компаниясынын тапкан пайдасы 1 жарым миллиардга чейин жетет. Ошондуктан, биз “Телекомду” менчиктештирүүгө коюп, кудай кааласа 4 млрд. сомдун тегерегинде бюджетке киреше кирет деп турабыз.

Мамлекеттик чиновниктер жөнүндө элде сөз көп, биз атайын тапшырма бердик, чиновниктер санын жок дегенде 10 пайызга чейин кыскарталы деп. Мамлекеттик аппаратка кеткен транспорт чыгымдарын кыскартуудан 300 млн. сомго үнөмдөйбүз. Ушулардын эсебинен мугалимдердин айлыгы 2 миң 850 сом болсо, эми 2-3 эсе көбөйтүп, минималдуу түрдө 6300 сом алат, ал иштеген саатына жараша болуп, 8-9 миңге чейин жетет. Дарыгерлердин айлыгы азыркы 3800дөн иштегенине жараша 8600гө чейин жетет.

“Азаттык”: Кыргызстандын көмүскө экономикасы ачык иштеген экономика менен теңдеш деп айтылып келатат, ошону сыртка чыгаруунун эсебинен булактар табылган окшойт айтканыңызга караганда. Мисалы, салыкчыларга тапшырма берилди жыйымдарды көбөйткүлө дедиңиз, а салыкчылар аны кимден жыйнайт?

Бабанов: Салык жыйноо боюнча маселени бажы жана салык кызматтарынын жетекчилери менен бирге бүгүнкү күндө иштеп жаткан ишканалардын саны, көлөмү, көмүскөдөгүсүн далилдеп берип туруп, алардын макулдугу менен бул план алынды. Эң негизгиси: сол чөнтөктө төлөп жаткан көмүскө ишканаларды сыртка алып чыгат.

“Азаттык”: Бажы системасына кайрылып келели. Кыргызстан негизинен Кытайдын товарын реэкспорттоо менен көп акча табат эмеспи. Кытайдын бажы терминалындагы көрсөткүч менен Кыргызстандын бажысындагы кескин айырмачылыктар жөнүндө илгертен сөз болуп келатат ал жакта миллиард долларды көрсөтсө, Кыргызстан 200-300 миллионду көрсөтөт деп. Сандык айырмачылыктарды эмнеден экенин аныктап чыга алдыңыздарбы?

Бабанов: Эң негизги айырма, Кытайда товарларды жөнөткөндө баасы менен эсептейт, анан экспортко кетирген товарлардын НДСин кайрыйт. Ошон үчүн баасы бир топ жогору. Биз аны баасы эмес, көлөмүнө жараша растаможка кылабыз. Мына ошондо чоң айырма чыгат. Туура, бүгүнкү күндө келип жаткан товарлардын бардыгы бажы аркылуу төлөнчүсү бюджетке түшпөй жатат. Бирок биз Эркеч-Тамбы, же Торугартпы, бардык өтүп аткан чек аралаш, же темир жол менен кирген бажылар бардыгынын планын көбөйттүк. Ошол жерде иштеген жетекчилер планын аткарса иштейт, аткарбаса иштебейт. Бүгүнкү күндө пландары 8 млрд. сомго чейин, мындайча айтканда, 2009-жыл менен 2011-жылдын айырмасы 60 пайызга чейин көтөрүлдү.

Акчаны “сол” чөнтөктөрдөн таптык

“Азаттык”: 60 пайыз болгондо “сол” чөнтөккө кетип жатканды буруп жатасыздарбы, же жөн эле совет заманындагыдай сен мынча план бересиң дегендей болдубу?

Бабанов: Биринчиси ошол “сол” чөнтөккө кетип жатканы. Экинчиси, жыл сайын бизде товар жүгүртүү көлөмү өсүп жатпайбы, ошонун негизинде биз атайын эсептеп туруп көтөрүп жатабыз. Бул анык түшө турган акча болуш керектигин биз да түшүнөбүз.

“Азаттык”: Кош айдоо, буюрса бүгүн-эртең башталып калат жаз келип калбадыбы. Дыйкандар 9 пайыз кредитти аябай күтүп жатабыз деп «Азаттыкка» көп кайрылышат. Сиз 1 миллиарддын тегерегиндеги сомду айттыңыз. Ошол баарына жетеби, бул кимдерге тийип калат болду экен? Арзан кредитти былтыркы шайлоо маалында сиздин партия көтөрүп чыкты эле. Ал кезде популисттик билдирүү катары да кабыл алынган. Кайсы булактардан келет дагы, он миңдеген дыйкандар бар, ошолордун кимисине тийет?

Бабанов: Туура айтасыз, биз шайлоого чыкканда эле айтканбыз, бирөөгө бул популисттик болсо, биздин колдон келе турган нерсе деп. Кудай кааласа, ишке ашып жатат. Буга чейин өкмөт 200 млн. сом эле бөлчү. Биринчи жолу 1 млрд. сом бөлүнүүдө. Буга чейин үрөн же солярка түрүндө гана бөлүнчү. Алардын баасы урук менен солярканын баасынан 2-3 эсе кымбат болчу. Ошону өкмөттөгү чиновниктер иштетип туруп, ортодон чөнтөккө салышчу. 1 млрд. сом өкмөттүн резервинен бөлүндү. Атайын адистешкен каржылоо банкына өкмөт бөлөт, ал 2 пайыздан коммерциялык банктарга тендер аркылуу которууда. Коммерциялык банктар өз чыгашасын, пайдасын кошуп, элге 9 пайыздан бермекчи. Бул жазгы талаа жумушка, өсүмдүктөргө гана берилет, малга эмес. Себеби биз айдоо аянттарды көбөйтүшүбүз керек, буудайды көбүрөк эгишибиз керек.

Дыйкандар болсо сөзсүз коммерциялык банктарга арыз жазып, ошого жараша кыймылсыз мүлкүн, унаасын, тракторун күрөөгө коюшат, айыл банкы менен сүйлөшсөк, алар айтат 50 миң сомго чейинки кредитке малды да койсо болот дейт. Дыйкан чарбалары 100 миңдин ортосунда болсо, анда 10 миңге жакын дыйкан чарбалар алат. Анын тегерегинде 5 адам иштесе, 50 миң адам жеңилдетилген кредитке ээ болот. Бюджет жакында кабыл алынат деп ишеним бар. Ага чейин мыйзам аркылуу 160 млн. сомдун тегерегинде бүгүн-эртең бере баштайбыз. Бул ишке “Айыл банк”, РСК, «Азия» банкы жооптуу болот, мындан тышкары маалымат каражаттары аркылуу элге шарттарын айтып беребиз.



“Азаттык”: Экономикалык тескөө министри Учкун Ташпаев англисче интервью бериптир, анда транзиттик жүк тарткан автомашиналар Кыргызстандын аймактары аркылуу ары-бери каттап жатканы, алар Кыргызстандын мыйзамдарына, же болбосо эл аралык укук нормаларын сактасын дегендей өтүнүчтөр айтылган экен...

Бабанов: Кытайдын Өзбекстанга, Тажикстанга өткөн транзиттик жүктөр бар. Алар биздин жолдор аркылуу өтүүгө аргасыз. Транзиттик унаалардын саны көбөйүп, анын айынан биздин жолдор кыйроого учуроодо, биз болсо жыл сайын миллиондогон акча салып, жолдорду оңдойбуз. Бул жагдайды биз азыр изилдеп жатабыз. Менимче, бизге пайдалуу чечимге келебиз.

Коалициянын боосу бек

“Азаттык”: Парламенттик коалицияны түзүүчү катары «Республика» партиясына чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Жергиликтүү ЖМКларда коалициянын ичара ынтымагы жок экен, кадр, орун бөлүшө албай, андан сырткары криминалга каршы күрөштө дагы пикирлери ар башка экен, жазында чачырайт экен, же болсо президенттик шайлоо алдында ыдырап кетет деген сөздөр бар. Ушуга комментарий берип койсоңуз?

Бабанов: Биздин өнүгүүгө тоскоол болгон маселе - бул көрө албастык. Бүгүнкү күндө саясий аренада көп дегенде 200 адам турат. Ошолордун баарынын башы биригип, кандай иш жасасак элге тез жардам бере алабыз деп айтсак, туура болмок. Биз кол койгондон баштап эле сындай башташкан коалициянын өмүрү кыска деп. Коалициянын өмүрү, кудай буюрса, узак болот, туура, ар кандай көз караштар бар, бирок принципиалдуу маселе боюнча биздин көз караш бир. Ошонун ичинде өзгөчө криминал менен күрөшүүдө. Криминалдарды жок кылмайын эч качан өнүгө албайбыз. Ал жагын сөз түрүндө эмес, иш түрүндө укук коргоо органдары көрсөтүп жатат. Биздин ишибиз ачык, эч ким эч нерсени талашкан жок, биздин өкмөт коррупцияга малынды деп эч ким айта албайт. Бабанов же Атамбаев бирөөдөн бир нерсе алды деген бүгүн бир дагы маалымат жок.



“Азаттык”: Өткөн жыйындарда сиз маалымат каржаттарына карата өз көз карашыңызды айта кеттиңиз. Азыркы маалымат каражаттары акты кара деп, обу жок сындап, көбүнчөсү акча табуу аракетин кылат, булардын мыйзамдуу жолун табыш керек дегендей. Мен сөзүңүздү болгондой айткан жокмун, бирок ушундай мааниде айтылды. Азыр аны ар кандай жоруп жатышат, Бабанов маалымат каражаттарынын оозун жапканы жатат, сөз эркиндигин чектегиси келип жатат деп. Чын эле ушундай тапшырма берилдиби, же сиз маалымат каражаттарын жоопкерчиликке чакырып атасызбы?

Бабанов: Цензура дегенден мен алысмын. Айтканым: журналисттин моралдык жоопкерчилиги керек, анткени ал адам жөнүндө жазып жаткандан кийин жок дегенде аты-жөнүн ачык жазыш керек. Бүгүнкү күндө маалымат каражаттары, журналисттер коомго кандай таасир тийгизээрин түшүнүш керек. МКларда өзгөчө мага каршы кара пиар жүрүп жатат. Себебин карасаңыз, биринчи жолу өкмөт жана мамлекет жеке ишканаларда өзүнүн катышуучусу болсо, өз кызыкчылыгын коргой баштады.

“Кумтөр” алтынын да коргой албай койбодукпу. Биз ал жерде эң чоң акционербиз. Мен жакында сурасам, директорлор кеңешинде катышкан адамдардын колунда уюштуруу келишими да жок экен, кантип алар биздин кызыкчылыкты коргойт? Мындан тышкары «Мегаком» компаниясынын 49 пайызы өкмөткө карайт. Бир тобу Бабанов рейдерлик кылып жатат деп айтышты. Аны биз элге кайырдык, атайын мамлекеттик башкаруучуну алып бардык. Мен тилейт элем, ар бир өкмөт адамы ушундай рейдерлик кылсын, өз үй-бүлөсү эмес, мамлекетке кайырсын.

Бюджеттик комитет карап, «Мегакомго» дивиденд катары 700 млн. сом бюджетке киреше берсин деп чечим кабыл алууда, анын эмнеси жаман? Компаниядан бир топ журналисттер, бир топ текшерүү органдарда иштеген адамдар оокат кылган. Ошону биз бууп койгондон кийин бир тобу ошол журналисттерге тыйын төлөп туруп, шыбап жатышат.

Кара пиардын авторлору ким?

“Азаттык”: Эми бул кара пиарбы - билбейм, бирок айрыкча Интернет сайттарда, форумдарда көп сөз жортуп жүрөт, Бабанов келгени “майлуу” жерлердин бардыгын өзүнүн балдарына алып берип жатат деп. Андан сырткары НТС жана 5-каналды дагы өзүнүн маалыматтык ресурсу катары алгысы келет, же алып алды дегендей да сөздөр бар...

Бабанов: Биринчиден, «Мегакомду» Бабанов алган жок, аны жетектеген Мырзалиев. Мырзалиев мен келгенге чейин эле Улутташтырылган мүлктү жетектеген. Ал “Делойт” аудит аттуу дүйнөлүк аудитордук үч компаниянын биринде иштеген, өтө билимдүү жигит. Бабановго эч тиешеси жок. Экинчиден, «5-канал» - улутташтырылган өкмөттүн каналы, менин эч тиешем жок. НТС каналын болсо билесиздер, менден тартып алышкан, биз сот аркылуу кайырдык. Бүгүнкү күндө мага тиешелүү эмес, жетекчиси өз билгениндей программасын алып барып атат.

“Азаттык”: Жеке турмушуңузга байланышкан суроолорубуз бар. Чоң саясатчылардын, бийликте отурган адамдардын саламаттыгы кандай болду экен деп көбү кызыгышат. Ден-соолугуңуз кандай, эмне менен машыгасыз?

Бабанов: Кудай деп сүйлөйүн. Ден-соолугум жакшы, мен 40 жаштамын, күчкө толуп турган убагым деп ойлойм. Экинчиси, өкмөттө келгени убакыт өтө аз болот экен, бирок ага карабай бир базарда бир жолу 3-4 саат ат минем, өзүмдүн аттарым бар. Андан тышкары эки жолу сөзсүз футбол ойлойм. Бул мага кубат берет. Колуман келсе жети күндө бир жолу жалгыздап талаалап басканды жакшы көрөм, ойлонуп, кандай иштер жасалып жатат, туурабы-туура эмеспи деп.

Айылдын чаңын сагындым

“Азаттык”: Кыргызстанда быйыл чоң саясий окуя - бул президенттик шайлоо. Бабанов президенттик жарышка түшөт болду бекен деген суроолор келип жатат?

Бабанов: Президенттик шайлоого "Республика" партиясынан талапкерликти көрсөтүү маселесин партиянын съездинде чечебиз. Аны убакыт көрсөтөт.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, сиз чоң мамлекеттик чиновниксиз. Азыр эмнени эңсейсиз, ар бир адамдын көкүрөгүн көктөгөн ой болот да?

Бабанов: 1-2 күн убактым болсо, эңсеп жүргөнүм: төрөлгөн айылыма барып, чаңын, абасын жутуп, үйдөгү төшөккө ээн-эркин жатып, атам менен атамдын жайына барып, оюм менен сүйлөшсөм, айылдагы туугандарым менен жытташып, Чолпонбай айылыма, Талас жериме барып келсем, кичинекей арманым иш жүзүнө ашат эле деп ойлойм.

“Азаттык”: Рахмат, 1-вице-премьер, убактыңызды бөлүп «Азаттыктын» угармандарына, окурмандарына сөздөрүңүздү айтып бердиңиз. Ийгилик болсун.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG