Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Бекназаров парламентти таратууну сунуштады


Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, сот реформасын аягына чыгарууга жана кадр саясатына көңүл бурууга үндөдү.



Маекти толугу менен бул жерден угунуз:



“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдогон экенсиз. Анын мазмуну кандай?

А.Бекназаров: Кайрылуунун мааниси жана мазмуну жаңы, легитимдүү бийлик орногондон кийин жаңы мамлекет башчысы Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясатына байланыштуу. Биз ыңкылаптагы үзөңгүлөш адам катары анын кемчилигин, эл ичинде болуп жаткан сөздөрдү айтып турушубуз керек. Ошондуктан өзүмдүн атуулдук парзым деп, төрт маселени козгодум.

Биринчиси, бүгүнкү күндө Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөнгө карабай Конституциянын, мыйзамдуулуктун үстөмдүгү орнобой, партиялардын, фракциялардын келишимдеринин негизинде бардык саясат жүрүп жатат.

Мисалы, өткөн жылы Атамбаев башында турган коалициялык өкмөт түзгөндө алар өкмөттүн курамын эле бөлүп албай, акционердик коомдорго чейин бөлүшкөн эле. Бир жылдан кийин төрт фракциядан турган коалиция түзүлүп, бөлүштүрүүнү сот бийлиги, укук коргоо органдарына чейин жеткиришти. Эгер сот бийлиги жана укук коргоо органдары саясатташып, партиялардын колунда калса, анда мамлекеттин келечеги болбойт. Ошондуктан "келишимдин үстөмдүгү астында жашоону токтотуңуз, өз фракцияң парламентте отурат" деп сунуштадым.

Экинчиси, кадр маселеси. Коомчулукту байкап көрсөң алар ыңкылаптын талаптарынын бири кадрдык жаңылануу, тазалануу экенин эскертип турушат. Бүгүнкү күндө төрт фракция түзгөн коалициялык өкмөттө да, президент алып келген кадрлар да жалаң эскилер.

"Акаевдин кадрларын алып келдиң" дегенге, телекөрсөтүү аркылуу чыгып, “кадр жок болсо мен каяктан алып келем? Бөлгөндү токтотпойсуңарбы” деп жатат. Ушул сөздү 2005-жылы июнь айында Бакиев да айткан. Жыйынтыгында Акаевдин кадрлары менен кандай тагдырга туш келди? Эски кадрлар эч кандай реформа жүргүзбөйт. Кыйынчылык убактарда таштап, сатып кете берет.


Мына азыр инвестиция алып келет деп Оторбаевди коюшту. Оторбаев Акаев убагында да инвестиция алып келген. Кимге алып келген? Акаевге алып келген. Бүгүн кимге алып келет? Ушундай принцип менен коюлган кадрлар Кыргызстанды көтөрбөйт. Мына ушул маселени да көтөрдүм.



Үчүнчү маселе, коррупцияга каршы күрөш. Бүгүн Конституциялык деңгээлде коррупцияга каршы Башкы прокуратура күрөшүш керек. Анткени кызматтык кылмыштарга каршы күрөш Конституциялык деңгээлде Башкы прокуратурага бекитилген. Башкы прокурордун айрым иштерин көрүп, төбө чачың тик турат. Мисалы, ал сотторго тизмелерди берип, "бул адам Атамбаевдин көзөмөлүндө, бул адамдардын иши Атамбаевдин көзөмөлүндө" деп жүрөт экен. Ушул Башкы прокуратуранын ишиби? Мыйзам боюнча күнөөсү далилденсе жоопко тартылыш керек. Президенттин көзөмөлүндө турат деген саясатты жүргүзбөш керек. Ушундай саясатты жүргүзүп келген прокурорлор оппозицияны куугунтуктоодон башка эч нерсеге жарабай калган.

Төртүнчүсү, сот реформасы. Ыңкылаптан бери сот реформасы жүрбөй турат. Эмне үчүн жылбай турганы узун сабак сөз. Муну негизинен Жогорку Кеңеш жүргүзүш керек эле. Мына апрелде эки жыл болот сот реформасынын башы ачылбагандыктан, аябай башаламандыкка дуушар болуп калды. Бүгүн сот бийлигиндеги ар бир кадрды, ар бир судьяны төрт партия бөлүп алабыз деген кырдаалга келип турабыз.

Президенттин көзөмөлүндө турат деген саясатты жүргүзбөш керек. Ушундай саясатты жүргүзүп келген прокурорлор оппозицияны куугунтуктоодон башка эч нерсеге жарабай калган...
Эң соңунда президентке мына ушундай иштерди жүргүзүүгө азыркы Жогорку Кеңеш жол бербейт деген сунуш киргиздим. Булар бийликти жана байлыкты бөлгөндү үйрөнүп алышты, ошону менен отура берет. Ошондуктан азыркы Жогорку Кеңешти таратып, 2013-жылдын февралына чейин жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштадым.

Себеби легитимдүү бийлик жаңы эле куралды. Мына ошолорго бир аз болсо да мүмкүнчүлүк бериш керек. Эгерде алар кыйшайып, туура эмес жолго кете баштаса, анда мен Алмазбек Атамбаевге ачык жазгандай айтып, көзүнө көрсөтүп турушубуз керек. Болбосо Кыргызстан калкы аларга мурдагыдай өз билемдик менен башкарууга жол бербейт.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG