Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Чакан өкмөт түзүү кыялы кыр ашабы?


"Жаңы багыт" программасында жаңы өкмөттүн курамын реформатор, жаңы көз караштагы адамдардан түзүү каралган.
"Жаңы багыт" программасында жаңы өкмөттүн курамын реформатор, жаңы көз караштагы адамдардан түзүү каралган.

Келечектеги өкмөттүн 100 күнү жана "Жаңы багыт" программасы коомчулукка сунушталды.

Анда мамлекеттик кызматкерлердин санын 50 пайызга кыскартуу каралган.


"Жаңы багыт" чыгашаны 50 пайызга кыскартууну көздөйт


"Жаңы багыт" программасы жаш экономист, эксперттер менен биргеликте иштелип чыккан. Анда негизинен алты-жети багыт көрсөтүлгөн. Алар: эффективдүү бийлик, демократия, коррупция, дебюрократизация, реформа, жаңы маданий саясат.

Программанын негизги авторлорунун бири, Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстанга чакан, кичинекей жана мобилдүү, профессионалдуу өкмөт керек деп эсептейт. Ошого ылайык, азыркы өкмөт жана өкмөткө кеткен чыгаша 50% кыскарат. Маалыматка ылайык, быйыл мамлекеттик аппаратты камсыздоого кеткен каражат 70 млн. сомго көбөйгөн.

Ал эми команда жаңы, өзүнүн ишин мыкты билген, эл арасында кадыр-баркы бар, реформатор жана жаңы көз караштагы адамдардан түзүлөт. Мындан сырткары сот жана милицияны реформалоо, каттоо институтун жоюу өңдүү 40тан ашуун чечим иштелип чыгылат.


- Коррупция кескин түрдө азаят. Мамлекеттин бүгүнкү күндө элге көрсөтүп жаткан кызматы жакшырат. Муну убада катары алып, сөз менен эмес, бейөкмөт уюмдар жана эл аралык индекстердин негизинде өкмөткө баа бере турган механизмдер аркылуу баалай турган кылабыз.

Жээнбеков коррупцияны жарандык коомдун жардамы жана көзөмөлү аркылуу кыскартууну көздөөдө. Сөз эркиндигин камсыз кылуу да негизги багыттардын катарына кирет. Эгер бир жылдын ичинде берилген убадалар аткарылбаса жаңы өкмөт кызматтан кетиши керек болот.


Кагазда калган кезектеги программа болуп калбайбы?


Деген менен айрым эксперттер мындай программалар Кыргызстанда далай эле жазылганын, бирок аны ишке ашыруу мезханизмдери так көрсөтүлбөй жатканын сындашууда. Ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү салыштырмалуу активдешип турган шартта коррупция менен күрөшүүнүн башка жолдорун да кароо сунушталууда.

“Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева коррупция менен күрөшүүнүн конкреттүү жолдорун ушул кезге чейин көрө электигин айтат:


- Коррупция менен күрөшүү керектигин баары белгилешет. Бирок азырга чейин анын механизмдерин, конкреттүү кадамдарын эч ким жарыя кыла элек. Мына ушул негизи маселе болууда. Менимче, коррупция менен күрөшүүнү мамлекеттик кызматкерлерден башташ керек. Анктени биз мамкызматкерлерди казино, барлардан көп эле көрөбүз.

"Жаңы багыт" бир жылдык антикризистик программаны жана узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын камтыйт. Экономиканы өнүктүүрү үчүн жаңы министрликтер түзүлөт.

- Төрт-беш багыттуу мамлекеттик комитеттер болот. Бүгүнкү көп министрликтер департамент, же министрлик катарында кирет. Мисалы Энергетика министрлги, Туризм министрлиги Мамлекеттик инвестиция тартуу комитетинин алдында болот. Ал эми күч блогу, Икчи иштер министрлиги бир министрлик болот. Анын алдына миграция, каржы, жол полиция департаменти кирет. Мындай жагдайда министрликтер кыскарат, бирок сапатын жогорулатабыз.

Ушундай сунуш киргизген Равшан Жээнбеков премьер-министрлик кызматка талапкерлигин коёрун, бул ишке ашпай калган шартта жаңы өкмөткө программа сунушталарын расмий жарыялады.

Буга чейин өлкөнү 2012-2014-жылдарда өнүктүрүү боюнча өкмөттүн программасы сунушталган. Бул Өмүрбек Бабанов өкмөттүн милдетин аткарып турган убакта парламентке сунушталган болчу. Ага ылайык, алдыдагы 3 жыл аралыгында 8 млрд. 300 млн. долларга бааланган 40 улуттук долбоорду турмушка ашыруу, мына ошол аркылуу экономиканын өсүшүн жыл сайын 8% жеткирүү каралган.

40 долбоордун негизгилери катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, Датка-Ходжент, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линияларын тартуу, Камбар-Ата-1 жана жогорку Нарында 4 ГЭСти куруу, алтын кендерин иштетүү, айыл-суу чарбасында 400 млн. долларга жакын долбоорлорду аткаруу каралган.

Бул коомчулукта талкууну жаратып, программада негизги каражаттардын булагы көрсөтүлбөгөнү сынга алынган. Серепчи, эксперттер өлкөнү өнүктүрүү боюнча программалардын көбү сөз жүзүндө калып жатканын белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG