Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Кумтөр: сунуш көп, чечим жок


Кумтөр Кыргызстандын күн тартибинде орчундуу маселе бойдон калууда. Аны чечүү боюнча Темир Сариев башында турган комиссия өз корутундусун сунуштады.

Андан сырткары Азимбек Бекназаров жана Өмүрбек Текебаев келишимди денонсациялоо боюнча өз-өзүнчө мыйзам долбоорлорун сунуштап жатат. Бул үч сунуш эмнеси менен айырмаланат?

Өкмөт “Центерра голд инк” менен сүйлөшүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган топту түздү. Экинчи тараптан сүйлөшүү үчүн “Центерранын” президенти Ян Аткинсон ушул аптада Бишкекке келиш керек. Маалыматка караганда, кыргыз тарап Темир Сариев башында турган комиссиянын корутундусунун негизинде сүйлөшүү жүргүзөт.

Комиссия кандай талаптар койгонун юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” дагы бир жолу билдирди:

- Макулдашууну жокко чыгарабыз. Берилген жеңилдиктер да жокко чыгарылат. Биздин мыйзамдар менен иштеш керек. Мыйзамдар менен иштей баштаса салыкты, экология үчүн төлөмдү көп төлөйт жана мурунку кетирилген кемчиликтер үчүн түздөн-түз жооп берет.

Шыкмаматовдун айтымында, кыргыз өкмөтү мына ушундай шартта сүйлөшүүнү жактап жатат.

Кенден иштелип чыккан топурак мөнгүгө аралашып жатат
Кенден иштелип чыккан топурак мөнгүгө аралашып жатат
Ал эми Өмүрбек Текебаев тарабынан даярдалып жаткан мыйзам долбоору өкмөттүк комиссияга караганда радикалдуу чечимдерди сунуштап жатат. Ал чечимдер тууралуу Өмүрбек Текебаев:

- 2009-жылдагы келишимди денонсация кылып, жокко чыгарабыз. 2003-жылы Танаев түзгөн мыйзамсыз келишимден да бир тараптуу чыгууну өкмөткө сунуштайбыз. Мына ошондо эң алгачкы убакытка келет. Ошону менен өзүбүздүн 66% кайтарып алышыбыз керек. Мына ушундай сунушту киргизип жатабыз.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, мына ушундай чечим кабыл алынгандан кийин Кыргызстан “Центерранын” эмес, “Центерра” Кыргызстандын "артынан чуркап калат".

Кумтөр боюнча маселени радикалдуу түрдө чечүүнүн дагы бир жолун Азимбек Бекназаров сунуштаган. Ал 10 миң шайлоочунун колун топтоп, тийиштүү мыйзам долбоорун даярдаган. Бирок ал долбоор Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй турат. Долбоордун мазмуну тууралуу Бекназаров буларды айтты:

- Биз 2009-жылкы келишимди эле жокко чыгарууну сунуштадык. Анткени 2009-жылкы келишимде 2007-жылдагы, 1992-жылдагы келишимдер күчүн жоготту деп табылсын делген. Демек буга чейинки келишимдер дароо күчүн жоготот.

Бекназаровдун айтымында, 2003-жылдагы келишимди түзгөн Николай Танаевге каршы кылмыш иши козголгон. Ал соттолууга тийиш. Танаев эле эмес, бул келишимге тиешеси бар башка чиновниктер да соттолуш керек. Мына ошондо гана эл аралык соттордон коркпосо болот. "Анткени коррупциялык келишимдерди эл аралык соттор карабайт" дейт Бекназаров.

Кумтөр маселесин чечүүнүн эң эле радикалдуу жолун “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Садыр Жапаров башында турган комиссия сунуштаган. Алар кенди токтоосуз мамлекетке кайтаруу талабын коюшкан.

Мына ошентип Кумтөрдүн тагдырын чечүү боюнча бир нече варианттар сунушталууда. Өкмөт алардын ичинен жумшагыраагын алып жатат. Бул вариант боюнча акциялардын көлөмү мурунку абалда эле кала берет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG