Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Дүйшөн Чотонов эки өлкөнүн алака-катышы, бул өлкөдөгү кыргыз мигранттарынын, бактысын издеп барган кыргыз кыздарынын абалы тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Дүйшөн мырза, Түштүк Кореяга элчи болуп барганыңызга 7 айдын жүзү болуп калыптыр, ушул аралыкта бул өлкөдөн эмне таптыңыз, элчиликтин ичинде кандай өзгөрүүлөр болду, дегеле эки өлкөнүн алакасын жандандырууда кандай иштер жасалып жатат?

Чотонов: Биз Корея менен дипломаттык мамиле түзгөнүбүзгө 20 жылдын жүзү болуп атат. Бирок активдүү, динамикалык иш жүргөнүнө төрт жыл болду. Алгач консулдук ачылып, кийинчерээк элчиликке айланды. Ошол төрт жылдын ортосунда, 2010-жылы бир жылга жакын элчи жок болуп, иш бир аз солгундап да кетти.

Азыр эми саясий-экономикалык багытта, мигранттар боюнча иштерди жандандырып, Кореянын өкмөтү менен биргеликте пландуу иштер болуп атат. Кореянын Кыргызстандагы элчилиги менен бирге азыр абдан активдүү иш жүргүзөлү деп атабыз.

Биздин Кореядагы элчилигибиз саясий маселелерден тышкары, ошол жерде иштеп аткан мигранттарыбызга кам көрүүнү, экономикалык саясатты жүргүзүүнү жана инвестиция тартууну негизги багыт деп эсептеп, ошол багыттагы иштерди алдыга жылдырууну планга киргиздик.

“Азаттык”: Ошондо кайсы багытка көбүрөөк басым жасалып атат?
Корейлердин тикмечилери дүйнөлүк деңгээлге чыкты. Жаңы модалардын атасы болуп атат. Ошолордун бир бөлүгүн Кыргызстанга бурсакпы деген ой болуп атат. Аны менен кошо бизге жаңы технология, моданын улам жаңы түрүн алып келчү дизайнерлер келет...


Чотонов: Кореянын Кыргызстандагы жаңы элчиси экөөбүз экономикалык багыт боюнча көп сүйлөштүк. Ал эми саясий багытта эки тараптуу иштерибиз жүрүп атат, өнүгүп атат. Экономикалык багытта алдыга жылдыра турган потенциалдуу иштер турат. Айыл чарбасын, текстиль өнөр жайын алдыга жылдырсак деп атабыз. Себеби корейлердин экономикасы, айыл чарбасы аябай өнүккөн, кичинекей жарым аралда жашап, өзүн-өзү багат, көп нерсени экспорттойт. Мунайзатын кайра иштетип, сатыш боюнча өзүнүн экспортунда экинчи орунда турат. Болбосо өзүнүн бир кг. мунайы жок. Айыл чарбасы боюнча: биз корейлерден биринчи - жаңы технологияларын, экинчи - теплица алып келип өндүрүш боюнча иш баштасак деп атабыз. Менимче, бул иштер жолго коюлса тез эле натыйжасын бере баштайт. Иши кылса Түштүк Кореядан үлгү алчу, үйрөнчү нерселер абдан көп.

Анан тикмечиликке келсек, Кыргызстандын тикмечилери азыр КМШнын деңгээлине жакшы эле чыгып калды. Ал эми корейлердин тикмечилери дүйнөлүк деңгээлге чыкты. Жаңы модалардын атасы болуп атат. Ошолордун бир бөлүгүн Кыргызстанга бурсакпы деген ой болуп атат. Аны менен кошо бизге жаңы технология, моданын улам жаңы түрүн алып келчү дизайнерлер келет. Бул деген бизге Борбордук Азияда, андан кийин КМШда биринчиликке чыгып кеткенге шарт түзөт.

“Азаттык”: Сөзүбүздү эми миграция маселеси тууралуу улантсак, Түштүк Кореяда Кыргызстандын бир канча эмгек мигранты бар экени белгилүү. Бул өлкөдө биздин канча жараныбыз жүргөнү тууралуу так маалымат барбы?

Чотонов: Азыр бул өлкөдө Кыргызстандын 5 миңге жакын жараны бар. Кыргыздарга биринчи жолу Түштүк Кореяны ачып, он жылдап жүргөн ишкерлерибиз бар, мыйзамсыз жүргөн жарандарыбыз да бар. 2008-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда Түштүк Корея менен келишим түзгөн экен. Ошондон баштап расмий негизде эмгек мигранты болуп иштеп аткандар азыр бир жарым миңден ашып калды. Азыр Кореядагы кыргыздардын ассоциациясын түздүк. Мен элчи болуп барганга чейин эле ар бир шаарларда өздөрүнчө биригишип түзүп алышкан экен, азыр алардын башын кошуп, башка улуттар менен аралашып жашоо, жергиликтүү эл менен мамиле түзүү, алардын мыйзамдарын, маданиятын үйрөнүү маселелеринде дагы иштерди жүргүзүп атабыз.

“Азаттык”: Кыргыз мигранттары көбүнчө кандай жумуштарда иштешет?

Чотонов: Көпчүлүгү кара жумушта. Барып эле жыргап жүрөт деген туура эмес, Түштүк Корея капиталисттик мамлекет. Системага салынган, эмгек тартиби катуу. Дүйнөлүк экономикалык кризиске дагы Корея өтө катуу капталган жок. Экономикасынын өсүшү токтобойт деген жакшы прогноздор болуп атат. Анан маянасы да биздин мигранттар көп барып жаткан башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла эле жогору. Мисалы, бизден баргандар миң доллардан эки миң долларга чейин алышат. Экинчи жагынан, тилди биздикилер тез үйрөнүп кетет экен. Корей тили да, кыргыз тили да Алтай тилдерине кирет да, сүйлөм түзүлүшү, ойлонуу окшош болот экен. Бир жылдын ичинде эле корей тилин абдан тез өздөштүрүп, корейче “түш жоруп” калган балдар-кыздарыбыз көп.

Биздин маданиятыбызда да эски окшоштуктар бар, ал жерде дагы үй-бүлө негизги ролду ойнойт. Үй-бүлөнүн ичинде мамиле абдан бекем. Эң негизгиси корей эли жакшы коом түзүп, мыйзамды сыйлаганды үйрөнүптүр. Мисалы, Орусия, же башка жактагыдай болуп, биздин мигранттарды бөлгөн, же туура эмес мамиле кылган, улутчулдук деген маселе жок. Мыйзамды бузбасаң, жакшы иштесең сага эч ким тийбейт.

“Азаттык”: Жогоруда биздин мигранттар атайын келишимдин негизинде барып, иштеп атканын айтпадыңызбы. Ошол келишимдер дагы эле уланып атабы?

Дүйшөн Чотонов: Уланып атат. Быйыл дагы корей тарап жаңы келишимге кол коёбуз деп атат. Бирок бизде министрлик (мурдагы миграция министрлиги) өзгөрүп кетип, азыр бул жака келип тактадык. Жакында келишим кайра узартылып, кол коюлат. Быйылкы жылга миң адамдын тегерегинде көбөйтүп беребиз дешти. Былтыр 200дөн ашык эле адам барган. Азыр миңге жакын адам кезекте турат. Даяр турган адамдарды жөнөтөлү деп принципиалдуу макулдугун алганбыз. Эми ошону кандай деңгээлде ишке ашыруунун үстүнөн иштеп баштайбыз.

“Азаттык”: Айтмакчы, азыр Түштүк Кореяга бактысын издеп кеткен кыргыз кыздарынын тегерегинде да көп сөздөр чыгып атат. Чын эле алданып барып, кыйын тагдырга туш болуп калган кыздар барбы?

Чотонов: Бул маселени ар тараптуу карап, мындан саясат издебеш керек. Мен элчи болуп баргандан кийин Кореянын Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтүп, Кыргызстандан канча кыз турмушка чыкканын, канчасы жашап атканын сурадым. Алардын маалыматына караганда, эки мамлекеттин ортосунда 570 түгөй баш кошуптур. Анын ичинен биздин сегиз жараныбыз үйлөнгөн, калганы биздин кыздарыбыз корей жигиттерине турмушка чыккан. Бул 2010-жылга чейин он жылдын ичинде болгон иш.
Кыздар укканына ишенип барып, элестетип алгандан таптакыр башка дүйнөгө түшүп калат. Ошентип же ары кете албай, же уялып ата-энесине келалбай, кыйналып, биздин элчиликке келип, арыз-арманын айтып ыйлаган кыздарыбыз да бар. Угуп отурсаң абдан аянычтуу тагдырлар...


Акыркы жылдары Түштүк Кореяга бактысын издеп кеткен кыздарыбыздын саны дагы көбөйгөн. 2001-жылы он эле кыз барган болсо, 2010-жылы 120 кыз турмушка чыгыптыр. 2011-жылы өзүбүздүн эсеп боюнча, 150дөн ашык кыз барган. Жалпы саны 700 чамалуу. Мен баргандан кийин ошол кыздарды колумдан келишинче чогултканга аракет кылдым. Ар кандай тагдырлар бар, ар кимисинин өзүнүн тагдыры бар. Арасында биздин жарандыктан чыгып кеткеи бар, абдан жакшы жашап жүргөнү бар, ошол эле учурда абдан аянычтуу тагдырга түшүп калгандары да бар. Ачыгын айтсам, ошол 700 кыздын баарын мен алиге таап бүтө элекмин, биздин элчиликтен кээ бирлери качышат.

Бирок бул жерде бир нерсени айтышыбыз керек, ортодо акыркы 2-3 жылдан бери ошол кыздарды Кореяга турмушка чыгаруу боюнча 20дан ашык фирмалар пайда болуп калыптыр. Ал жака барып, “биз силерге сулуу, аябай иштерман, эмне айтсаң ошонуңан чыкпаган кыздарды таап беребиз”, - деп корей жигиттерди алдап, алардан акча алып, бул жака келип алып, корей кинолору акыркы убактарда бизде да модага айланбадыбы, ошолорду көрүп жүргөн кыздардын башын айлантып, Кореяга жиберип жаткан фирмалар бар.

Анан кыздар укканына ишенип барып, элестетип алгандан таптакыр башка дүйнөгө түшүп калат. Ошентип же ары кете албай, же уялып ата-энесине келалбай, кыйналып, биздин элчиликке келип, арыз-арманын айтып ыйлаган кыздарыбыз да бар. Угуп отурсаң абдан аянычтуу тагдырлар. Мунун үстүнөн элчилик жана башка тиешелүү органдар иштеп атат азыр. Кореянын гендердик теңчилик боюнча министрлиги менен да иш жүргүзүп атабыз. Бул багытта ошол жакка турмушка чыгып, он жылдап жашап аткан, анан жаңы барган кыздарды кошуп, кыргыз кыздарыныын бирикмесин түзүп, алар менен да иш жүргүзүп атабыз. Менимче, маселе акырындап жөнгө салынып келатат.

Жакында Кыргызстандан журналисттерди алып барып, ар түркүн тагдырдагы кыргыз кыздарынын абалын, корей бүлөсүнө келин болгон кыргыз кыздарынын турмушун тарттырып, элге көрсөтөлү деп атабыз. Бирок мындан саясат жасаштын кереги жок. Муну эки өлкөнүн ортосундагы мамиле эмес, эки адамдын, кандайдыр бир фирмалардын ортосундагы мамиле катары караш керек.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG