Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Кыргызстандын мурдагы вице-премьери Жоомарт Оторбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Жоомарт Оторбаев бир кезде өкмөттө олуттуу кызматты ээлеп турду эле, дүйнөдөгү финансы кырдаалды жакшы билет деп көпчүлүк сиздин сөзүңүзгө абдан куштар болуп турат. Дүйнөлүк кризис жаңыдан дүрт алган кезде сиз, менимче, Лондондо, финансынын чордонунда отургансыз. Ошол кризистин деңгээли азыр кандай, басаңдап жатабы?

Жоомарт Оторбаев: Кризис чын эле терең болуп калды. Мурунку кризис менчик финансылык кризис болсо, азыр Европанын өлкөлөрүн алсак, мамлекеттин бюджетинде аябай чоң дефицит болуп, аппараттарын кескин кыскартууга мажбул болууда. Себеби, чыгаша көп болуп, киреше жагы азайып жатат. Буга эң чоң мисал Греция болду. Экинчи Ирландия мамлекети, ал жакка Европа Биримдиги азыр 100 млрд. доллардын тегерегинде кредит берүүдө. Эмки талапкерлер - Португалия менен Испания.

“Азаттык”: Кризис туш-туштан баскан кезде кыргыз бийликтери “биз дүйнөлүк экономика менен финансыга тутумдашкан эмеспиз, ошон үчүн кризис бизди четтеп өтөт, катуу жабыр тартпайбыз” деп айтты эле. Дүйнөлүк кризистин эпкини чын эле Кыргызстандын экономикасын четтеп өтүүдөбү?
Биздин эл Гарвард, Принстон университтеринде окубай эле өзүнүн мыкты сапатын көрсөттү.


Оторбаев: Алар бир четинен туура айтышкан. Биз дүйнөлүк финансылык борбордон алыс турабыз, экономикабыздын америкалык же европалык экономикага тиешеси жок. Биздин банкттар ипотекага көп киришпей, банктык кризис азырак болду. Бирок өзүбүздүн эң чоң рынокторубуз - бул эки мамлекет, Орусия жана Казакстан. Экспорттун көпчүлүгү ошол мамлекеттерге кетет, бир миллионго жакын биздин атуулдар иштеп жатат ал жактарда. Аларда канча көп жумуш орундар болсо, ошончо көп которууларды жасашат да Кыргызстанга.

Орусия, Казакстанда кризис терең болуп калды. Эми алардын атуулдары биздин товарларды аз алса, жумушсуздук башталса, сөзсүз бизге кесепети тиет. Мынакей, акча которууларды алсак 30-40 пайызга төмөндөдү. Ошон үчүн кирешебиз азаюуда. Бизде да курулуш жакшы башталды эле, азыр токтоп жатат. Ошон үчүн төлөм балансы начарырак, которуулар азырак болду, Кытайдан реэкспорттун көлөмү азайды. Ошон үчүн биз да кризистин анча-мынча кесепетин сездик.

Экономика үч секторго бөлүнөт, биринчи - өнөр жай, экинчи – айыл чарба, үчүнчү – кызмат көрсөтүүлөр. Чоң өлкөлөрдү, мисалы АКШны алсак, кызмат көрсөтүүлөр экономиканын 50 пайызынын тегерегинде. Эгер Эстония, Венгрия, Швейцария, Сингапур окшогон кичинекей мамлекеттерди алсак, кызмат көрсөтүүлөр дүң продукциянын 80 пайызына чыгат. Кызмат көрсөтүү - аябай чоң сектор, бул билим берүү, курулуш, маалыматтык технологиялар ж.б. Биз кичинекей мамлекетпиз, ошон үчүн бизде да кызмат көрсөтүүлөр, буюрса, 80 пайызга чейин жетиш керек. Бизде завод, фабрика курганга мүмкүнчүлүк болбойт. Себеби, ички рыногубуз абдан чакан. Чынында, дүйнө боюнча аз эле өнөр жай мамлекеттер бар, алар - Кытай, Индия, Орусия, АКШга окшогондор. Кызмат көрсөтүүлөр деген, бул - өзүнүн ою, идеясы, билими менен киреше табуу.

“Азаттык”: Сиз, кыязы, акыл эмгегинин эсебинен киреше табуу жөнүндө айтып жатат окшойсуз. Кыргызстанда бирин-серин компаниялар пайда болуптур, алардын программалары АКШ, Жапонияга чейин экспорттолот экен. Кыргызстан чын эле интеллектуалдык эмгеги менен өзүн-өзү багып кеткенге жараган өлкө болот деп ишенесизби?

Алып-сатмай – чоң илим

Оторбаев: Де-факто биз эмне мамлекет болдук 20 жылдын ичинде? Менин оюмча, биз иш жүзүндө Борбор Азияда соода борбору болдук. «Дордой» базарын кээ бирлер айтат КМШ боюнча эң чоң базар деп. Мен австралиялык бир экономист менен сүйлөшсөм, ал дүйнө боюнча «Дордойдой» базар жок деди. Дагы бир цифраларды айтайынчы, 2008-жылы Кытайдын бажы көрсөткүчү боюнча, Кытайдан Кыргызстанга алынып келинген товарлардын көлөмү 14 млр. доллар болгон экен. Бизде ички дүң продукция ошол жылы 4 млрд. доллар болгон. Карабайсыңарбы, соода көлөмү ички дүң продукциядан үч жарым эсе көп болгон. Дүйнөдө башка мындай мамлекет жок. Эмне үчүн Кыргызстандын аймагынан ушунчалык көп товар өтөт? Себеби, биздин ишкерлер Кытайдан товарларды сатып алып, биздин аймакка алып келип, андан реэкспорт жасайт Орусия, Казакстанга.
Эгер дүйнөнү алсак, өздөрүнүн билимин, мээлерин пайдаланып сонун жашап жатышат. Биз да ошол жол менен жүрөбүз.


Бирөөлөр айтат, бизде бажы режими кичине эркинирээк болуп атат, бажы төлөмдөрү ылдый деп. Бул – фактордун бир жагы. Эң чоң фактор - элибиздин соодага таланты, ишкердик сапаты. Кээ бири айтат, алып-сатуу жеңил иш деп. Жок, бул дүйнөдө эң чоң маселе. Мына маркетинг, менеджмент деп айтып жатабыз да, Англияда, Америкада эң чоң Гарвард, Принстон университтеринде кантип арзаныраак сатып алыш керек, кантип кымбатыраак сатыш керек деген эле маселени окутат. Биздин эл 20 жыл ичинде ошол университеттерди бүтпөй эле өзүнүн мыкты сапатын көрсөттү. Сатып алганды, сатканды билгендер улуттун келечеги болот.

“Азаттык”: «Дордой» чынында эле дүйнөдө Кыргызстандын жүзү - брэнди болуп калды окшойт. Бирок быйылкы апрелден кийин «Дордойдон» кетип аткан товарлардын көлөмү кыйла азайды, анткени коңшу өлкөлөр чек араларын жаап койду, ушул күнгө чейин кытай товарлары өтпөй турат деп айтылат. Бул Кыргызстанга экономикалык санкция эмеспи, же чын эле өздөрүнүн коопсуздугунан ушундай жасап жатышабы?

Оторбаев: Санкция да болду, апрель, май, июнда чек ара чындап эле жабык болчу. Бирок азыркы убакта эч кандай блокада жок. Өткөн жумада Казакстандын финансы министрлиги үч ай ичинде Кыргызстандан Казакстанга келген товарлардын көлөмү 40 пайызга көбөйгөнүн билдирди. Бул көмүскө методдор бүтүп атат, расмий метод менен экспорт башталганын айгинелейт. Демек, биздин ишкерлер расмий метод менен соода кылганга үйрөнүп жатышат. Казакстандын бюджетине эле эмес, биздин бюджетибизге да киреше көбөйөт.

“Азаттык”: Кыргызстандыктар ыйлап жүрөт кудай бизге газ, мунайзат бербей койгон экен деп. Газы, мунай заты бар өлкөлөр экономикалык жактан батырак чыйралып кетет экен, бюджети батыраак кирешеге байып жатпайбы. Кээ бири айтат, жокчулук кайра кыргызстандыктарды башка жагынан өнүктүрөт деп. Сиз ушул пикирге кошулат белеңиз?

Оторбаев: Мен ага жүз пайыз макулмун. Орусча айтышат го “нефтяное проклятие” деп. Нефть, газы бар мамлекеттерден сонун деп кайсынысын айтабыз? Сауд Аравиядан же Кувейттен мисал алабызбы? Орусияда чоң проблемалар болуп атат, калкынын көпчүлүгү иштебейт, стимул жок, бирок баары бир пенсия, пособие төлөш керек. Эгер дүйнөнү алсак, тетирисинче ресурсу жок мамлекеттер азыр сонун жашап жатышат. Ошол эле Жапония, Сингапур, Гонконг, Швейцария, Эстониядан көрсөк болот. Себеби, өздөрүнүн билимин, мээлерин пайдаланып келатышат. Биз да ошол жол менен жүрөбүз. Биз биринчи натыйжаны көрө баштадык. Кыргызстан чоң жана бай мамлекеттердин ортосунда, Кытай, Орусия, Казакстан бар. Ошолордун арасында биз кедей мамлекет болбойбуз, дүйнөдө андай мисал жок.

“Азаттык”: Азыр Кыргызстан Бажы союзуна кириш керекпи, кирбеш керекпи деген талкуулар жүрүүдө. Айрымдары бул Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгына туура келбейт десе, кээ бири кириш керек деп жатат. Сиздин оюңузча, Бажы союзу -саясатпы, же экономикалык муктаждыкпы?
Бизде байлар бар, кедейлер көп. Ошон үчүн биз орто катмарды түзүшүбүз керек.


Оторбаев: Биздин экспорт кайсы мамлекетке барат? - Орусия, Казакстанга, булар биздин экспорттун эң чоң рыноктору. Ошон үчүн биз алар менен дайыма бирбиз, бир союзда болушубуз керек. Дагы бир миллионго жакын кыргызстандыктар Орусия, Казакстанда иштеп атат. Демек, бизде башка вариат жок. Бажы союзуна киришибиз керек. Буюрса, эмдиги жылы Орусия, Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирет. Ошого жараша алар өз мыйзамдарын ДСУнун нормалары менен шайкеш келтирүүдө. Биз болсо ДСУга мүчөбүз. Ошон үчүн баарынын мыйзам базасы бирдей болуп калат.

“Азаттык”: Кыргызстанга океандын ары жагынан АКШ, бул жагынан салттуу шериктери Орусия, Казакстан, ар жактан Евробиримдик дайыма жардам бергиси келип, кызматташкысы келип атпайбы. Кээ бири Кыргызстандын таза суусу келаткан 20-30 жылда алтындан да кымбат болуп калат, энергетиканын түгөнгүс булагы катары сууга көз артып жатышат деп айтып калышат. Чын эле ошондойбу?

Оторбаев: Жок, эч ким бизге өтө көңүл бурбайт. Алар Африкада да, Азияда да, бардык жерде иштейт. Биз начар мамлекет болсок, бизге эч ким жардам бербейт. Эгер биз демократиялык нормаларды киргизип, коррупциядан алыс болсок, мамлекеттик органдарда профессионал адистер иштесе, эгер жогорку окуу жайларга, мектептерге тартип киргизсек, анда сөзсүз башка мамлекеттер менен цивилизациялык норма менен иштегенге мүмкүнчүлүк көбүрөк болот. Бирок бизге эч ким эч качан бекер жардам бербейт.

Карыздан такыр качпаш керек

“Азаттык”: Карыз алгандан такыр коркпош керек деп айтып келатасыз. Андан кутулуунун жолун мен билем дегенсиз. Эгер сыр болбосо кутулуунун жолун ачык айта аласызбы?

Оторбаев: Азыр Кыргызстан боюнча бир адамга ички дүң продукция 900-950 доллардын тегерегинде. КМШ боюнча эки эле кедей мамлекет калды - Тажикстан жана Кыргызстан. Бирок, дал ошол статус бизге бир мүмкүнчүлүктү түзүп жатат. Мисалы, аябай арзан кредиттерди алсак болот 0,1 пайыз менен. Мисалы, бизге окшогон Грузия, Молдова, Армения азыр кредиттерди жылына 4-5 пайызга алып атат. Себеби, алардын ички дүң продукциясы ар бир кишиге 2 миң доллардын тегерегинде. Биз 2-3 жылдын ичинде жанагы кедей деген статусту жоготобуз. Ошон үчүн азыр ошол статусту пайдаланып, арзан ресурстарды өзүбүзгө тартсак болот, 2-3 эле жыл калды, анан кийин болбойт мен дайыма айтып келатам.

2-3 жылдын ичинде биз арзан каражат алып, инфраструктурага аябай чоң инвестицияны жасашыбыз керек, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдошубуз керек, энергетикалык инфраструктураны башкача жасашыбыз керек. Мына мамлекеттик бюджет 1 млрд. доллардын тегерегинде. Менин оюмча, эгер жакшы иштесек 2-3 жылдын ичинде 1 млрд. доллар жылына ала алабыз. Алчу кредиттер 7-10 пайыздын тегерегинде болот, калган 90 пайызын грант катары алабыз. Кредитти биз максимум 10 пайыз менен алабыз. Дээрлик бекер кредит.

Биздин карызыбыз көп, балдарыбыз төлөйт деп айтып жатышпайбы. Биздин карыздын көлөмү эгер ички дүң продукция менен салыштырсак 60 пайыз. Европалык мамлекеттерде, АКШда 100 пайыздын тегерегинде, Италияда 120 пайыз болуп жатат. Дагы бир нерсени айтайын, ички дүң продукция бизде 14 млрд. доллар, бул расмий цифра. Көмүскө экономиканы алсак, 2-3 эсе көбүрөк болот. Эгер карызды реалдуу дүң продукцияга салыштырсак, 20-30 пайыздын тегерегинде. Америка, Европа коркпосо, биз эмнеге коркобуз?

“Азаттык”: Бирок, алардын экономикасы күчтүү да?

Оторбаев: Жок, алардын ички дүң продукциясы көп, бирок карызы да көп.

“Азаттык”: Июндагы каргашадан кийин экономика аябай бүлгүнгө учурады, парламенттин куралбай жатышынан, легитимдүү өкмөттүн жоктугунан улам жаңы жылдан кийин дефолт болот деген үндөр угулуп жатпайбы. Анда бюджеттин кыйрашынан коркпой койсок болот экен да?

Оторбаев: Чынын айтканда, июлда өткөн донорлордун конференциясы жакшы эле болду биз үчүн. 250 млн. доллардын тегерегинде бюджетти колдогонго тыйын беришти. Ошон үчүн бюджетибиздин абалы көп жаман эмес. Буюрса, кудай берди го, Кумтөрдөн жакшы натыйжа болду быйыл.

“Азаттык”: Бул алтындын кымбатташынан улам болуп жатса керек да?
10-октябрга чейин биз билген жокпуз, канча пайыз эл сатылат, канча пайыз административдик ресурска алданат, канча пайыз улутчулдук ойлорго берилет, канча пайыз улуттук азчылыкка берилет деп.


Оторбаев: Ошондон да, анан 20 тоннага жакын алтын өндүрүп, пайдасын алдык. Анан Орусиядан Өнүгүү фондуна алган каражаттарды пайдаландык. Ошон үчүн аябай кыйын жыл болсо да, бюджетибиздин саламаттыгы көп жаман эмес. Бирок эмдиги жылы 300 млн. доллардын тегерегинде бюджеттин дефицити болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн биз кайра эле Дүйнөлүк банктан, Эл аралык валюта фондунан колдоо алышыбыз керек. Бирок, азыр эң чоң маселе - бул инвестициялык климат. Өзүбүздүн ишкерлер жандансын, мына чек ара ачылып жатат, тышкы инвесторлор келсе, коопсуздук, стабилдүүлүк болсо, анда, менин оюмча, биз бат эле оңолобуз.

“Азаттык”: Андай болсо бюджет дефицити 30 млрд. долларга чаап чыкты, мугалимдерге, дарыгерлерге айлык төлөй албай калабыз деген кайдан чыгып жаткан сөздөр?

Оторбаев: Бул негизи туура айтылган сөздөр. Бирок резервдерибиз бар. Биздин өкмөт баягы эле эл аралык институттар менен иштеп жатат, кредиттерди алуудабыз. Ошон үчүн коркпой эле коюш керек. Бирок батырак легитимдүү өкмөт ишин баштаса, ошондо стабилдүү абалга барабыз го.

“Азаттык”: Банк-кредиттик система кайсы гана өлкөнү болбосун батырак чыйралтат тура. Бул жагынан алганда Кыргызстанда кредиттер өтө эле кымбат берилет, 25-30 пайыздын чегинде. Банк атаандаштыгын кантип түзүү мүмкүн?

Оторбаев: Чынын айтканда, мамлекетибизде кредиттик ресурстар өтө эле аз. Мына банк системасын алсак, маргиналдуу десек болот. Себеби, банктар аябай кичинекей, эч нерсеге жетпейт. Казактардын 6-7 банкы бар, бирок алардын баары иштебей жатат, себеби коркушат. Дүйнө боюнча кредиттик ресурс азайды, бирок бизде андан да аз. Ошондуктан, келе турган өкмөттүн баш максаты - банк системаны жакшылап куруш керек, чоңураак банктарды ачып, Кыргызстанга көбүрөк каражат тартып, кредиттик ресурстарды он эсе көбөйтүш керек. Кредиттик ресурс аз болсо, анда проценттик ставкалар өсөт, бул рыноктун мыйзамы да. Эгер банктар бири-бири менен атаандашса, анын кредиттик ставкалары акырындан азаят.

“Азаттык”: Кредит демекчи, «Республика» партиясы шайлоо алдында өз программасында 7 пайыздык кредит беребиз дегендей ураанды көтөрүп чыкты. Бул канчалык реалдуу?

Оторбаев: Дүйнө боюнча 7 пайыздык кредит деген жок, бизде да болбойт. Муну жакшылап түшүнүшүбүз керек.

“Азаттык”: Эми кымбатчылык жөнүндө сүйлөшсөк. Кымбатчылык элди кыйноодо, эт, азык-түлүк кымбаттады дейбиз. Экономисттер бүт дүйнөнү кымбатчылык басты деп айтышат. Кээ бирлери кымбатчылыктын экинчи жагын да карап жатышат. Мисалы, эт кымбаттаса, мен өзүмдү мындай сооротом, демек, айылдагы атам былтыр уюн 16 миң сомго сатса, быйыл 30 миңге сатып жатат, шаардагы балдарын акча салгыла, чөп сатып алганга акча бергиле деп кыйнабайт. Кымбатчылыкка сиз кандай карайсыз?

Оторбаев: Мунун ар түрдүү аспектиси бар, инфляция процесси бар. Эгер бизде көп акча болсо, ички рынокто автоматтык түрдө ар бир азык-түлүккө баа көтөрүлөт. Инфляциянын себеби: бизде мамлекет боюнча акча көп болуп атат. Баа деген эмне? Бул суроо-талап менен сунуштун балансы. Эгер суроо-талап болбосо - баа түшөт. Бизде суроо-талап бар, элдин акчасы бар. Чынында айылдарда эл кыйналып жүрөт. Бирок биздин мигранттардан жылына 2 млрд. доллар келет. Бир миллиард банктар аркылуу, бир миллиард учак, поезд менен келет. Ошон үчүн баа көтөрүлүп атат. Эгер мигранттар болбосо, анда бизде азык-түлүк аябай арзан болмок. Себеби акча кирбей, сатып алганга эч кимдин мүмкүнчүлүгү болбосо, анда сатчу киши сөзсүз баасын азайтат. Чынын айтканда биздин мамлекетибизде акча бар. Бирок орто класс аз. Бай кишилер бар, кедей кишилер көп. Ошон үчүн биздин мамлекетибиздин эң чоң принциби бай кишилер менен кедей кишилердин айырмасын азайтуу болууга тийиш. Кыймылсыз мүлккө, унааларга, бензинге салык киргизиш керек. Андан түшкөн каражаттан пенсионерлерге, мугалимдерге, дарыгерлерге айлык кошуш керек. Ошондо адилеттүү коом түзө алабыз.

“Азаттык”: «Викиликс» деген сайт азыр дүйнөнү дүңгүрөтүүдө, дүйнөнү кармап турган өлкөлөрдөн бери дүрбөлөңгө салды окшойт. Анын ичинде Кыргызстан да “Манаска” байланыштуу эскерилип кетти. «Викиликс» дүйнөдө өзгөрүштөрдү алып келиши мүмкүнбү?

Оторбаев: Менин оюмча, бул аябай позитивдүү факт. Бардык жактан эле консультанттар келип окутуп жатат, ачык-айкын болуш керек, коррупциядан алыс болуш керек деп. Биз эмнени көрүп атабыз? АКШнын өкмөтү кош стандарт менен иштеп жатат. Өздөрү өздөрүнүн принциптери менен иштебейби.

Атамекенчилер жалган ойго алдырдык

“Азаттык”: Сизди биз буга чейин өкмөттүк адам, финансы, экономиканы мыкты түшүнгөн адис катары билип келдик эле. «Ата Мекен» партиясын эмнеге тандадыңыз? Сиз саясатка кайтып келейин деген үчүн керек болдубу, же «Ата Мекендин» программасы, максаты жан-дилиңизге жакын болгон үчүн келдиңизби?

Оторбаев: Мен саясатта 10 жылдан бери жүрөм. 2000-жылы «Менин өлкөм» партиясынын тизмесинде биринчи орунда болуп, ошондо парламенттен орун алдык. Ошондо мен өз ордумду Зайнидин Курмановго бергем. Быйыл да саясатка кошулдум. Биринчиден, мен «Ата Мекендин» лидерин, партияны сыйлап жүрөм. 16 жылдан бери бир линияда иштеп келатат, мурунку эки президент менен күрөштү, түрмөнү, провокацияны да көрдү. 7-апрелдеги окуяга салымы чоң болду. Ошон үчүн мен ушул партияны колдогонго макулдук бердим. Өмүрбек Текебаев мен Лондондо иштеп жүргөндө өзү чалып сунуштады. Мен кошулдум, тизмеде үчүнчү орунда болдум, Кемин району боюнча жоопкерчиликти алдым, ошол жерден биринчи орунду алдык.

“Азаттык”: Көпчүлүк «Ата Мекен» биринчи болуп келет деп күтүп аткандай болду эле. Бирок бешинчи болуп калды. Бул көп кишини таң калдырды, көп кишилерди өкүндүрдү окшойт. Көп өтпөй эле сиз депутат болбойм деп жарыяладыңыз. Азыр өкүнгөн жоксузбу? «Ата Мекендин» бешинчи болуп калышынын себептерин эмнеден көрүп атасыз?
50-100-500 жылдан кийин кыргыз эли 2010-жылды эстейт. Тарыхта 2010-жыл жакшы жыл катары калсын деп Кудайдан тилейм.


Оторбаев: Менин оюмча, биз шайлоо кампаниясына өтө эле идеалисттик позициядан келгенбиз. Биз, мисалы, эч кимге акча төлөбөй, агитаторлорго айлык төлөбөй, бизди бардык эл билет, автоматикалык метод менен бизге добуш берет деген иллюзия менен бардык шайлоого. Ошол иллюзиядан алыс болуш керек болчу. Чын эле ачык, жакшы менеджмент, кампанияны өткөрсөк жакшы болмок. Бирок, менин оюмча, коомубуздун деңгээлин да көрдүк. 10-октябрга чейин биз билген жокпуз, канча пайыз эл сатылат, канча пайыз административдик ресурска алданат, канча пайыз улутчулдук ойлорго берилет, канча пайыз улуттук азчылыкка берилет деп. 10-октябрдан кийин биз коомубузду жакшылап билип калдык. Мурдагы шайлоолордун баары эле бурмаланган. Эч ким билбейт канча реалдуу пайыз болгонун. Кайсы мамлекетте жашап атканыбызды, элибиздин деңгээли кандай экенин азыр жакшы түшүнүп атабыз,. Ошон үчүн эмки шайлоого жакшылап даярданышыбыз керек. Өзүм эмне үчүн парламентке кирген жокмун? Менин оюмча, тажрыйбам, билимим башка жерде. Парламентте отурсам, эффективдүү иштей албайм. Мен дайыма эле фракциялардын жыйындарына барып катышып жүрөм, кеңеш берем.

“Азаттык”: Кээ бир партиялар шайлоонун астында түзүлө калды окшойт. Ошого байланыштуу Кыргызстанга партиялык парламент анча жакпайт окшойт, баягы эле кыргыздын салттуу курултайы аркылуу элдик бийликти шайлаш керекпи деген ойлор айтылып атат. Буга кандай карайсыз?

Оторбаев: Курултай Европада жок, курултай Ооганстанда бар. Мына айтып атабыз көчмөн мамлекетпиз деп. Көчмөн монголдор сонун парламенттик демократияны түзүштү. Биз да алардан мисал алышыбыз керек. Менин оюмча, акыркы парламенттик шайлоонун натыйжасына карасак, Кыргызстанда президенттик бийлик болбосу түз эле көрүнүп атат. Мисалы, эң биринчи партия 8 пайыз алды. Эгер 29 президент чыкса шайлоого, бирөө 8 пайыз алса, кайсы президент болот? Кыргыз эли дайыма эле бөлүнүп атабыз. Ошон үчүн биз парламенттен башка система түзө албайбыз. Эгер президентти 90 пайыз менен, же 51 пайыз менен шайласак, анда башка жөн. Биздин элибиз эч качан бир адамга ишенбейт.

“Азаттык”: Кыргызстандагы парламенттик демократияга ар кандай көз караштар болуп жатат. Мисалы, Орусиянын президенти жакшылыкка алып келбейт деп айтты, ошол эле кезде Хиллари Клинтон парламенттик демократияны өнүктүрөбүз деп кетти. Ушул эки өлкөнүн идеологиялык карама-каршылыгы Кыргызстандын башына мүшкүл алып келбейби?

Оторбаев: Менин оюмча, эч кимге карабай өзүбүз мамлекетибизди түзүшүбүз керек. Өзүбүздүн ой менен, өзүбүздүн идеялар менен өсөлү. Бизге кеңеш керек. Бирок өзүбүздүн мамлекетибизди өзүбүз курушубуз керек.

Билимден өткөн байлык жок

“Азаттык”: Уруксат берсеңиз, өзүңүз жөнүндө да сурай кетели. Кыргызстандагы белгилүү адамсыз, ошон үчүн үй-бүлөңүз, жубайыңыз ким, эмне иш кылат, канча балаңыз бар, алар кайда окуйт, эмне иш кылат?

Оторбаев: Менин беш балам бар. Улуу кызым Лондондо банкта иштеп атат, биз менен жашайт, эң кичүү балам Лондондо мектепте окуйт. Экинчи уулум Алматыда иштейт, үчүнчү кызым Кытайда университетте окуп атат. Баары эле Кыргызстанда иштейбиз деп жатышат. Биздин максат - балдарга жумуш орундарын Кыргызстанда түзүшүбүз керек.

“Азаттык”: Кыргызда тектүү жердин баласы экен деген сөз бар. Атасы тектүү, билимдүү, ак сөөк киши эле деген. Британ коомунда деле жүрүм-турум эрежелерин аристократтар аныктаса керек. Ак сөөктүк жөнүндө ойлонуп көрдүңүз беле?

Оторбаев: Мен ошону көп жакшы көрбөйм. Атам да, чоң атам да билим алып, элге иш кылуу аракети менен жашашкан. Ошол максат менен мен жашап атам. Балдарыма да айтып атам, канча көп патриоттор биздин мамлекетибизде болсо, ошончо биз өнүгөбүз да, туурабы? Ошон үчүн биздин көчмөн маданиятта аристократ, хан, же башкалар жок болчу. Биз дайыма эле падышаларды демокартиялык методдор менен шайлаганбыз. Ошон үчүн биздин ар бир атуулдун бирдей эле мүмкүнчүлүгү бар. Баары эле тырышып окуп, иштеп аракет кылыш керек, көбүрөк жоопкерчилик болуш керек.

“Азаттык”: Ак сөөктүк деген бул туура сүйлөө, өзүн жакшы алып жүрүү, элге баш-көз болуу маанисинде айттым эле?

Оторбаев: Ошол жагынан мен макулмун. Чынын айтканда, кыргыз элинде ар бир киши, ар бир үй-бүлө күнү-түнү иштешибиз керек. Эч ким бизди жыргатпайт. Биз өзүбүз эле өзүбүздүн мамлекетибизди, коомубузду курушубуз керек. Канча жигит-кыздар чет мамлекетке барып окушса, ошончо биздин потенциалыбыз болот. Ата-энелерибиз акыркы сом, акыркы тыйынын балдардын билим алуусуна жумшайт, элибиздин бул сапаты аябай жакшы. Ушундай эле болсун. Азыр биз тарыхый убакытта жашап атабыз. 50-100-500 жылдан кийин кыргыз эли 2010-жылды эстеш керек. Эстейт. Бирок жакшы жагынан эстейби, же жаман жагынан эстейби, азыр аябай тагдыр чечүүчү убакыт келди биз үчүн. Ошон үчүн досторума да, өзүмө да, үй-бүлөмө да айтам, Кудайдан да тилейм, тарыхта 2010-жыл жакшы жыл катары калсын деп.

“Азаттык”: Айтканыңыз келсин. Кайсы жерде жүрсөңүз жолуңуз ачык болсун. Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG