Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Кыскартуулардан майнап чыкпай жатабы?


Жогорку Кеңештин гаражында турган машинелер
Жогорку Кеңештин гаражында турган машинелер

Парламент менен өкмөттүн структурасын кыскартып, чыгашасын азайтуу демилгеси кайрадан көтөрүлө баштады.

"Орой көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин иш башкаруучусу Алмаз Кожомкулов жана “Кыргызстан жаштар кеңеши” коомдук кыймылынын төрага орун басары Жеңишбек Молдокматов катышты.

“Азаттык”: Сүйүнбек мырза, жыл башында Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген кызматкерлер 16% жана иш башкармалыгын 38% кыскартуу сунуш болгон. Бул сунуш канчалык деңгээлде ишке ашты?

Касмамбетов: Жогорку Кеңештин аппараты мыйзам чыгаруу тармагында депутаттардын ишин камсыздап келатат. Мурда 75 депутат, андан кийин 90 депутат болгон учурлар болду. Ошондон бери иштеп келе жаткан аппарат кызматкерлеринин саны көбөйгөн жок, ошол эле деңгээлде калды. 120 депутат болгон учурда бир аз көбөйгөн болчу, бирок быйылкы кыскартуулардын негизинде Жогорку Кеңештин аппараты 142 кызматкерге кыскарды, мындан аппараттын иши бир кыйла көбөйдү.

“Азаттык”: Алмаз мырза, сиз жетектеген иш башкармалыгында бүгүнкү күнү 183 киши иштейт, гараждагы 189 жумушчуну кошпогондо. Сиздердин тармактан канча кыскаруу болду?

Кожомкулов: Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынан 75 киши, ал эми гараждан 33 кызматкер кыскарып кетти. Парламентте 75 депутат бар кезде гаражда канча автоунаа болсо, кийинки убакта деле ошончо машине болчу.

Кыскартуулардын негизинде бир эле төраганын автоунааларынан 5 машине кыскарды, тогуз болчу. Төраганын 4 кеңешчиси болуп келсе, азыр экөө калды, орун басарлардын кеңешчилери жок. Төраганын жалпы фонду 20 млн. сомго азайды. Жалпы кыскартуулардан мамлекеттик бюджеттин 39 млн. сому үнөмдөлдү.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:






“Азаттык”: “Аткаминерлердин армиясын” кыскартууну сунуштап жаткан жаштардын өкүлүнө берели. Жеңишбек мырза, сиздердин маалымат боюнча азыр 120 депутатты 913 киши тейлейт экен. Бул маалымат быйылкы кыскартуулардан кийинкиби?

Молдокматов: Ооба, бул маалыматтар кыскаруулардан кийинкиси. Реформа жасалат деп айтылганы менен тилекке каршы ал ишке ашкан жок. Карап көрсөңөр, депутаттардын айлык акысына эле бир айда 132 млн. сом кетет.

Депутаттар шайлоо алдында, шайлоо учурунда “үй, машинеден баш тартабыз” дешти эле, бүгүнкү күнү 60 депутат мамлекеттин автоунаасында жүрөт. Гараж жоюлат дешкен, ал ишке ашпады. Гаража 60 депутаттын машинасынан тышкары дагы 47 автоунаа бар, алар гүл ташыйт, депутаттардын башка иштерин уюштуруу үчүн иштейт деп айтылат.

Бардык депутаттарга күн сайын 10 литрден күйүүчү май берилерин эсептесек, бир жылда 264 тонна күйүүчү май берилет, мунун акчалай суммасы 9,9 млн. сом. Эгер ушул эле акчага 50 500 жакыр жашаган үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун алып бере алмакпыз.

“Азаттык”: Сүйүнбек мырза, аппарат кызматкерлерисиз, албетте, парламенттин иши алдыга жылбайт. Ошол аппарат кызматкерлери кандай иштеп жатат? Бүгүн деле он жыл мурдагыдай кагаздарды ары-бери ташымай менен алектенип жаткан жокпу?

Касмамбетов: Бүгүнкү күндө он мүнөттүн ичинде миң барактан турган маалымат бардык депутаттарга таратылат. Бардыгыңыздар билесиздер, Жогорку Кеңеш бүгүн толук компьютерлештирилген. Парламенттин жыйындар залында ар бир депутаттын алдында бирден монитор турат. Анын ичинде Кыргыз мамлекетинин бүт бардык мыйзамдары турат, ошол күнү каралуучу мыйзамдар, ага киргизилип жаткан өзгөртүү, толуктоолор ал дагы өзүнчө сапта турат. Ошол эле учурда өкмөттөн келип түшкөн сунуштар өзүнчө көрүнүп турат. Ошонун баары мына Жеңиш инимдей болгон балдардын, биздин аппараттын кызматкерлеринин эмгеги.

Молдокматов: Депутаттардын чыгашалары ашыкча болуп кетип атпайбы. Мына Жогорку Кеңештин мурдагы спикери машинесинин дөңгөлөгүн алмаштыруу үчүн эле 1 млн. сомдон ашуун акча коротту. Жыйырма депутат өздөрүнүн жардамчы-жөкөрлөрүн алып, Индонезияга бир жумага барып келүү үчүн 20 млн. сом коротту. Ал эми биздин туризм агенттигине 7 млн. сом бөлүп коюшту. Финляндия менен Польшада депутаттар жөө жүрөт. Элдин кызыкчылыгы үчүн иштейм деген киши эмне үчүн машине менен жүрүшү керек, ага элдин чөнтөгүнөн алынган каражатка бардык шарттар түзүлүп берилиши керек?
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG