Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Орусиянын “Интер РАО” ишканасына таянып, айрым маалымат каражаттары Борбор Азиядагы эң ири Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу үзгүлтүккө учурап калуусу мүмкүн экендигин жазып чыгышты.

Мында негизги маселе - ГЭС курулуучу жер тууралуу документация даяр эместиги айтылууда.

Борбор Азиядагы эң ири Камбар-Ата-1 ГЭСин куруучу Орусиянын “Интер РАО” ишканасы Кыргызстан ГЭСтин курулушуна байланыштуу болгон зарыл документтерди даярдап бүтө элек деп билдирүүдө. Бул тууралуу 13-февралда “Известия” басылмасы жазып чыкты. “Интер РАОнун” маалыматы боюнча Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча келишимге ылайык, курулуштун техника-экономикалык негиздемелери даярдалып жаткан учурда расмий Бишкек ГЭС курулуучу жерди берүүгө тийиш болчу.

“Интер РАО” учурда ГЭСтин техника-экономикалык негиздемелери даярдалып бүткөнүн, бирок аны жүргүзүүгө каражатты Камбар-Ата-1 ГЭСинин уставдык капиталына бере албай турганын билдирүүдө. Маалымат боюнча Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмесин, тагыраак айтканда, ГЭС курулуучу жерди мыйзамдуу түрдө курулуш ээлерине бере элек.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу тууралуу кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишими 2012-жылы түзүлгөн. Камбар-Ата-1 ГЭСи жылына 4 млрд. 400 млн. киловатт саат электр энергиясын иштеп чыгуусу пландалган. ГЭСти куруу үчүн 2 млрд. доллардан ашык каражат керек. Адистердин айтымында, Камбар-Ата долбоору өзүн 15 жылда актайт. Бул мезгил ичинде ГЭСти башкаруу орус тарапта болот. Келишимге ылайык ГЭС өзүн актагандан кийин Кыргызстан менен Орусия ГЭСке 50/50дөн ээлик кылышат.

Кыргызстан: ГЭС курулуучу жер даяр

Камбар-Ата долбоорунун алкагында Кыргызстандын Электр станциялар акционердик коомунун эксперти болгон Алексей Зыряновдун “Азаттыкка” белгилегени боюнча Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуучу жер өткөн жылы эле өкмөттүн токтому менен менчиктен чыгарылып алынган:

- Жерди менчиктен чыгарып алуу өкмөттүн токтому менен ишке ашкан. Булардын баары Камбар-Ата ГЭСтери тууралуу долбоор келишилгенден соң ишке ашырылган. Бул суроо узакка созулуусу мүмкүн эмес, анткени жер маселеси чечилген, техникалык чечимдер кабыл алынган. Азыр процесс башка стадияда жүрүп жатат. Эгер бул жасалма түрүндө создуктурулуп жаткан болсо, анда кеп башка.

Орусия Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу сунушун мурунку бийлик тушунда, тактап айтканда 2009-жылы эле берген.
Ошол тушта айрым байкоочулар Орусия Борбор Азиядагы эң негизги суу булагы болгон Нарын дарыясына ээлик кылуу менен жалпы Борбор Азия аймагында өзүнүн таасирин күчөтүүнү каалап жатат деп айтып чыгышкан. Мындай пикирлер бүгүн деле айтылып келет.

Маселе Орусиянын өзүндөбү?

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу тууралуу кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишимин ратификациялоодо каршы добуш берген Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Абдрахманов Орусия менен 50/50 үлүштүк негизде түзүлгөн биргелешкен ишканага Кыргызстан табигый ресурстарын – түгөнгүс байлык болгон Нарын дарыясы жана ГЭС курууга ыңгайлуу капчыгайларын берип салды деген жүйөөнү айтып келет.

Депутат ГЭС курулушунун айланасындагы бүгүнкү акыбал орус тараптардын жок шылтоосунун негизинде келип чыгып жатат деп эсептейт:

- Кептин баары башкада болуусу мүмкүн. Азыр Орусиянын өзүндө кризис болуп жатат. Акчаларынын баарын Олимпиадага жумшап салышты. Каржылык жактан Орусиянын бардык жагында аябай кыйынчылык болуп жатат. Ошондуктан, алар ишти баштай албай, ага жөн гана кыргыз тарапты күнөөлөп атышат.

Ошол эле учурда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун Орусия Кыргызстанды өзүнө экономикалык жактан көз каранды кылууда көзүр катары пайдаланып жатат деген пикирлер да жок эмес. Көз карандысыз Таалай аттуу экономисттин айтуусунда, Орусия Кыргызстандан эки нерсени: Бажы биримдигине эртерээк кирүүсүн жана АКШнын базасын мөөнөтүнөн калтырбай чыгаруусун күтүп турат:

- Байкап көрсөңүздөр, кыргыз-орус өкмөттөр аралык бардык келишимдер, кол коюулар иш 2014-жылдан тартып башталат деп турат. Мисалы, Орусия бизден кечип салган 500 млн. доллар карыздын да кечирилүү этабы быйыл башталышы керек. Эмнеге мындай? Анткени, алардын бир эмес, эки кызыкчылыгы турат. Биринчиси - Бажы биримдигине шарт коюуну азайтып, эртерээк кирүү, экинчиси - АКШнын аскер базасын мөөнөтүнөн калтырбай чыгаруу. Эгер Кыргызстан буларды аткарбаса, анда эки тараптуу келишимдердин аткарылышы кечеңдей берет.

Камбар-Ата ГЭСтери долбоорунун бир бөлүгү – Жогорку Нарындагы ГЭСтердин курулушу өткөн күздө башталган. Жергиликтүү бийлик бул үчүн 240 гектар сугат жана кайракы жерлерин бөлүп берген. Учурда бул жерде ГЭСтердин курулушу жүрүп жатканы айтылууда.

Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерин каржылоонун ыңгайлуу шартын иштеп чыгуу тапшырмасы өткөн жылы декабрь айында Кыргызстан менен Орусиянын Энергетика министрликтерине тапшырылган. Ага ылайык, кыргыз тарап 1-мартка чейин ГЭС курула турган жер аянттарын жергиликтүү мыйзамдарга дал келүү жагын аныктамак.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” курган маегинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу быйыл жаздан калбай башталарын билдирген.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG