Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Украина Бажы биримдигине балта чабабы?


Бажы биримдигине каршы Украинада өткөн акция. 5-апрель, 2013-жыл.

Бажы биримдигине каршы Украинада өткөн акция. 5-апрель, 2013-жыл.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирер-кирбеси март айында чечилбей калчудай. Кыргыз өкмөтү азырынча биримдикке кирүү позициясын тактап жатканын билдирүүдө.

Айрым адистер болсо Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси Украинадагы окуялардан улам кечеңдеп жатканын айтыууда.

Өткөн жылы декабрь айында Москва саммитинде Кыргызстан “Жол картасына” кол коюудан баш тартканы белгилүү. Анда кыргыз бийлиги ал карта Бишкек менен макулдашылбаганын, улуттук кызыкчылыгы сакталган шартта гана Кыргызстан Бажы биримдигине кирерин так кесе айткан. Ал маселелерди тактап, бир жаңсыл чечим кабыл алууга Кыргызстанга март айына чейин убакыт берилген болчу.

Кийинчерээк Сочи олимпиадасынын ачылышына барган учурда Орусия менен Кыргызстандын президенттери жолугушканда биримдикке кирүү жараяндарын тездетүү маселеси көтөрүлүп, Кыргызстан “Жол картасын” активдештирүүгө өткөн.

Украина, казак теңгеси...

Бирок эки президенттин бул жолугушуусунан көп өтпөй 26-февралда экономика министри Темир Сариев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан Бажы биримдигине качан кирери азырынча белгисиз деп билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт Кыргызстандын бул уюмга кирүү позициясын билдирген программа түзүп жатат. Ал кийин Орусия менен макулдашылат. Бул маалыматты 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев да “Азаттыкка” тастыктады:

- Азырынча белгисиз болуп жатат. Бир аз убакыт зарыл болууда.

Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү жараяны жайлап жатышына кайсы тарап себеп болуп жатканын ачык айткан жок.

Бул аралыкта айрым байкоочулар Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүнү кечеңдетип жатышына Украинадагы соңку окуялар себеп болуусу мүмкүн деп айтышууда. Жаш ишкерлер ассоциациясынын президенти Руслан Акматбек Украинадагы окуялар, Казакстандын улуттук валютасынын абалы Кыргызстандын Бажы биримдигине кадамын жайлатышы мүмкүн деп эсептейт:

- Анткени Бажы биримдигине кирүү деген - бир гана экономикалык интеграцияны көздөбөйт. Аны менен кошо уюмга мүчө өлкөлөр жалпы саясий бир курсту кабыл алуу керектигин, бул жерде Бажы биримдигинин демилгечиси Орусиянын саясатын колдоого жатарын Кыргызстандын жетекчилиги жакшы түшүнүп турса керек. Ошондуктан, бул чечимди кабыл алып, Бажы биримдигине киргенден кийин Орусиянын саясатына кошулуп, колдоо ар дайым эле өлкөнүн кызыкчылыгына дал келе бербей турганына да көзү жетти көрүнөт. Украинадагы соңку окуялар, Казакстандын теңгеси менен болгон окуя биздин Бажы уюму тууралуу чыгаруучу чечимдерди кечеңдетүүсү толук ыктымал.

Бажы биримдиги мигранттарга эч нерсе бербейт

Ошол эле учурда айрым маалымат каражаттарында Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе Орусия, Казакстандагы мигранттар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт, ал жакта каттоосуз бир ай жүрө алышат, мурункудай жумуш иштөө үчүн уруксат алуу түйшүгүнөн кутулушат деген маалыматтар чыга баштады.

Миграция маселелери боюнча эксперт Нурдин Тынаев бул жеңилдиктер тууралуу Бажы биримдигине кирүү боюнча беш этаптык иш-чарада белгиленгенин “Азаттыкка” билдирди:

- Кыргызстандын жарандары Бажы биримдигине мүчө өлкөлөргө барып иштөөнү кааласа, ал жерде ошол жергиликтүү эл менен катар эле келишимдик негизде гана иштей алат. Бул дагы биримдикке кирген иш-чараларда белгиленген кадамдардын бири.

Бирок ошол эле учурда Кыргызстанды Бажы биримдигине кабыл алуу документтеринде Эмгек рыногу тууралуу келишим жоктугу айтылууда. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев эмгек рыногу тууралуу Бажы биримдигинин алкагындагы Эркин экономикалык аймак тууралуу документте гана каралышы ыктымалдыгын айтты:

- Бул башка документ. Эмгек ресурстарына байланыштуу маселелер Эркин экономикалык аймактын деңгээлинде каралат. Тагыраак айтканда, Бажы биримдигинин форматында эмес, кийинки кадам болушу мүмкүн.

Коомчулукта Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү келишими жана анын шарттары ачык талкууланышы керек деген пикирлер басымдуу. Оппозиция болсо бул маселени жалпы элдик референдумга алып чыгуу сунушун койгон.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG