Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Аксакалдын кадыры кимдин колунда?


Карылардын коомдогу барк-баасы, салмагы жана жоопкерчилиги "Азаттыкта" талкууланды.

"Арай көз чарай" талкуусу карылар калыстыктан тайып, саясий куралга айланып калдыбы, журт тыңшай турган Бакай, Кошой сындуу даанышман аксакалдардын суюлушуна ким күнөөлүү: өздөрүбү, коомбу, бийликпи же жаштарбы деген сыяктуу суроолорго жооп издеди.

Ага "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев, “Кыргызстанды сактоо үчүн” оппозициячыл кыймылынын лидери, Мукар Чолпонбаев катышты.

Азаттык”: Биз аксакалдардын барк-баасын акыркы (12-13-ноябрдагы) окуялардын кырынан карап, талдайлы дедик. Албетте, жалпыга маалым, эки күн катары менен ак калпак кийген айыл аксакалдары келип, өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүштү.

Алар негизинен камактагы “Ата Журт” фракциясынан үч депутатты бошотууну бийликтен талап кылышты. Негизи ушул аксакалдардын Ак үйдү айланта жүрүш жасоо, намазга жыгылуу, азан чакыруу сыяктуу акыркы аракеттери канчалык орундуу?

Ташболот Балтабаев: Мен көптөн бери аксакалдар арасында ар кандай акцияларга катышып келаткан киши катары айтайын, бул Акаевдин убагында башталып, Бакиевдин убагында өзүнүн бир чоң бийиктикке жетип, адегенде дүжүр чалдар деген макамга ээ болушту. Андан кийин аксакал эмес акшакал деген макамга ээ болушту. Кыскасын айтканда муну кыргыз саясатындагы жаңы окуя эмес, эски окуялардын уландысы катары карасак болот.

Бул талкуу өтө маанилүү. Себеби кыргыздын миңдеген жылдык тарыхында аксакалдардын орду башка болгон. Алардын кара кылды как жарган, хан болобу, бек болобу, бетке айткан адилеттүүлүгү менен аксакал деген макамга ээ болуп келишкен. Бул маселеге олуттуу көңүл буруп, жаш болобу, кары болобу, аял-эркек болобу, бул маселеге бир олуттуу баа беришибиз керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




Мукар Чолпонбаев: Карысы бардын ырысы бар дейт, эгерде карылар калыстык жасашса аларды укканыбыз жакшы. Анан эми бийлик да карыларга эки-үч түрдүү мамиле кылбашы керек да. Мисалы, Масалиевди дайындап атканда президентибиз өзү айтты, эми аксакалдардын кайрылуусу менен дайындап койдум эле, эми, кандай болорун көрөбүз деп.

Аксакалдардын ар бир региондон келгендеринин арасында деле сыйлуу, урматтуу аксакалдар болсо керек го. Алар да бийлик биздин сөзүбүздү угаар бекен деп кечээ кайрылуу жасашкан. Эч кандай намазы, азаны жок эле кайрылуу жасашты.

Анан кечээ бир дагы эркек депутат чыгып, мен ушул маселени чечүүгө кудуретим жетет, айланайындар, тарагыла, биз ушу маселени карап койолу десе болот эле. Жалгыз эле Жолдошева чыгып, "мен тияктагыларга жеткирейин, алар кандай чечерин мен билбейм" деп койду. Анан ошого кайсы келген аксакал ыраазы болот? Анан ачуудан улам ар ким талаптарына көңүл бурдуруш үчүн көп нерселерди жасаганга аргасыз болуп атат деген ойдомун.


Азан чакырган митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG