Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

Кыргызстан таза шайлоонун жолун издөөдө


Кыргызстанда кайталап добуш берүүнүн алдын алуу үчүн буга чейин бармакка белги салуу ыкмасы киргизилген.

Кыргызстанда кайталап добуш берүүнүн алдын алуу үчүн буга чейин бармакка белги салуу ыкмасы киргизилген.

Мамлекеттин туруктуулугу таза шайлоолордон көз каранды экени 14-майда Улуттук кеңештин жыйынында айтылды.

Ага ылайык, кыргыз бийликтери эки жылдан кийин болуучу шайлоолорду таза өткөрүү демилгесин көтөрүп, электрондук шайлоо үкөктөрүн киргизүүнү максат кылууда.

“Башталат баары урнадан"

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрү, депутаттар жана министрлер электрондук шайлоо үкөгүн сыноодон өткөрүштү. Орусиядан алынып келинген электрондук үкөктөр шайлоо бюллетенин бирден гана кабыл алып, канча адам добуш бергенин өзү айтып турат. Эгер кош бюллетен салынып кетсе, кабыл албайт. Ал эми башка түрүнө болсо, эч кандай бюллетен талап кылынбайт, тек гана сезгич экрандагы нускама менен шайлоочу каалаган партиясына добушун бере алат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун маалымдашынча, үч башка түрдөгү электрондук үкөктөр Орусиядан алынып келинген.

- Эң негизгиси, кечки саат сегизден кийин добушканалар жабылган кезде чатак болбойт экен. Адатта кечки саат сегизден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар чарчаган кезде, ары-бери тартышып, ызы-чуу болушат. Ошондо бир кнопканы басканда электрондук үкөк протокол чыгарып берет. Канча байкоочу болсо, баарына протокол чыгарып берет. Бул аппараттарды 2015-жылдагы парламенттик шайлоого киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Москвага барып алып келип, Улуттук кеңешке ушуну колдоп бергиле деп сунуштап жатам.

Бул электрондук үкөктөр Орусиядан тышкары, Германияда, Латвияда жана Казакстанда колдонулат.

Улуттук кеңештин мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев добушканаларга ушундай электрондук урналар орнотулса, Кыргызстанда адат болуп калган шайлоо жыйынтыктарын бурмалоо азаят деген ишенимде.

- Мунун да айласын табышы мүмкүн. Бирок мурункуга караганда бурмалоо кыйыныраак болот. Мында адам аз катышып, баарын компьютер өзү эсептеп көрсөтөт. Ага нааразы болушканда гана урнаны ачып, кагаз бюллетендерди санашат.

2015-жылы Кыргызстанда парламенттик, 2017-жылы президенттик шайлоолор өтөт. Президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш кантип шайлоолорду таза өткөрүүнүн жолдорун издөөдө.

Президент Алмазбек Атамбаев бул жыйында кандай гана кымбатка турбасын, таза жана адилет шайлоону камсыздоо үчүн мамлекет акча аябасын айтты:

- Бийликтин булагы - эл деп жатабыз. Ошондуктан эл бийликти өзү шайлап алгандай мүмкүнчүлүк болуш керек. Эгер эл парламентти таза шайласа, “менин добушум таза саналды, мен өзүм шайладым” деп ишенсе, анда парламент шайлаган өкмөткө да ишеним болот. Ошондой эле “бул президентти мен шайлагам” деп ишенсе, президентине да ишеними болот. Ошондуктан шайлоо чындап эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн кепилдиги.

Жарандык коом: ишенгибиз келет

Улуттук кеңештин жыйынында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да баяндама жасады. Аларда шайлоону адилет өткөрүү демилгеси мурдагы бийликтердин тушундагыдай, жеке кызыкчылыктарды көздөп калабы деген чочулоолор да жок эмес.

“Таза шайлоо” ассоцациясынын төрайымы Айнура Усупбекова “Азаттыкка” маегинде бийликтин таза шайлоо өткөрүү аракеттерине жарандык коомдун ишенгиси келерин айтты:

- Бул сапар дагы “оюн” болуп калса, анда ал Кыргызстанда шайлоо өткөрбөй койгонго эле барабар болот. Жарандык коом биз да көп жерден айтылгандарга ишенбейбиз. Бирок ишенбей, унчукпай жүрө берсек да болбойт экен.

Улуттук кеңеште айтылганга караганда, Кыргызстанда шайлоолордун таза өтпөй жатышы-шайлоо мыйзамдарынын чийкилигинде, саясатчылардын жоопкерсиздигинде жана добушканалар заманбап добуш берүүчү технологиялар менен жабдылбаганында.Талкуудан соң Улуттук кеңеш Жогорку Кеңештеги ар бир фракциядан экиден депутат жана парламентке кирбеген абройлуу делген партиялардын бирден өкүл кирген жумушчу топ түздү. Анын курамына ошондой эле мамлекеттик мекемелердин жана жарандык коомдун өкүлдөрү да кирмекчи. Бул жумушчу топ президенттин жарлыгы менен бекитилмекчи.

Жумушчу топко 2014-жылдын июнуна чейин шайлоо кодексин жаңылоо, шайлоочулардын тизмесин түзүү, добушканаларды заманбап шайлоо технологиялары менен жабдуу сыяктуу иштерди жүргүзүп бүтүү тапшырмасы берилди.

Улуттук кеңеш ошондой эле шайлоодон сырткары, 2013-2017-жылдарга карата кабыл алынган улуттук стратегиянын аткарылып жатышы боюнча өкмөттүн отчетун укту жана түндүк-түштүк альтернативдүү автожолун куруу боюнча маселени да карады.

Өткөн жыл соңунда президенттин демилгеси менен Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлүп, ал өлкөнү өнүктүрүүнүн беш жылдык стратегиясын кабыл алган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG