Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Шайлоо жакын, "оюн эрежелери" белгисиз


Конституция жана мыйзамдар боюнча күз айларында кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Венеция комиссиясынын сунуштарына ылайык, шайлоого бир жыл калганга чейин мыйзамдар өзгөртүлүп бүтүп, “оюн эрежели” аныкталууга тийиш.

Кыргызстанда күзгү парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн тийиштүү даярдыктар көрүлүп жатат. Ал үчүн биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери жүргүзүлүүдө.

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү багытында да президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев башында турган комиссия иштеп жатканы маалым. Бирок шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизүү аяктай элек. Демек, “оюн эрежелери” эл аралык стандарттар талап кылгандай, шайлоодон бир жыл мурун өзгөртүлүп, даярдалып бүткөн жок.

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоого байланыштуу мыйзамдар январь, февраль айларында кабыл алынышы күтүлүп жатканын билдирет:

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

- Бизде шайлоонун алдында шайлоонун мыйзамдарын өзгөртүп, саясий күчтөр өздөрүнө жараша мыйзамдарды даярдап алат эмеспи. Ошого жол бербеш үчүн ошондой сунуштар бар. Бизде болсо азырынча мыйзамдар даяр эмес. Негизги мыйзамдар биринчи окуудан өтүп, экинчи окууга даярдалып жатат. Менин оюмча, январь, февраль айларында бизде шайлоо мыйзамдары даяр болот.

Ал мыйзамдардын катарында республиканы тогуз округга бөлүп шайлоо өткөрүү боюнча мыйзам долбоору да турганын Бекматов кошумчалады:

- Негизги мыйзамдар долбоор катары турат. Алардын катарында тогуз округга бөлүү боюнча мыйзам да биринчи окууда кабыл алынып турат. Ал эми калган нормалардын ичинен эң негизгиси биометрикалык маалымат жөнүндө мыйзам долбоору. Анын ичинде тизмелерди тактоо болот. Андан кийин азыркы технология боюнча шайлоону өткөрүү бар. Башкача айтканда, бюллетен берген, добуштарды эсептеген, бюллетендерди салган жерде автоматташтырылган системаны киргизүү негизги маселелерден. Анан калганы майда барат маселелер, бул шайлоо күрөөлөрүн, шайлоо фонддорун көбөйтүүгө байланыштуу өзгөртүүлөр.

​Белгилүү болгондой, республиканы тогуз округга бөлүп, шайлоо өткөрүү маселесинде президенттик аппарат менен “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ортосунда карама-каршылык чыккан. Президент тарап мурункудай эле бирдиктүү республикалык округ менен шайлоо өткөрүүнү жактоодо.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев биометрикалык маалыматтар боюнча өзгөртүүлөр президент тарабынан сунушталып жатканын белгилеп, ал боюнча мындай оюн айтты:

- Биометрикалык көрсөткүчтөр боюнча шайлоо өткөрүлсүн деп президент тараптан таңууланып жатат. Демилгечи тараптын, чынын айтканда, мыйзам киргизип, демилгечи болуу укугу жок Конституция боюнча. Бул эми кабыл аласыңар дегендей мааниде болуп жатат окшойт. Анан ошого жараша бул кабыл алынат болуш керек. Анын үстүнө биометрикалык маалыматтар чогултулуп жатат. Бирок убакыттын тар экендигине күмөн жок. Ошондуктан шайлоо мыйзамдарында мүчүлүштүктөр көп болуп калышы мүмкүн. Анткени убакыт өтө эле аз калды. Биз көнгөн адат боюнча эле шашкалактап, бир жерин оңдоп, экинчи жери калып калышы мүмкүн.

Жаңы мыйзамдарда шайлоодо босогодон өтүш үчүн шайлоого катышкан шайлоочулардын 10% добушун алуу, күрөөгө коюлчу каражаттын өлчөмүн бир нече эсе көбөйтүү боюнча өзгөртүүлөр да сунушталууда. Парламенттеги саясий фракция, депутаттардын бул маселелер боюнча талкуу учурунда талаш-тартыш жаралышы күтүлөт. Анткени босогону көтөрүү ири партияларга ыңгайлуу болсо, башкаларга кыйынчылык жаратат.

Мыйзамга андай өзгөртүү киргизүүнү жактагандар болсо, парламентке азыраак партия келсе, туруктуу өкмөт түзүүгө мүмкүнчүлүк болорун белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG