Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Партияларда “куда түшмөй” уланууда


Шайлоону утурлай биригүү, ирилешүү жараянын былтыр күзүндө “Республика” менен “Ата Журт” партиялары баштап берген.
Шайлоону утурлай биригүү, ирилешүү жараянын былтыр күзүндө “Республика” менен “Ата Журт” партиялары баштап берген.

Кыргызстанда күздөгү парламенттик шайлоону утурлай саясий партиялар ирилешкенге аракет кылууда.

Ушул тушта “Эмгек”, “Өнүгүү” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары шайлоого бирге чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Андан сырткары чет жерде жүргөн Мелис Мырзакматов менен Садыр Жапаровдун партияларынын жаштар канаты жыйынга чогулуп, лидерлерин кошулууга чакырды.

Өнөктөш издеген партиялар

Күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катышууну самаган бир катар партияларда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аскар Салымбековдун “Эмгек”, Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүү” жана Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиялары кеңешип жатканын “Бүтүн Кыргызстандын” төрагасынын милдетин аткаруучу Дүйшөн Сооронбаев тастыктады:

- Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Негизги чечим партиянын курултайында кабыл алынат. Азырынча курултайдын мөөнөтүн белгилей элекпиз. Кеңешүүлөр уланып жатат.

Адахан Мадумаров - "Бүтүн Кыргызстандын" лидери
Адахан Мадумаров - "Бүтүн Кыргызстандын" лидери

Былтыр күзүндө Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстаны” менен Алтынбек Сулайманов жетектеген “Бир бол” саясий партиялары бириге турганын айтып чыгышкан эле. Бирок кийинчерээк алар кошулбай калганы жарыяланган. “Бир болдун” аткаруучу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиевдин билдиришинче, аталган партия шайлоого өз алдынча барганга аракет жасап жатат:

- “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен биригүүгө аракет кылганбыз. Программаны иштеп чыгууда жана маңызын тактоодо партиялардын позициясы эки ача чыккандыктан, бири-бирибиз менен сый мамиледе калалы, бирикпей эле коелу деп сүйлөшүүнү токтотконбуз. Алдыдагы шайлоого “Бир бол” өз алдынча эле барганга даярданып жатат. Жаңы мыйзамдын шарттары боюнча кеңешүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындай, же тигиндей деген жыйынтык азырынча жок. Биринчиден, өзүбүз эле барабыз деп турабыз. Экинчи жактан, кайсы бир партиялардын, саясатчылардын кошулушу толук мүмкүн.

Шайлоого камынган башка партиялар

Мурунку баш прокурор Аида Салянова кызматтан кеткенден кийин шайлоого барарын жарыялаган. Көп өтпөй “Жарык Кыргызстан” партиясы "Күчтүү Кыргызстан” деп кайра каттоодон өтүп, Салянова анын төрайымы болуп шайланган. Аталган партия “Ата Мекен” менен биригиши ыктымал деген сөздөр чыккан.

“Күчтүү Кыргызстандын” жетекчисинин орун басары Расул Үмбөталиев партия өзү катышат деп ишендирди:

- Биригүү тууралуу “Ата Мекен” жана дагы башка партиялар менен сүйлөшүү болгон эмес. Бирөөгө кошулалы деген оюбуз да, максатыбыз да жок. Өз күчүбүз менен чыкканга аракет кылып жатабыз.

Жакында Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясы менен мурунку депутат Садыр Жапаровдун “Мекенчил” партияларынын жаштары жыйынга чогулуп, чет өлкөдө жүргөн лидерлерине биригүүнү сунуштап, кайрылуу жолдошту. Садыр Жапаров азырынча чечим кабыл алына электигин бышыктады:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

- Мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы турган жерде ким болбосун биз биригүүгө даярбыз. Булганбаган, коррупцияга малынбаган партия, же саясатчы болсо биздин партия биригүүгө даяр. Биздин чечимибиз жакынкы күндөрү белгилүү болот. Көптөн бери эле сүйлөшүп жатабыз. Жаштарыбыз бириккиле деп демилге көтөрүп кайрылуу жасаганын окудум, Мырзакматов да окуптур. Эгер пикирибиз, көз карашыбыз дал келсе сөзсүз биригебиз. Азыр биздин партияга 20га жакын партия, уюм, кыймыл кирген. Эми калгандары менен сүйлөшүп көрөбүз.

Канткен менен оппозиция бир партиянын алдында биригип шайлоого барууга аракет кылууда. Улуттук оппозициялык кыймылдын төрагасы Кубанычбек Кадыров мындай аракет уланаарын айтууда:

- Эки негизги принцип менен чыгабыз. Биринчиси - биз бийликке келсек, мурдагы президенттерди жоопко тартабыз деп убада беребиз. Экинчиси - азыр башкаруучу партия болуп турган КСДП фракциясы эми бийликке келбесин дейбиз. Анткени, мына мамлекет башында ошолордун өкүлдөрү отурганы менен, саясий, социалдык-экономикалык жактан, коррупцияга каршы күрөш боюнча жарытарлык иш жасалган жок.

Партиялар өткөндөн сабак алабы?

Шайлоону утурлай биригүү, ирилешүү жараянын былтыр күзүндө “Республика” менен “Ата Журт” партиялары баштап берген. Эки партия 20-октябрда Бишкекте курултайга чогулуп, “Республика Ата Журт” жаңы партиясы түзүлгөнүн, ага Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев теңтөрага болгонун жарыялашкан эле.

Кыргызстанда шайлоо мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр кирди
Кыргызстанда шайлоо мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр кирди

Байкоочулардын баамында, партиялардын ирилешүүсүндө аймактык фактор негизги роль ойномокчу. Андан сырткары соңку парламенттик шайлоо жана партиялык тизме түзүүдөгү оош-кыйыштар, кийин Жогорку Кеңешке келгенден кийинки бөлүнүп жарылуулар эске алынат.

2010-жылдагы парламенттик шайлоого жалпысынан 29 партия катышкан, анын ичинен бешөө Жогорку Кеңешке өткөн. Азыр парламентте президент Алмазбек Атамбаевдин Социал-демократтар фракциясын гана салыштырмалуу “башы аман, боору бүтүн” деп айтууга болот. Калган фракциялардын айрымдары бир канчага бөлүнүп кеткен, кээ бир депутаттар эмки шайлоого башка партия менен барууга кам уруп жүрөт.

Кыргызстан жакында эле шайлоо мыйзамдарын өзгөрттү. Өткөн айда кабыл алынган, президент кол койгон мыйзам боюнча күрөө акысы кымбаттады. Атап айтканда, эми партиялар буга чейинкидей 500 миң сом эмес, 5 миллион сом күрөөгө коюшу керек. Пайыздык тосмо да өзгөрдү. Мурун жалпы шайлоочулардын жети пайыз добушун алуу керек болсо, эми шайлоого катышкандардын тогуз пайызы колдошу зарыл.

XS
SM
MD
LG