Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

​“Аалам” партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясына берилген 60 миң долларды кайтарып берүүнү талап кылууда.

"Аалам" партиясынын төрагасы Бакытбек Малабаев баш болгон айрым мүчөлөрү 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясына берилген 60 миң долларды кайтарып берүүнү талап кылып чыгышты. Алардын айтымында, "Ата Мекен" "Ааламдын" лидерин партиялык тизмеге киргизип, депутаттык мандат же “байгелүү орун” убада кылган. Бирок убадасын аткарбай койгон. Малабаев бул каражатты жалгыз Малиевдики эместигин, мүчөлөрү топтоп бергенин белгиледи.

"Ата Мекен" мындай дооматты төгүндөп, "Аалам" партиясы менен шайлоого чейин да, андан кийин да кызматташпаганы тууралуу билдирүү таратты. Анда партия лидери Арсланбек Малиев өз ыктыяры менен шайлоого барганы, ал партиянын шайлоо фондуна салган акчасын Тоң районунда үгүт иштерин жүргүзүү үчүн кайра эле өзү чыгарып кеткени белгиленген. "Мындан улам "Ата Мекен" "Ааламга" карыз эмес жана эч нерсе убада кылган эмес", - деп жазылат билдирүүдө.

"Ата Мекендин" колдоочулары, 13-февраль, 2013-жыл

"Ата Мекендин" колдоочулары, 13-февраль, 2013-жыл

Анткен менен Малиев үгүт иштерине да өз чөнтөгүнөн каражат жумшаганын, фонддон бир тыйын да албаганын “Азаттыкка” билдирди. Ал партиялар бөлүп алган кызматтык орундар “Ааламга” сунушталбаганына нааразы.

- Бир тыйынды да мен “Ата Мекенден” же алардын мүчөлөрүнөн алган жокмун. Алгач 40 миң доллар бергенбиз, кийин Сасыкбаева саясий бюро өткөрүп, "дагы акча тапшыргыла" деп мажбурлашты. Эгерде тапшырбасаңар тизмеге кирбейсиңер деп, шантаж кылып 10 миң доллар алышты. Андан мурда дага партиянын акчасы жокто биз каржылаганбыз. Ошентип баш-аягы 60 миң доллар чыгып атат. Шайлоо мезгилинде мен Ысык-Көлдөгү элди үгүттөөгө өз акчамды коротком. Биз аны дагы кошкон жокпуз. Бизге 33-орун берилерин аягына чейин айткан жок. “Коркпо, Арслан, байгелүү орун болот” деп лидер өзү бир канча жолу айткан. Бирок кийин деле, бешинчи жыл баратат, бири дагы келип “рахмат, жардам бердиңер” деп айтканга жараган жок. Ар бир партиянын өзүнүн квоталары бар: соттор кеңеши, Борбордук шайлоо кеңеши ж.б., жок дегенде ошондон бирди сунуш кылбайбы.

Малиев карызды кайтаруу боюнча буга чейин да бир нече жолу кайрылып, майнап чыгара албаганын билдирүүдө.

Парламенттик шайлоодон бир көрүнүш

Парламенттик шайлоодон бир көрүнүш

Негизи мыйзам боюнча, шайлоо учурунда партиянын шайлоо фонду түзүлүп, ага талапкерлер мүмкүнчүлүгүнө жараша акча салат. Бирок аталган фондго көбүрөөк суммадагы акча салгандар шайлоодо партиянын алдыңкы тизмесине кирүүгө мүмкүнчүлүк алганы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо белгилүү болгон. Айрым маалыматтар боюнча, партиянын тизмесине кирүү, биринчи орундарда болуу үчүн алды 200-300 миң, арты 50-60 миң доллар беришери айтылат.

“Ата Мекендин” мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков ар бир талапкер өз мүмкүнчүлүгүнө жараша каражат кошорун айтып, өзү канча бергенин ачыктаган жок. Ал бул каражаттын баары үгүт иштерине жумшаларын жана кайра кайтарууну талап кылуу туура эмес деген пикирде.

- Партияга кылган кызматы боюнча бирөө 30-турат, бирөө беш, экинчиси 40-орунда турат. Бирөө алып келбей, өзү келип кошулса муну кандай десе болот? Баарыбыз тең эле кошконбуз да ортого. Эмнеге берген акчасын кайтарыш керек, мен түшүнбөйм. Бул өз эркин менен кошкон каражат да.

Өмүрбек Абдырахманов

Өмүрбек Абдырахманов

2010-жылдагы шайлоодо партиянын фондуна канча каражат салганын ачык айтып келе жаткан жалгыз депутат - Өмүрбек Абдрахманов. Ал шайлоого “Ата Мекен” партиясынын атынан тизмеде 13-болуп катышкан. Бирок ал шайлоого топтолгон каражаттар ачык-айкын болуп, коомчулукка отчет берилсе, ар кандай бүдөмүк ойлор да болмок эмес деп эсептейт.

- “Ата Мекен” ал убакта социалисттик партия болгон. Акчасы тартыш болсо керек, көбү акча чыгарган эмес. Колубузда барлар акча чыгарганыбыз чын. Мен 100 миң доллар чыгарып, фондго кошком. Ар бир партияны карап көрсөңөр КСДПга, башкаларына канча адам кошулду сырттан. Мурда партияда жок адамдар кирбедиби. Алардын бардыгы сөзсүз акчасы менен киришет. Дүйнөнүн бардыгында эле ошондой. Америкада президенттик шайлоодо 1 млрд. доллардан ашуун жыйналды. Бирок аларда ачык, ким канча кошту баары сайттан көрө алат. Эгер баары ачык болсо, бүткөндөн кийин отчет берсе канча каражат каякка жумшалды десе туура болмок. Ошондуктан партиянын лидерлери көбү тизмени бизнес катары көрүп алган, эч ким билбейт, эч кимге отчет бербейт, жашыруун кылышат. Проблеманын баары ушунда.

Кармаш алдыда...

Айрым серепчилер партиялардын шайлоо фонддору тыкыр көзөмөлгө алынмайынча, партиялык тизмени түзүүдөгү коррупция улана берет деп эсептешет. Ал эми саясий эксперт Бекбосун Бөрүбашев Кыргызстандагы укуктук система парламентке капчыктуулар гана бара турганга шарт түзүп койду деген ойдо. Анын божомолунда, мындай талаш-тартыштар келаткан шайлоодо ого бетер курчушу мүмкүн.

Ар бир партиянын өзүнүн квоталары бар: соттор кеңеши, Борбордук шайлоо кеңеши ж.б., жок дегенде ошондон бирди сунуш кылбайбы.

- Парламент элдик эмес, олигархтардын парламенти болуп калды. Депутаттык мандат сатылып калды. Азыр парламенттик башкаруу деп жатпайбызбы, мамлекеттик эң жогорку бийлик акчанын, коррупциянын негизинде түзүлүп калганын көрүп жатабыз. Акчасы бар адамдар гана келет. Муну өзгөртүү үчүн шайлоо системасын, башкаруу системасын өзгөртүү керек. Эми мындан да өсөт. Мурда партиялар 500 миң менен шайлоого катыша алса, азыр ал 5 млн. болуп кетпедиби. Демек мындан дагы өсөт, ызы-чуу дагы көбөйөт.

Анткен менен “Ааламдын” шайлоо алдында, беш жылдан кийин карызын доолап чыкканын башкача жоромолдогондор бар. "Атамекенчилер" муну кара пиар катары да сыпаттап жатышат.

Быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өтүшү керек. Мунун алдында ушуга окшогон талаш-тартыштар, эски жараны тырмамай көрүнүштөр көп болот дешет серепчилер. Мындан мурдарак “Ата-Журт” саясий партиясын негиздегендер аталган партия азыркы лидерлерине убактылуу гана берилгенин айтып, кайтарып алууга ниеттенип жатышканын билдиришкен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG