Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Айрым төбөсү көрүнгөн саясатчылар, анын ичинде таанымал оппозиция өкүлдөрү “Ар-намыс” партиясынын тизмеси менен шайлоого барганы жатат.

Партия лидери Феликс Кулов аларга бир катар шарттар коюлганын, мисалы, президент Алмазбек Атамбаевди сындаганга тыюу салынарын эскертти. Айрым эксперттердин баамында, парламенттик шайлоого карата үч уктаса да түшкө кирбеген биригүүлөр, партиялардын ирилешүүсү дагы уланат.

“Ар-намыс” партиясынын тизмеси менен шайлоого барууну каалаган айрым саясатчылар анык болуп калды. Алардын арасында Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Ата Мекен” партиясынан шайланып келген, кийин элдешкис каршылаштарга айланган Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов, ошондой эле Социал-демократтар партиясынын депутаты, бийликти ачык сындаган Исмаил Исаков бар. Андан сырткары мурунку баш прокурор Кубатбек Байболов да “Ар-намыс” менен шайлоого баруу ыктымалдыгы айтылууда.

Равшан Жээнбековдун айтымында, ушул тушта сүйлөшүүлөр аяктап калды. Ал мындай биригүүнү шайлоого карата аргасыз амал деп сыпаттады:

- Айла жок, каалайбызбы-каалабайбызбы парламентаризмдин ушунусу жакшы экен. Бардык саясатчыларды бири-бирибиздин кемчиликтерибизди билгенибизге, жактырбаганыбызга, түндүк-түштүк экенибизге карабай бириктирип, шайлоодо бир команда болуп чыгууга түртөт экен. Биз ошол гана жол менен кетип жатабыз. Бирикпесек өтпөйбүз. Бириксек күч болобуз. Ошон үчүн бардык саясий күчтөр сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Биз да “Ар-намыс” менен сүйлөшүп жатабыз. Бизде принципиалдуу деле чоң шарттар жок. Эгер биз өтүп калсак, кандай программа кабыл алабыз, жакынкы убакта кандай реформага барабыз, шайлоого бараткандагы негизги платформа кандай болушу керек - ушундай маселелерди сүйлөшүп жатабыз.

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов айрым саясатчылар, оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатканын тастыктаган. Аталган партия менен шайлоого бара тургандарга бир канча талап-эскертме болорун билдирген. Анда, мисалы, президент Алмазбек Атамбаевди сындабасын деген сыяктуу жобо бар:

- Биз менен сүйлөшүп жаткандардын арасында күчтүү, таанымал инсандар, алардын арасында оппозиционер катары таанылган, аң-сезимдүү, өзүнө жооп бере алган адамдар бар. Биздин партиянын атынан шайлоого баргысы келгендердин милдеттерин жазып койдук. Биринчиден, алар биздин партиянын мүчөлөрү болуш керек. Алар парламентаризмди жана мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди негизсиз сындабашы, душманындай мамиле жасабашы керек. Ал эми сырткы саясатта Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана башка коңшу, бизге ылым санаган мамлекеттерди сыйлашы керек. Бир дагы нааразылык акцияны ачык колдобошу керек. Биз менен шайлоого барам деген таанымал инсандар, оппозиция өкүлдөрү ушундай вариантка макул болуп жатат.

“Ар-намыс” фракциясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо 25 мандат менен үчүнчү орунду алган. Шайлоодо болсо “темирдей тартип” орнотулат деген ураан менен чыккан жана орусиячыл экенин баса белгилешкен.

Аталган партия менен Жогорку Кеңешке келген бир топ депутаттар күздөгү парламенттик шайлоодо башка күчтөр менен барууга камданып жатат. Алардын бири Дастан Бекешев Социал-демократтарга кошулуп кеткен себебин мындайча түшүндүрдү:

- 2014-жылы мен өзүнчө “Ак ниет” партиясын түзгөм. Себеби кайчы пикирлер болгон. Бирок таарыныч жок, мамилебиз жакшы бойдон калды. Болгону пикирлерибиз ача чыгып калды. Шайлоого карата башка бир канча партия менен сүйлөштүк. Айрымдары көп акча сурады. Социал-демократтар болсо бир да тыйын сураган жок. Анан калса Атамбаев жаңы кишилерди көп алып келем деп жатат. Идеялары жакшы. Ошон үчүн КСДПга кошулдум.

“Ар-намыс” фракциясынан депутат, вице-спикер Бөдөш Мамырова партиялар партиялык тизме түзүүдө буга чейинки тажрыйбаны эске алып, өткөндөн сабак алышы керек деп эсептейт:

- Тизмени түзүп жатканда жакшылап электен өткөрүү керек. Чуркап келип эле "анте коём, минте коём" дегенине, капчыгынын калыңына карабаш керек. Ошол партиянын жеке лидерине эле жакпастан жалпы шайлоочулардын купулуна толуш керек. Кийин шайланып келгенден кийин эл өкүлү катары жоопкерчиликти сезе алабы, же болбосо ошол лидердин айтканы менен болуп калабы деген жагын да кароо зарыл. Болбосо лидерлер анын айтканы менен гана болгондорду жана капчыгы барларды гана тандап жатпайбы.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев бири-бири менен коошпогон саясатчылардын биригүүсүн саясий соодалашуу, тар кызыкчылыкты көздөө деп сыпаттады:

- 2010-жылга чейин мыйзамда "шайлоого бараткан партияга башка партиянын мүчөсү кире албайт" деген жобо бар болчу. 2010-жылдан кийин бул жобо алынып салынган. Ошондуктан бир партиянын мүчөсү ошол партиядан чыкпай туруп башка партия менен шайлоого барууга жол ачылган. Мен муну партиялардын ирилешүүсү деп айтпайт элем. Азыр, мисалы, бир фракцияда төрт-беш партиянын лидери отурат. Ушундай шартты өздөрүнө тууралап түзүп алышкан. Алардын негизги максаты - эптеп парламенттик шайлоого келүү. Муну саясий соодалашуу деп ачык эле айтыш керек. Ошондуктан шайлоодогу күрөө акыны көбөйтүштү. Антпегенде эч ким бири-бирине бармак эмес.

2010-жылдагы парламенттик шайлоого жалпысынан 29 партия катышкан, анын ичинен бешөө гана Жогорку Кеңешке өткөн. Азыркы парламентте президент Алмазбек Атамбаевдин Социал-демократтар фракциясын гана салыштырмалуу “башы аман, боору бүтүн” деп айтууга болот. Калган фракциялардан бир катар депутаттар чыккан, айрымдары болсо бир канчага бөлүнүп ыдыраган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG