Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:16

Парламенттик шайлоого 34 партия катышуу ниетин билдирди. 20-августка чейин партиялар тизмелерин тактап, БШКга тапшырышы керек. Бул шайлоонун өзгөчөлүгү жана саясий партиялардын акыркы жүрүштөрү эмнеде?​

Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн 203 партиянын ичинен 4-октябрга белгиленген шайлоого катышууга 34 партия арыз берди. Бирок алардын көпчүлүгү 5 млн. сом күрөө коюуга келгенде шайлоодон баш тартышы ыктымал. Күрөө болсо 25-августка чейин коюлушу керек.

Ошондуктан 4-октябрга белгиленген марага чейин чуркоого жети-сегиз партия жөндөмдүү экени байкалып турат. Алар күрөө эле эмес, жарым Кыргызстанды багууга жарамдуу акчаны чачууга даяр турушат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдоосуна караганда, шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялар 20-августка чейин талапкерлеринин тизмесин берүүгө тийиш. Ошондуктан партияларда биригүүгө, кошулууга жана соодалашууга дагы эки жумалык убакыт бар. Бирок биригүүлөр мына ошол жети-сегиз партиянын арасында болсо гана келечектеги шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө жөндөмдүү экени байкалат. Ал эми калган партиялардын биригүүсү же башка аракеттери кандайдыр бир натыйжа бериши күмөндүү.

Бүгүнкү күндө КСДП, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, “Республика Ата-Журт”, “Бир бол” жана “Кыргызстан” партиялары ырааттуу күрөш жүргүзүп келатышат. Ошондуктан майдараак партиялар жана жалгыз-жарым жорткон саясатчылар негизинен мына ушул саясий партиялардын айланасына баш кошууда.

Булардын ичинен КСДП, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” жана “Республика Ата-Журт” партиялары мына ушул аталышында гана ат салышары айкын болсо, “Бир бол” жана “Кыргызстан” сыяктуу жаңы күчтөрдүн дагы альянска баруу мүмкүнчүлүгү жок эмес. Акыркы мезгилде таскагы басаңдай түшкөн “Өнүгүү” партиясы да үзөңгүлөшкө муктаж экени байкалууда.

Ал эми “Ар-намыс” партиясы мурунку кадрларынан толук ажырап, эми жаңыдан тизме түзүүнүн үстүндө иш жүргүзүүдө. Бул арада Исмаил Исаков “Азаттык” демократиялык партиясын БШКдан каттоодон өткөртүп, “Ар-намыска” ыктап турган демократ депутаттарды, эркин саясатчыларды катарына тартууга аракеттенүүдө. Ошондуктан “Ар-намыс” менен “Азаттык” демократиялык партияларынын ортосунда кадрлар үчүн кызуу күрөш жүрүп жатат.

Шайлоодон кийинки чыр...

Мына ошентип, партиялардын шайлоого аттануусу, тизме түзүүсү канчалык машакаттуу болсо, шайлоодон кийин депутаттык мандат бөлүштүрүү иши андан өткөн талаштуу жана чырлуу болушу мүмкүн. Анткени шайлоо алдында саясий партиялар, мыйзамдын жол бербегенине карабай, мандаттар талапкерлердин алган добушуна жараша берилет деп убада берүүдө.

Партия лидерлери алган добушуна жараша бир-эки талапкерди мандаттан баш тарттыруусу мүмкүн. Бирок жалпы тизмени өзгөртүп, алган добушуна жараша мандат бөлүштүрүү мүмкүн эмес. Ага мыйзам жол бербейт.

Муну Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов да тастыктайт:

БШК мүчөсү Жеңиш Акматов

БШК мүчөсү Жеңиш Акматов

- Азыркы иштеп аткан мыйзам боюнча тизмени өзгөртө алышпайт. Жогорку Кеңеште кээ бир партиялар мыйзамга өзгөртүү киргизип, шайлоодон кийин үч күндүн ичинде партия өзүнүн чечими менен тизмени бир жолу өзгөртө алат деген сунушту эки жолу киргизди. Бирок, тилекке каршы, парламент колдобой койду.

Ошол эле учурда Жеңиш Акматов өзүнө бөлүнгөн участоктон жетиштүү добуш ала албаган талапкерди мандаттан өз эрки менен баш тарттыруу партиянын ички иши экенин кошумчалады.

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев 2010-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча мандат талаш мушташка чейин жеткенин эске салат. Бул ирет да ошол көрүнүш кайталанат, - дейт Сариев:

Акылбек Сариев

Акылбек Сариев

​- 2010-жылы мушташканга чейин барышкан. Бул жолу да ошол көрүнүш кайталанат. Чыр болот. Эгерде сүйлөшкөн сөзүнө туруп, мен добуш топтой албадым деп баш тартса, анда маселе болбойт.

Ошол эле учурда тизмени толук өзгөртүү мүмкүн болбогондуктан, айрым талапкерлер мандаттан баш тарткан мезгилде да маселе чечилбесин Акылбек Сариев кошумчалады.

Шайлоодон кийин мына ушундай талаш-тартыштарга жол бербөө үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү, регионалдык тизме түзүү сунушталган. Бирок алардын эч бири өткөн эмес. Ошондуктан партиялар добуш топтоо үчүн тобокелчиликке барып, мыйзам жол бербеген убадаларды беришүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстанда парламенттик шайлоо партиялык тизме менен өтөт. Бирок ар бир партия талапкерлерге тийиштүү округдарды бөлүп берип, иш жүзүндө көп мандаттуу округдардан шайлоо өтө турган болууда. Мыйзамдар болсо партиялык тизмеге ылайык жазылган. Шайлоо иш жүзүндө көп мандаттуу округдар боюнча өткөрүлүп, анын жыйнытыгына жараша мандат бөлүнөрү убадаланууда.

Мына ушул карама-каршылык чырдын, келишпестиктин булагына айланышы ыктымал.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG