Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореянын элчисине шайлоо мыйзамдарын бузууга жана өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө жол берилбей турганын эскертти.

Түштүк кореялык элчи Жонг Бёнг Ху парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясына жеңиш каалаган билдирүүсү айрым сайттарга жарыяланып кеткен.

Анткен менен борбордук байлоо комиссиясынын үгүт иштерин көзөмөлдөө тобунун жетекчиси Нурмамат Ашимов элчинин ал билдирүүсү үгүт эрежесин бузууга жатпай турганын белгиледи. Ошол эле кезде ал мурдагыга караганда үгүт ишин жүргүзүүдө шайлоо мыйзамдары так сакталып жатканын билдирди.

Элчиге берилген эскертүү

Түштүк Кореянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Жонг Бёнг Ху мырза 17-сентябрда Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Буга элчинин “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясына каалоо-тилеги айрым сайттарга жарыяланганы негиз болду.

Жолугушууда эл аралык укуктук ченемдер боюнча шайлоо алдында элчинин кайсы бир партияга жан тартканы өлкөнүн ички ишине кийлигишкенге барабар экени белгиленген.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сүйөркулов элчиге эскертүү берилгенин белгиледи:

- Кечээ Түштүк Корея Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Жонг Бёнг Ху министрликке чакыртылып, ага Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо тууралуу түшүндүрмө берилди. Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктүн жетекчисине турган өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө жол берилбей турганы эскертилди.

Тышкы иштер министрлигинин Түштүк Кореянын элчисине берилген эскертүүдөн кийин анын билдирүүсү сайттардан алынып салынды. Бирок борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт иштерин көзөмөлдөө тобунун жетекчиси Нурмамат Ашимов Түштүк Кореянын элчисинин партияга парламенттик шайлоодо ийгилик каалаган билдирүүсү шайлоо мыйзамына каршы келбей турганын белгиледи:

- Түштүк Кореянын элчиси жөн эле каалоо-тилегин билдирген. Анда кандайдыр бир саясий үгүттүн элементтери жок. Болгону ал өзүнүн текстинде ошол партияга шайлоодо ийгилик каалап койду. Болду. Мунун эч кандай шайлоо мыйзамын буза тургандай жагдайы жок.

Ал арада “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясы Түштүк Кореянын элчисинен кечирим сураган маанайда билдирүү таратты. Билдирүүдө партиянын маалымат кызматы “Максимум” бизнес борборунда элчи менен корей диаспорасынын өкүлү Вячеслав Хан жолугушканы, элчинин ага ийгилик каалоосу партияны колдоо катары бурмаланган маалымат кеткени айтылат. Ошондуктан партиянын аткаруу комитети элчи мырза тарабынан эч кандай үгүт болбогонун айтып, келип чыккан түшүнбөстүк үчүн кечирим сурарын белгилеген.

Корей диаспорасынын өкүлү Вячеслав Хан шайлоого аттанган “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын тизмесинде 14-орунда турат.

Лидерлердин бейнесин “колдонгондор”

2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында дээрлик көпчүлүк партия башчылары Путин менен Назарбаев сыяктуу чет элдик саясий лидерлердин алдына барып, жолугуп, кийин алар менен кол кармашып, колдоосун алган видео тасмаларын үгүт иштеринде пайдаланышкан. Мындай көрүнүш коомчулуктун кээ бир катмарынын нааразылыгын жараткан болчу.

Кийин парламент шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү учурунда, шайлоодо чет элдик саясий лидерлердин видео же фото материалдарын үгүт ишинде пайдаланууга тыюу салган ченемди киргизген. Нурмамат Ашимов бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Ошол кезде шайлоо мыйзамдарында ошондой чектөө же тыйуу жок болчу. Мына ошондуктан кээ бир партиялар ошол жылчыктан пайдаланып, үгүт иштеринде чет мамлекеттердин саясий лидерлеринин видео-фото материалдарын колдонушкан. Кийин анан мыйзамга тыюу салуу киргизилген соң, азыр эми саясий партиялар бул маселеде этият болуп калышты. Деги эле азыр үгүт иштерин жүргүзүүдө саясий партиялар мыйзамдын талаптарын так сактап, үгүт материалдарын жарыялоодо биз менен кеңешип жатышат.

Айрым саясат талдоочулар быйылкы үгүт иштериндеги чет элдик таасир көрсөтүүгө жол бербөө жагдайын мыйзамдык чектөө менен байланыштырбайт.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков бул жагдайды мыйзамдын талабынан мурда өлкөдөгү турукташкан кырдаал менен көбүрөөк байланыштырды:

- Чет элдиктердин шайлоо жараянына аралашуусуна же аларды колдонууга мурда деле тыюу салынган болчу да. 2010-жылы эмнеге андай көрүнүш болгонунун себеби бар. Анткени ыңкылаптан кийин, чаржайыт абал болуп турган чакта Казакстан да, Орусия да Кыргызстандын парламентине кандай күчтөр келерине тынчсызданып турушкан. Ошондуктан өздөрү каалаган саясий күчтөргө колдоо көрсөтүүгө кызыкдар болушкан. Алар беш жылдын ичинде кимдин ким экенин көрүштү. Ошондуктан алар колдоо көрсөтпөсө деле аларга жаккан саясий күчтөр парламентке келерин көрүп турушат. Эми азыр жардам берүүнүн кажети жок. Болбосо ал жакка чакырса, биздин саясий лидерлер дагы деле барышмак. Себеби чет жактын этегин кармап, моралдык жана материалдык колдоо менен парламентке келейин дегендер азайган жок.

2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында бир топ партия лидерлери Казакстан менен Орусиянын мамлекет жетекчилеринин кабыл алуусунда болуп, эл менен жолугушууда алардын колдоосуна таянарын айтып чыгышкан болчу. Ал тургай айрымдары ал чет элдик жетекчилер менен жакшы мамиледе экенин ачык жарыялап, мактанышкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG