Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Шайлоо эмес эле базар болдубу?


Ош шаарындагы добуш берүү
Ош шаарындагы добуш берүү

Өткөн жекшембиде Кыргызстандагы 6 шаардык жана 21 айылдык кеңешке шайлоо болуп, депутаттык орун үчүн 24 саясий партия ат салышты.

Алардын ичинен жеңишке 8 партия жетишип, Ош шаары баштаган шаарлардын жана айылдардын келечегин калчай турган чечимдерди кабыл ала турган болду. Добуш берүү биометрикалык маалыматтын негизинде болгону менен добушканалардан сырт жерде парламенттик шайлоодогудай эле добуштарды жең ичинен сатып алуу болбой койгон жок деп бейөкмөт уюмдар добулбас кагып жатышат.

“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” таңкы талкуусу шайлоонун жыйынтыгы жана атаандашкан саясий партиялардын салмагына арналды.

Талкууга Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдыжалил Муратов, “Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Айнура Усупбекова жана саясат таануучу, саясий илимдердин кандидаты Кубатбек Султанбеков катышты.

“Азаттык”: Айнура айым, жекшембиде өткөн шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоо тынч өттү деп баа берилди, ал эми парламенттик шайлоого караганда таза өттү деп айта алабызбы?

“Азаттык”: Парламенттик шайлоо менен салыштырууга болбойт. Бирок, мурдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого караганда талапкерлер менен уюштуруучулар шайлоону натыйжалуу жана техникалык каражаттарды колдонуу менен өткөрүп алдык деп ыраазы болушту. Ал эми үгүт кампаниясына жана шайлоо тилкелеринен тыш жердеги иштерге талапкерлерден баштап, шайлоочулардын көбү нааразы болуп калышты. Себеби көп иштердин баары башка жерде, шайлоо участкасына чейинки жерлерде чечилип калды. Биздин “Таза шайлоо” ассоциациясынан 80 байкоочу көз салды. Алар шайлоочу чечим кабыл алып келип, добуш берген гана жерге байкоо салгандыктан шайлоо участогунан сырт жердеги аракеттер көз жаздымда калды.

“Азаттык”: Абдыжалил мырза, Оштогу шайлоо боюнча социалдык тармактарда Ошто шайлоо эмей эле базар болду деп жазып жатышат. Буга негиз барбы?

Абдыжалил Муратов: Бизге оозеки кайрылуулар түштү, байкоочулар берген арыздар да бар. Биз аларды үч күндүн ичинде карайбыз. Эгер далилдер табылса, аларга чараларды көрөбүз. Эгер айрым бир партиялардын добуштарды сатып алганы далилденсе, анда партияларды шайлоодон чыгарууга чейин чара көрүүгө мыйзам жол берет.

“Азаттык”: Кубатбек мырза, сиз саясий окуяларды иликтеген адам катары айтсаңыз, Кыргызстанда парламенттик шайлоого 14 партия катышкан, бул жолу шаардык кеңешке шайлоого андан көп партия катышты, бирок жеңишке жеткен партиялардын саны парламенттикинен көп деле айырмаланган жок. Жеңген партияларды шайлоочулар мыкты идеялары үчүн колдодубу же бул инерциянын натыйжасыбы? Булардын жеңишинин себеби, күчү эмнеде?

Кубатбек Султанбеков: Негизи мындай натыйжа күн мурунтан белгилүү болчу. Ошол эле партиялар келет деп күтүлүп жаткан. Бул жерде белгилеп коюучу бир коңгуроо бар - түндүк аймактарда бийликтин партиясы жеңилип калды. Мисалы, Караколдо, Балыкчыда жана башка шаарларда. Караколдо мүчөсү жалаң жаштардан турган “Табылга” деген партия биринчи орунду алды, демек, алар башкача бир технология колдонуп иштегени үчүн жеңишке жетишти окшойт. Ушундан улам бийликтин партиясы түндүк аймактагы иштерине көңүл бурушу керек.

Угармандын пикири: Мен Бишкектен чалып жатам, атым Алимов Төрөхан. Бул жолку шайлоодо эч бир саясий партиянын талапкерлери Кыргызстандагы жетишкендиктер жана алдыга коюлган максат, программалары боюнча эч нерсе айтышкан жок. Алардын бизди кандай өнүктүрүп, кайда баратканыбыз тууралуу милдеттери белгисиз бойдон калды.

“Азаттык”: Айнура айым, сиз “Азаттыкка” Ош шаарында мыйзам бузуу боюнча прокуратурага арыз бердик, ал эми Токмоктогу көрүнүш боюнча унчуга албадык деп интервью бергениңизден кийин айрым жарандар акыйкат иштейт деген бейөкмөт уюмдар кош стандарт менен мамиле жасай башташкан тура деп ирээнжиген билдирүүлөрдү жазып жатышат. Токмокто сиздер корко турган кандай окуя болду? Кайсы партиядан тартынып жатасыздар?

Айнура Усупбекова: Азыр эле угарман айткандай талапкерлер үгүт өнөктүгүндө өз стратегиясы менен элди тааныштырган жок. Алар күчүн үгүт иштерине, шайлоочулар менен иштөөгө коротпой, бардык ресурсун добуш берүү күнүнө калтырышып, добуштарды сатып алууга жумшашты. Ошон үчүн шайлоого чейинки иштерге эч кандай баа бере албай калдык, үгүт кампаниясы аябай начар болду. Ал эми Токмокто 10 шайлоо участкасына байкоочуларды койдук. Ал жерде кармаш катуу болду, эгер биздин байкоочуларыбыз арыз берсе аларга коркунуч болмок...

“Азаттык”: Кайсы партиялардан корктуңар?

Айнура Усупбекова: Үч партиянын талапкерлеринин аты аталды, алар АК, КСДП, “Республика” деген партиялар. Алардын өкүлдөрү түздөн-түз басым жасашты деп айта албайбыз, себеби биз далилдөөчү фактыларды ала албай калдык.

“Азаттык”: Абдыжалил мырза, социалдык тармактарда Ош шаарындагы айрым шайлоо участкаларынын жанында добуш сатылып жаткан, шайлоочулардын тизмесин көтөрүп алып, тизмелеп аткан талапкерлер тартылган видеотасмалар ачык эле коюлду. Аны сиз деле көрсөңүз керек. Добушту сатып алган партиялар аныкталса оюндан чыгара аласыңарбы?

Абдыжалил Муратов: Добуш сатып алгандар шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрү экендиги аныкталса чараларды көрөбүз. Азырынча бизде оозеки арыздар бар. Ошолорду 3 күндүн ичинде териштиребиз.

“Азаттык”: Кубатбек мырза, Кыргызстанда көп жыл мурун түзүлүп, эл арасында иш жүргүзүп жүргөн кээ бир саясий партиялар, парламенттик шайлоодо, эми мына шаардык кеңештерге шайлоодо жакшы добуш ала албай калып жатышат. Мисалга “Замандаш” партиясын алсак болот. Тескерисинче, Караколдо аты көпчүлүккө белгисиз “Табылга” деген партия биринчи орунду ээледи. Ушун үчүнбү коомдо шайлоочуларды ынандыруу үчүн идеянын, жакшы программалардын кереги жок, убада бере билүү керек менен каражат гана керек деген көз караш күчтүү болуп баратат деген кооптонуу бар. Сиз кошуласызбы? Коом эмне үчүн турумун тез эле өзгөртүп жатат?

Кубатбек Султанбеков: Коом деген бир жерде турбайт, ал өнүгүп жатат. Ал эми саясий партиялардын бардыгынын максат, программасы окшош. Саясий партиялар багыты, тиби боюнча бири-биринен өзгөчөлөнүп турушу керек. Тилекке каршы, биздеги партиялардын баары окшош, программалары да, ураандары деле бирдей. Ал эми “Табылга” деген партиядагылардын көбү жаштар экен. 2005- 2010-жылы нааразылык акциялардын көбүнө жаштар чыгышкан, демек жаштардын элди ынандыра ала турган жаңы программалары болду, эл арасында көп иштерди жасашты. Демек, эл жаңы багытка муктаж.

Айнура Усупбекова: Эгер партиялар жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү милдетин алдыга койсо элди ишендиришмек. Себеби, өздөрү шайлаган депутаттар кийин мэрди тандайт. Алар тандаган мэр кандай иштейт? Акыры барып-барып добуш берүүнүн натыйжасы ушул суроого такалаарын жакшы сезбей жатышат.

“Азаттык”: Айнура айым, бул жолу добуштун баасы Ошто 1500, Токмокто 2000 сом болду деп айрым шайлоочулар айтып жатышат. Анын чындыгы барбы? Добушту мындай акчага кайсы партиялар сатып алышты? Деги такыр акча таратпаган партиялар болдубу?

Айнура Усупбекова: Добуш сатып алып жаткан партиялардын өкүлдөрүн, талапкерлерди кармоо тартип коргоо органдарынын милдети, бул биздин милдет эмес. Бул жерде коркунучтуу нерсе - партиялардын талапкерлеринин өз ара атаандаштыгынын жоктугу. Алар бири-бирине көз салып, бири-биринин айыбын ачып, чара көрүүгө аракет жасашы керек. Тилекке каршы, баары эле ушул ыкманы колдонуп жатышкандыктанбы мындай мыйзам бузууларды көргүлөрү келген жок. Шайлоочулар да ушундай абалдан пайдаланып, кимиси көбүрөөк берер экен деп аңдып отурушту. Баарынан коркунучтуу ушул көрүнүш болуп жатпайбы!

Кубатбек Султанбеков: Добуш сатып алуу көрүнүшү коомго сиңип кетти. Эми аны саясий маданиятты көтөрүү аракети менен оңдоо зарыл.

“Азаттык”: Айнура айым, чындыгында бийлик добушту бурмалоо болбосу үчүн биометрикалык маалыматты колдонууну, компьютердик эсептөөнү киргизип, добуш берүүнүн акыйкат болушуна аракет жасап жатат. А эмне үчүн шайлоочуларыбыз өз тандоо укугун өзү коргоого даяр болбой жатат? Эмне үчүн добушун саткан каражат 1-2 күндөн кийин түгөнөөрүн, сөздөрү кыска болорун түшүнбөй жатышат?

Айнура Усупбекова: Ооба, азыр шайлоого элдин ишеними жок. Ошон үчүн анын натыйжасы үчүн аракет көрүү жок. Шайлоочулардын көбү тынчтыкты каалайт жана баары бир бийликтеги партия жеңет деген ойдо. Ошон үчүн тынч эле жашайлычы деп оппозициячыл партияга добуш бербей жатышат. Ушундан улам шайлоочулардын өздөрү активдүү болуп, өзүлөрүнүн жашоосун жакшыртуучу чечимдерди кабыл алуучу партиялардын талапкерлери кандай программа менен келди, берген убадаларын аткарабы деген маселеге көңүл бурушса башкача натыйжага ээ болмокбуз.

“Азаттык”: Жыйынтыктап айтканда, бул шайлоо кийинки шайлоолорго, анын ичинде эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого даярдыкка саресеп сала турган шайлоо болду. Ошондуктан, бийлик да, шайлоочулар да акыйкат жана калыс шайлоого ээ болуш үчүн эң ириде өз жеке жоопкерчиликтерин жогорулатып, талапкерлерге сергек сезим менен мамиле жасоолору зарыл деген ойдобуз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG