Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Тышкы карызды төлөөнүн эң оору 2024-2030-жылдарга туш келет


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстандын тышкы карызын жабууга жалпы чыгашанын 20 пайызы жумшалууда. Эл аралык эрежелерге ылайык, бересе төлөөнүн чеги жалпы чыгашанын 20 пайызынан ашпашы абзел. Бул тууралуу бүгүн парламентте финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстандын тышкы карызы учурда 3 миллиард 764 миллион долларды түзөт. Анын 1 миллиард 400 миллион доллары Кытайдан алынган.

-Карыз төлөөнүн эң бийик чеги 2024-2030-жылдарга туш келет. Бирок биздин ал убакытта ички дүң продуктубуз өскөн болот,- деди Касымалиев.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети бүгүн 2016-жылдын республикалык бюджети менен 2017-2018-жылдарга болжолун талкуулап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG