Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Президенттик шайлоо октябрда өтүшү мүмкүн


Кыргызстандык шайлоочу
Кыргызстандык шайлоочу

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштады.

Иса Өмүркулов бул тууралуу 3-майда "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин президенттик шайлоонун мөөнөтүн 19-ноябрь деп белгилеген. Парламенттеги оппозициячыл азчылыктагы "Ата Мекен" фракциясы болсо шайлоо август айынын этегинде өтүшү керек деп билдирген.

"Шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамды өзгөртүү боюнча атайын жумушчу топ иштеди. Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты, бул мыйзам долбоордун авторлорунун бири Дастан Бекешов парламенттик угууда шайлоонун мөөнөтүн эртелетүү тууралуу сунуш түшкөнүн маалымдады:

- Эгер президенттик шайлоодо экинчи тур болуп калса анда шайлоо жаңы жылга чейин узарып кетет экен. Ошондуктан биз буга чейин белгиленген мөөнөттү алдыга жылдыралы деп жатабыз. Мисалы, Иса Өмүркулов 15-октябрга жылдыруу боюнча сунуш берди. Биз муну карап чыгабыз, силер дагы өз оюңарды айтасыңар. Биз муну комитетте да талкуулайбыз.

Кыргызстан шайлоону качан өткөрөт?

Кыргызстан шайлоону качан өткөрөт?

Кыргызстанда күздө өтчү президенттик шайлоонун күнү талкууга алынууда.

"Ата Мекен" фракциясы буга чейин президенттик шайлоону 27-августта өткөрүүнү сунуштап чыккан. Фракция лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов азыркы президент 2011-жылы 1-декабрда кызматка киргендиктен жаңы шайланган президент ушул жылдын 1-декабрынан кечикпей ант бериши керек деп эсептейт:

- Баш мыйзамдын 61-беренесинде президент алты жылга шайланат деп так, даана жазылып турат. Конституция бул беренени башкача чечмелегенге, түшүндүргөнгө жол бербейт. Ал эми 63-берененин 2-пунктундагы президенттин мөөнөтү жаңы президент ишке киргенде бүтөт деген ошол инаугурация жараяны. Инаугурацияда ант бергенден кийин жаңы президент өз кызматына киришет. Эски президенттин мөөнөтү ошондо бүтөт деген эле сөз. Кээ бир эксперттердин логикасы менен эски президент жаңы президент келмейинче, улам-улам бир шайлоону жокко чыгарып коюп кызматында отура береби? Бул деген башаламандык да.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо мөөнөтүн 1-декабрга байлабаш керек деген кайчы оюн айтты. Ал президенттик шайлоо мыйзамда белгиленген күнү өтөт деп кошумчалады:

- Биз бул маселени талкуулап жатканда президенттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча жол-жобонун баары 1-декабрга чейин жасалып бүтүшү керек деген ойдон карабашыбыз керек. Азыркы конституциялык мыйзам боюнча шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисине белгиленген. Эгер башка күнү кайра шайлоо болсо деле президент ушул күнү, ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде шайланган болуп эсептелет. Эгерде бул мыйзам датага байланыштуу өзгөрсө анда биз ошол жаңы мыйзам менен иштейбиз.

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Азаттыкка" комментарий берип жатып шайлоону 15-октябрга белгилөө сунушун мындайча чечмелеп берди:

- 15-октябрдан кийин экинчи турга да убакыт болот. БШК дагы 20 күнгө чейин жыйынтыгын чыгарат. Буга да мөөнөт болот. Соттошсо соттошконго да мөөнөт болот. Мына ошентип декабрга чейин шайлоо толугу менен бүтөт. Бирок шайланган күн 15-октябрь болуп эсептелет. Ошондуктан бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болбойт. Бул жерде проблеманы ойлоп таппай, жөндөн жөн кымгуут кылбаш керек. Азыркы мыйзамда жазылганына байланыштуу мөөнөттүн жылдырууну биз сунуштап жатабыз. Октябрда өткөрүүнү сунуштоонун дагы бир себеби жайында элдин баары эс алууда болот, жайлоодо, ар кайсы жактарда болушат. Биз аларга да добуш берүүгө мүмкүндүк беришибиз керек. Биз буга чейин жайдын күнү да шайлоо өткөргөнбүз. Баштан өткөн. Эч ким келген эмес, добуштарды бурмалоо болгон.

Жээнчороев: Шайлоо 100 күн мурда жарыяланышын сунуштап жатабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:46 0:00
Түз линк

"Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда шайлоочулардын тизмеси, аялдарга берилген квота, шайлоо күрөөсү боюнча да сунуштар айтылды. Мисалы, президенттикке талапкерлерге күрөө акыны 100 миң сомдон эки миллион сомго чейин көтөрүү демилгеси болду. Бул сунуштар эми алгач парламенттин тиешелүү комитеттеринде, андан соң жалпы жыйында экинчи окууда каралмакчы.

Президенттик шайлоону октябрда өткөрүү сунушталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG