Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө АКШ катышпайт


Сирия.
Сирия.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Астана шаарында өтүүчү сүйлөшүүгө делегациясын жибербесин билдирди. 23-январда Казакстандын баш калаасында баштала турган Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүгө АКШнын Астанадагы элчиси гана катышат. Мындай билдирүү жаңы шайланган президент Дональд Трамп ант берип, кызматына киришкенден кийинки күнү жарыяланды.

АКШнын Казакстандагы элчиси Жорж Крол элчилик кызматка 2015-жылы январда дайындалган. Ал буга чейин АКШнын Өзбекстандагы жана Беларустагы элчиси болуп иштеген. Жорж Крол ошондой эле АКШ мамдепартаментинин Орусия менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Москвада, Санкт-Петербургда, Киев, Варшава жана Нью-Делиде дипломаттык кызматтарда иштеген.

Мурдараак Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Дональд Трамп Астанага Жакынкы Чыгыш боюнча экспертин жиберет деген үмүтүн билдирген. Астанадагы сүйлөшүүгө Орусия, Иран жана Түркия катышат.

Астанадагы сүйлөшүүлөрдү колдоого аларын БУУнун Коопсуздук Кеңеши да маалымдап, бирок булар БУУ жүргүзүп жаткан тынч сүйлөшүүлөргө жолтоо болбошу керек деген үмүтүн билдирген. Астанадагы сүйлөшүүлөргө Улуттар Уюму Сирия боюнча өкүлү Стеффан де Мистураны жиберет. Батыш өлкөлөрү Астанадагы сүйлөшүүлөр Сириядагы алты жылдан бери созулуп келе жаткан кан төгүүгө чекит коеруна шектенип турушат.

XS
SM
MD
LG