Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

БШК депутаттарга мандат тапшырды


Мандат тапшыруу аземи. Жогорку Кеңеш. 28-октябрь, 2015-жыл
Мандат тапшыруу аземи. Жогорку Кеңеш. 28-октябрь, 2015-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына депутат болуп келаткан 120 кишинин аты-жөнүн жарыялады. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш алгачкы жыйынга чогулду.

Мыйзамга ылайык бүгүн Жогорку Кеңеште жаш курагы жагынан башка депутаттардан улуу эсептелген Анвар Артыков төрагалык кылды. Жаңы депутаттар менен кошо жыйынга БШКнын толук курамы катышты. Анын төрагасы Туйгуналы Абдраимов шайлоонун жыйынтыгы туурасында отчет берип, депуттарга мандат тапшырды.

Мындан тышкары фракция жетекчилери да шайланды. КСДП фракциясын - Чыныбай Турсунбеков, “Ата Мекен” фракциясын - Өмүрбек Текебаев, “Кыргызстан” фракциясын - Канат Исаев, “Республика- Ата-Журт” фракциясын - Өмүрбек Бабанов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясын Бакыт Төрөбаев жетектейт. “Бир Бол” фракциясынын жетекчилигине Алтынбек Сулайманов шайланды.

Буга чейин “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен чыгарылган айрым талапкерлер Жогорку Сотко кайрылып, териштирүү жүрүп жатканына байланыштуу мандат берүү мөөнөтү жылган эле. Сотто алты киши утуп алган. Андан сырткары “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан бир талапкеринин арызы да анын пайдасына чечилген.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын добуштарды кайра санап чыгууну талап кылган арызын 27-октябрда Жогорку Сот канааттандырган эмес.

Мандат алгандардын тизмеси

Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына депутат болуп келаткан 120 кишинин тизмеси:

КСДП - 38 мандат:

1. Чыныбай Турсунбеков
2. Асылбек Жээнбеков
3. Данияр Аттокуров
4. Галина Скрипкина
5. Марат Аманкулов
6. Илхом Маннанов
7. Жанарбек Акаев
8. Асел Кодуранова
9. Мээрбек Мискенбаев
10. Дастан Бекешев
11. Иса Өмүркулов
12. Евгения Строкова
13. Кожобек Рыспаев
14. Улан Примов
15. Анвар Артыков
16. Жылдыз Мусабекова
17. Мухтарбек Айнакулов
18. Төрөбай Зулпукаров
19. Тилектеш Исаев
20. Элвира Сурабалдиева
21. Рыскелди Момбеков
22. Нодирбек Каримов
23. Гүлкан Молдобекова
24. Узарбек Жылкыбаев
25. Осмонбек Артыкбаев
26. Искендер Матраимов
27. Ашэра Халикова
28. Бакытбек Жетигенов
29. Азамат Арапбаев
30. Мурадыл Мадеминов
31. Карамат Орозова
32. Сайдолимжон Жураев
33. Кыянбек Сатыбалдиев
34. Искендер Кадыркулов
35. Айнуру Алтыбаева
36. Абтандил Кулбараков
37. Акылбек Султанов
38. Абдывахап Нурбаев

«Республика Ата-Журт» партиясы – 28 мандат:

39. Өмүрбек Бабанов
40. Алтынай Өмүрбекова
41. Талант Мамытов
42. Акылбек Жамангулов
43. Максат Сабиров
44. Таабалды Тиллаев
45. Руслан Казакбаев
46. Курманкул Зулушев
47. Динара Исаева
48. Жыргалбек Турускулов
49. Бактыбек Сыдыков
50. Кенжебек Бокоев
51. Рада Туманбаева
52. Алиярбек Абжалиев
53. Аида Исмаилова
54. Пархат Тулендыбаев
55. Махабат Мавлянова
56. Үмбеталы Кыдыралиев
57. Улан Чолпонбаев
58. Екметкул Байбакпаев
59. Адыл Жунус уулу
60. Мирлан Жээнчороев
61. Нургазы Нишанов
62. Бактыбек Райымкулов
63. Фархат Иминов
64. Калдарбек Баймуратов
65. Айбек Алтынбеков
66. Болотбек Ибраимжанов

«Кыргызстан» партиясы - 18 мандат:

67. Канатбек Исаев
68. Азизбек Турсунбаев
69. Нурбек Алимбеков
70. Чолпон Султанбекова
71. Жыргалбек Калмаматов
72. Дастанбек Жумабеков
73. Урмат Ишенбеков
74. Тынчтыкбек Конушбаев
75. Нурланбек Макеев
76. Элмира Жумалиева
77. Канатбек Муратбеков
78. Дамирбек Асылбек
79. Кубанычбек Нурматов
80. Чолпон Эсенаманова
81. Алмазбек Баатырбеков
82. Арзыбек Кожошев
83. Данияр Төлөнов
84. Таалайбек Масабиров

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы – 13 мандат:

85. Бакыт Төрөбаев
86. Алтынбек Жунус уулу
87. Исхак Масалиев
88. Гүлшат Асылбаева
89. Тынчтык Шайназаров
90. Абдыкапар Султанов
91. Мирлан Бакиров
92. Абылкайыр Узакбаев
93. Камчыбек Жолдошбаев
94. Заядин Жамалдинов
95. Абдумажит Юсуров
96. Алмаз Жутанов
97. Тазабек Икрамов

«Бир Бол»партиясы – 12 мандат:

98. Мыктыбек Абдылдаев
99. Алтынбек Сулайманов
100. Игорь Чудинов
101. Чолпон Жакупова
102. Акылбек Жапаров
103. Аскарбек Шадиев
104. Жаныбек Бакчиев
105. Лунара Мамытова
106. Исхак Пирматов
107. Кубанычбек Жумалиев
108. Алмасбек Акматов
109. Бакыт Есенбаева

«Ата Мекен» партиясы – 11 мандат:

110. Өмүрбек Текебаев
111. Садык Шер-Нияз
112. Аида Салянова
113. Наталья Никитенко
114. Жоомарт Сапарбаев
115. Бахадыр Сулейманов
116. Айсулуу Мамашова
117. Сайдулла Нышанов
118. Алмамбет Шыкмаматов
119. Эмил Токтошев
120. Каныбек Иманалиев.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы Жыргалбек Саматов Орусиянын жараны болгон үчүн мандат берилбей турганын маалымдады.

Атап айтканда, Жогорку Кеңешке “Республика Ата-Журт” партиясы менен ат салышкан Жыргалбек Саматов Орусиянын жараны болгондугуна байланыштуу тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди. Анын орус жарандыгы бар экени мандат бөлүштүрүнүн алдында аныкталган.

Партия Жыргалбек Саматовду өз аймагынан жетиштүү добуш албагандыгына байланыштуу тизмеден чыгарган болчу. Бирок Саматов сотко берип, утуп алган жана мандат алуу укугуна ээ болгон эле.

Саматов буга чейин "Ата Журт" партиясынан парламент депутаты болчу.

Парламентке шайлоо 4-октябрда өткөн. Ага 14 партия ат салышып, алтоо утуп чыккан.

XS
SM
MD
LG