Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Оппозиция "мураскерге" жол бербөөгө аракеттенет


Бишкектеги Ак үй
Бишкектеги Ак үй

Бишкекте 13-февралда бир катар оппозициячыл маанайдагы саясатчылар, партия лидерлери жана жарандык коом өкүлдөрү форумга чогулду.

Форумда алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүү, “мураскер операциясына" каршы туруу маселелери талкууланды.

Жыйында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен онго жакын бөлүмдөн турган резолюция кабыл алынды жана анын аткарылышын көзөмөлдөгөн координациялык кеңеш түзүлдү.

Президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүткөндө "мураскер" калтырбай турганын такай айтканы менен ага ынанбагандар көп.

Саясий форумга “Ата Мекен”, “Ар Намыс”, “Ата Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Таза Кыргызстан", “Азаттык”, “Аалам”, “Эрк”, “Замандаш” партияларынын лидерлери, мүчөлөрү, коомдук-саясий ишмерлер, мурунку депутаттар катышты.

Оппозиция: "мураскер операциясына" жол жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:15 0:00

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, бийликтин "мураскер" алып чыгуу аракеттерине эң ириде коомчулук каршылык көрсөтүп, ошого даяр болушу керек:

- Шайлоого дагы алты айдан ашык убакыт бар. Ошого чейин коомдук пикирди даярдашыбыз керек. "Мураскер" тандоо туура эмес экенин эл билиши керек. Мына ошондо гана Атамбаев көрсөткөн, тандаган саясатчынын мүмкүнчүлүгү азаят. Мына Түштүк Кореяда маалымат министрине иш козгоп жатат. Анткени ал мурунку президенттин тушунда "кара тизме, ак тизме" деп элди бөлгөн саясат жүргүзгөн экен. Бүгүн президент өзү баш болуп элди "ак тизме, кара тизме", "эл душманы" деп саясатчыларды бөлүп-жарып жатат. Мына ушундай саясат жүргүзгөн аткаминерлерге керек болсо иш козголушу керек. Иш козгонго жетишерлик далил болбосо аларды мамлекеттик кызматка экинчи жолотпош керек. Люстрациянын негизги максаты ушул. Бул комплекстүү кете турган иш-чара. Анткени "мураскер" дагы ошол люстрацияга кире турган саясатчылардын арасынан чыгат. Бул биринчи кезекте коомдук пикирди даярдоого багытталышы керек. "Мураскер" дегенде эл ага каршы добуш бергидей абалга жеткирүү керек.

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жыйында 2011-жылдагы президенттик шайлоону эстеди. Ошол кезде бийликте турган адамдар добуш берүүдөгү мыйзам бузууларды көз жаздымда калтырган деп айыптады. Ташиев "мураскер" маселеси боюнча дагы оюн ортого салды:

- Мына ошол шайлоого талапкер болуп катышкан үч-төрт адам азыр ушул жерде отурабыз. Ошондо жүз миңдеген адамдар добуш бере албай калды. Муну кимиңер чыгып айттыңар? Өмүрбек Текебаев деле бир ооз сөз айткан жок. Ошондо силер бир эле максатты көздөгөнсүңөр, каалаган адамыңарды президент кылып шайлап алабыз дегенсиңер жана ошол максатыңарга жеттиңер. Шайлоодогу мыйзам бузууларды, бир канча адамдардын добуш бере албай калганын сөз кылган эмессиңер. Биз болсо чыркырап кала бергенбиз. Таңгакталган бюллетендерди жок кылган фактыларды көргөнбүз. Ошондуктан кимдир бирөөлөргө ыңгайлуу болгондо таза шайлоо керек деп айтып чыгып, ыңгайлуу болбогон учурда унчукпай калганды токтотушубуз керек. Ошондо гана шайлоо таза өтөт. Мына бүгүнкү жыйынга буга чейин президенттик шайлоого барарын жар салган адамдардын бирөө дагы келген жок. "Мураскер" эми ар кандай болушу мүмкүн, ошон үчүн тактап алышыбыз керек. Эртең Алмазбек Атамбаев чыгып туруп “мен баарын көрдүм, баарын таразаладым, ушул Өмүрбек Текебаевди "мураскер" кылып шайлайлы”, деп айтса биз эмнеге ага каршы чыгышыбыз керек. Же болобосо “эң жакшы адамдардын бири Адахан Мадумаров экен, ушуну шайлайлы”, десе эмнеге каршы чыгышыбыз керек. Ошондуктан бул маселеге да өтө этият мамиле кылышыбыз керек. Мураскер кайдан чыгышы керек, кимдер аркылуу чыгышы керек, кандай адамдар мураскер болот, мына ушуну тактап алсак жакшы болот эле.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев жарандык коомдун ролуна токтолду. Бийликтин "мураскер" болбойт дегендерин "кыялый жомок" деп сыпаттады:

- Биз саясий күрөштүн биринчи этабын уттуруп койдук. Эгерде ушул саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү ушундай форматта жолугуп, элге чыкканда балким референдум өтмөк эмес. Президенттик шайлоо ушундай эле күч менен өтөт. Бийликтин "мураскер" операциясы болбойт деген жомок. Анткени бийликтин табияты ошондой. Кетип жаткан бийлик өзүнө ыңгайлуу, өзүнүн салтын уланта турган, кийин өзүн текшербей турган күчтү алып келгенге аракет кылат. Балким сиздер бийликте болсоңуздар, сиздер деле ушундай кылмаксыздар. Буга каршы эки эле жол бар. Биринчиси – жарандык коом күчтүү болушу керек. Мисалы, Түштүк Корея менен Францияда жакында шайлоо болот. Бирок эл айрымдарын электен өткөрүп, шайлоого жеткенче эле кээ бир адамдарды баш тартууга аргасыз кылды. Муну жарандык коом жасап жатат. Экинчиси - мыйзамдын үстөмдүгү. Бирок биз керектүү мыйзамдарды кабыл алганга жетишпейбиз. Себеби биз май айынан кийин шайлоого байланыштуу мыйзамдарды кабыл ала албайбыз. Демек азыр биз айтып жаткан сунуштарыбыз, пикирлерибиз моралдык-саясий гана күчкө ээ.

Саясий форумда азыркы өкмөткө байланыштуу сын пикир көп айтылды. "Көлөкөдөгү өкмөттүн" төрагасы, “Таза Кыргызстан” партиясынын лидери Марат Иманкулов таза шайлоо өткөрүү үчүн эл ишениминдеги өкмөт дайындалышы керек деп билдирди:

- Азыркы өкмөт, мамлекеттик органдардын жетекчилери менен таза шайлоо өткөрүү күмөн. Буга чейинки президенттик, парламенттик шайлоолор, референдум таза өткөн эмес. Муну ошол шайлоолорго катышкан адамдар деле, коомчулук деле билет.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун пикиринде, шайлоого байланыштуу саясий-социалдык чыңалуу сөзсүз болот. Ал азыркы шайлоо системасына ишеним аз экенин кошумчалады.

- Негизинен бүгүн саясий күчтөрдүн биригүүсү мүмкүн эмес. Себеби жапайы коомго айланып калганбыз. Эл дагы, саясатчылар, мыкты чыкмалар, аксакалдар да бирикпейт. Ушундай кырдаалда эмне кылышыбыз керек деген маселеден улам жыйналып отурабыз. Мына жыйында бул өкмөттү кетирип, эл ишениминдеги өкмөт түзүү керек, БШКнын азыркы курамын толугу менен алмаштыруу зарыл деген өңдүү ар кандай сунуштар айтылып жатат. Биз ошолордун баарын угуп, топтоп кийинки жыйынга чейин анын талдап, бир пикирге келүү мүмкүн. Бирок ал деле биригип кеттик дегенди билдирбейт.

Президент Алмазбек Атамбаев "мураскер" көрсөтпөй турганын такай айтып келет. Бир жыл мурун журналисттер менен жолукканда дагы бышыктаган.

Атамбаев: Мураскер даярдабайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

Азырынча эки саясатчы: мурунку премьер-министр Темир Сариев менен Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышарын расмий жарыялады.

Социал-демократтар президенттикке кимди көрсөтөрү коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган маалда "мураскер" Бишкек шаарынын мурунку мэри, Кыргыз-орус фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматов болот экен деген өңдүү сөздөр чыгып кетти. Кулматов бул маалыматты дароо эле төгүндөдү.

"Мураскер" дегендердин арасында президенттик аппараттын биринчи орун басары Сапар Исаковдун да аты аталып жаткан. Исаков 13-февралда анын талапкерлигин коюу маселеси ушул тушта күн тартибинде жоктугун айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG