Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Партиялар мыкчыгерлерин жарышка чыгара баштады


Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленди
Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленди

“Ата Журт” партиясынан президенттике атаандашсыз негизде талапкер катары депутат Камчыбек Ташиев көрсөтүлдү. Анын талапкерлиги курултай делегаттарынын кароосуна коюлуп, бир добуштан бекитилди.

Камчыбек Ташиев парламенттик башкаруу жыйынтыгын бербей жаткандыгын айтып, мына ошондуктан президенттикке аттангандыгын белгиледи:

Камчыбек Ташиев - "Ата Журт" партиясынан президенттикке талапкер
- Бийлик элдин ишенимин актаган жок. Элдин турмушунда өзгөрүүлөр болбой жатканын моюнга алышыбыз керек. Парламенттик башкарууну киргизүү боюнча саясий эксперимент өз жемишин бербегенин баса белгилеп койгум келет. Мына ошонун натыйжасында бийлик институттары алсырап, иштебей калды. Борбордун буйруктары аймактарга жетпей калды.

“Ата Журт” партиясынан бирдиктүү талапкер катары расмий түрдө К.Ташиев көрсөтүлгөнү менен, партиянын башка төрт мүчөсү да шайлоого аттана турганы маалым болду. Алар бирок өздөрүнүн талапкерлигин партиянын атынан жылдырбастан, мыйзамдагы өзүн-өзү көрсөтүү укугунан пайдаланышмакчы.

“Ата Журт” партиясынын төрагасы Садыр Жапаров мындай шартта президенттик орун үчүн күрөштө күчтөр чачыранды болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт:

Садыр Жапаров президенттикке талапкерликтен баш тартты
- Бизде партиянын лидери талапкерлигин коюп жатат, сен койгонго болбойт деген түшүнүк жок. Мына ошондуктан өз алдыларынча биздин фракциядан эле депутаттар М. Султанов, Н. Түлеев, К. Осмонов жана М. Абдылдаев президенттик орунга өздөрүнүн талапкерликтерин койо турган болушту. Албетте бул саясатчылардын ар кимисинин артында чоң электораттары бар экендигин эске алганда, мына ошол шайлоочулардын армиясы бөлүнө турган болсо, бизде добуштар чачыранды болот. Бирок эми жыйынтык кандай болоору баары-бир Кудайдан.


“Ар-намыс” кайра талапкер тандайт

Партиянын IX курултайына катышкан 170 делегат Акылбек Жапаров менен Анарбек Калматовду президенттикке талапкер катары жылдырып, колго сала келгенде А.Калматов – 96, А.Жапаров – 72 добуш алды.

Феликс Кулов: "Ар-намыс" партиясы 10 күндө кайра талапкер тандоо өткөрөт
Алгач көпчүлүк добушка ээ болгон Анарбек Калматов партиянын атынан бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлмөй болгон. Акылбек Жапаров болсо өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу президенттикке талапкерлигин койо тургандыгын жарыялаган.

Кийинчерээк партиянын лидери Феликс Куловдун демилгеси менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ф.Кулов “Азаттыкка” алдыдагы 10 күндүн ичинде “Ар намыс” партиясы жаңы курултай өткөрүп, талапкер тандай тургандыгын билдирди.

- Тилекке каршы курултайдагы чоң кемчилик – даярдык чукул, болгону үч күн жүрүп, ага жараша уюштуруу комитети жетиштүү иш жүргүзбөй калыптыр. Жыйынтыгында делегаттарда нааразылык болду. Анткени бардыгы жетишип келе албай калышты. Ошондуктан, курултайды жокко чыгарып, он күн ичинде делегаттарды толук курамында кайра чогултуу чечимине келүүгө аргасыз болдук.

Ал арада бул партиянын лидери Ф. Куловдун саясий санаалашы Ө.Суваналиев президенттикке жеке талапкер катары аттана тургандыгын "Азаттыкка" айткан болчу. Мына ошондуктан серепчилер “Ар-намыс” партиясы кайсы талапкерге негизги күчтү жумшай тургандыгы белгисиз калып жаткандыгын айтышууда.

(Ф.Кулов менен маекти толук окуңуз: http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_kulov_election/24260794.html )

XS
SM
MD
LG