Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

Жаңы саясий элита таптоо санаасы


Мамлекеттик туу күнүндө туу көтөргөн жаштар. Бишкек, 2012-жылдын марты.

Мамлекеттик туу күнүндө туу көтөргөн жаштар. Бишкек, 2012-жылдын марты.

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жаңы саясий элита келээрин жар салды.

Президент буга чейин да “Азаттыктагы” маегинде билимдүү жаштардын башын бириктирип, жаңы элитаны даярдоого өзү киришкенин билдирген болчу. Мындан улам айрым серепчилер бийлик кийинки шайлоого өзүнүн сөзүнөн чыкпаган, көз каранды “элитаны” даярдап жатат деп сындашууда. Деги эле Кыргызстанга кандай элита керек?

Жаңы элитага муктаждык

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жуманын соңунда иштермандарга сыйлык тапшырып жатып, 2015-жылдагы шайлоодо саясий элита өзгөрөөрүнө үмүт артканын жана ага ишенерин билдирди. Бул күнү былтыр жарыяланган Иштерман жылынын урматына республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык жана ак ниет эмгеги жана эрдиги үчүн ар кандай тармактагы кызматкерлерге мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземи болду. Анда мамлекет башчы азыр дагы өлкөнү бөлүп-жарууга кызыкдар адамдар ичтен да, сырттан да бар экенин белгиледи. Ошондой эле мурдагы бийликте өлкөнү тоноп, саткан адамдар азыр “мекенди коргоо керек” деп төш каккылап жүрүшкөнүн айтып өттү.

- Бир жарым жылдан кийин парламенттик шайлоо болот. Мен өлкөдө саясий элита алмашат деп ишенем.
Саясатта эч ким элитаны өзгөртө албайт. Аны турмуш өзү алып чыгат...

Кыргызстанда саясий элита өзгөрүшү керектигин Атамбаев буга чейинки жыйындарда, “Азаттыкка” маегинде да белгилеген. Ал билимдүү жаштардын башын бириктирип, жаңы элитаны таптоого өзү белсенгенин айтканы бар.

- Элитаны шаарда эле отуруп тандайт деп ойлобогула. Бул көпкө созула турган системалык процесс болот. Ар бир региондон ушундай иштерди жүргүзүп баштайбыз. Элитага жалаң эле чоңдордун балдары барат деген сөз да болушу мүмкүн. Албетте мындай коркунуч бар, бирок андай болбойт.

Негизи эле оригиналдуу ою, өзгөчө өлкөнү өргө сүрөчү идеялары бар, башкаруу системасына өзгөрүү алып келчү жаңы элитанын, жаңы өңдөрдүн келишине кыргыз коому деле кызыкдар. Бул жагынан алганда мамлекет башчынын “жаңы адамдар келиши керек” деген сөзүн кубаттагандар жок эмес.

Жаңы саясий элита деген кимдер? Билимдүү, сырттан окуп келген, көп тил билген жаштарбы? Же өз ишин мыкты билген, тажрыйбалуу, бирок карды ток, мамлекеттин казынасына кол сунбаган мурдагы кызматкерлерби?

Саясат таануучу Чынара Эсенгул мына ушул эки нерсени тең ала жүргөн адамдардын жоктугу маселе жаратканын айтты:

- Жаңы муун, жаңы элита али жаш деген ойдомун. Жаштарда тажрыйба жок болуп жатат. Ал үчүн бардыгы иштегенге мүмкүнчүлүк болушу керек. Андай мүмкүнчүлүктү биздин саясий система бербей келген. Билимди дагы, тажрыйбаны да айкалыштырып ала жүргөн адамдар азыраак болуп атат. Мүмкүн чын эле 1,5 жылда даярдап, топтолоттур. Ал үчүн дагы жакшылап иштеш керек. Президент ошондой ою болгон үчүн айтып жатса керек.

Элита кантип калыптанат?

Анктен менен айрым серепчилер саясий элита кантип тандалаарын, алар кимдер экенин талдай башташты. Айрымдары бийлик кийинки шайлоого өзүнүн сөзүнөн чыкпаган, көз каранды “элитаны” даярдап жатат деп сындашууда.

Саясий элитаны кошуна бөлмөгө камап коюп, эртең шайлоо болгондо оозун ачам дегендей эле кеп болуп жатпайбы...

Мисалы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов президент жогорку кызматтарга «брежневдик» системанын адамдарын сунуштап жатканын сындаган эле. Ал саясатта эч ким элитаны өзгөртө албайт деген пикирде:

- Парламент адекваттуу эмес, биз адекваттуу парламентти кийинкиде алып келебиз деп айтты. Ушинтип айткандын өзү эле президенттин деңгээлин көтөрбөйт. Саясатта эч ким элитаны өзгөртө албайт. Аны турмуш өзү алып чыгат. Көпчүлүк эл кимдин сөзүн жактырса, ошолор элита болуп эсептелинет.

Кыргызстан парламенттик башкарууга өттү, саясий система алмашты деген менен элита алмашпай жатканына азыр көптөр нааразы. Бир топ аткаминерлердин эски системаны өзгөртүүгө, жаңыча көз караштагы идеяларды айтууга кудурети жетпегени сынга алынып келет.

Деги эле Кыргызстанда саясий элита калыптана элек дегендер да бар. Саясат талдоочу Бакыт Орунбековдун пикиринде, ал үч фактордун негизинде калыптанат: саясий эркиндик, саясий стабилдүүлүк жана саясий укук.

- Адамдын өнүгүүсүнө эркиндик керек, жакшы аянтча, жакшы мүмкүнчүлүктөр керек. Экинчиси - жакшы, заманбап билим алганга шарт керек. Бизде жакшы билим алыш үчүн сыртка чыгып кетип жатпайбы. Үчүнчүдөн, элита калыптаныш үчүн саясий билим алгандан кийин алган билимин, акылын ишке ашырганга шарт жана эмгек акы деген факторлор керек. Үч шарт тең болбогондон кийин саясий элитаны калыптандыруу мүмкүн эмес. Саясий элитаны кошуна бөлмөгө камап коюп, эртең шайлоо болгондо оозун ачам дегендей эле кеп болуп жатпайбы. Бүгүнкү жүргүзүлүп жаткан саясат дагы ачык, адилет болушу керек. Жаштарды мамлекеттик кызматка тартуу боюнча жакшы саясат жок. Мамлекеттик кызматтарга сынак аркылуу алынсын деген мыйзам иштебейт.

Президент Атамбаев билимдүү жаштардын башын бириктирген долбоорду баштаганын былтыр жайында айткан эле. Бирок азырынча коом андан көп өзгөрүүнү көрө элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG