Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Узап бараткан жумада “Датка-Кемин” электр зымы тартылып бүтүп, энергетикалык көз карандысыздык жарыяланды. Шайлоого катыша турган партиялар аныкталды. “Вечерний Бишкек” гезити жаңы кожоюнга өттү.

Глобалдык дүйнөдөгү кадамдар...

Кыргызстан глобалдык дүйнөнүн бир бөлүгү. Мына ошол глобалдык дүйнөдөгү жараяндар Кыргызстанды дагы чарпып өтүүдө. Өткөн жумаларда Кытай валютасы юанды девальвациялоо дүйнөлүк биржаларда акциялардын төмөн кетүүсүнө жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн валюталарынын алсыздануусуна алып келди. Кыргызстан валютасы да Орусия жана Казакстандын валюталарынын соңунан долларга карай күчүн жоготту.

Мына ушундай финансы-экономикалык жараяндардын себебин ири мамлекеттердин геосаясий тирешүүсүнөн көргөндөр да бар. Аны Орусия менен Батыштын ортосундагы карама-каршылык жана бирин -бири алсыратууну көздөгөн санкциялык согуштар тастыктап турат.

Кыргызстан дүйнөлүк финансы-экономикалык жараяндарга кааласа, каалабаса да тартылат. Бул азыркы заманда мыйзам ченемдүү нерсе. Ал эми геосаясатта жасаган кадамына жараша жооп алууда. Маселен, Бишкектин тышкы саясаттагы акыркы кездердеги кадамдары Батыштан “обочолонууга” алып келүүдө.

Бул, расмий Бишкектин кыргыз-америка келишиминен чыгып кетүүсү, президент Алмазбек Атамбаевдин сентябрь айынын аягына белгиленген Кошмо Штаттарга бир жумалык сапардан баш тартуусунан көрүнүп турат. Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун жыйынына катышмак.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов президенттин БУУнун жыйынына катышуусу туура болмок дейт:

- Илим боюнча тышкы саясат ички саясаттын уландысы. Ички саясатта кандай башаламандык болсо, тышкы саясатта деле ошондой болот. Беш жылдан бери президент БУУда сүйлөй элек. Ага эмне себеп болуп жатканын билбейм. БУУга барып, Кыргызстан жөнүндө сөз айтып, көптөгөн мамлекеттердин арасында атын чыгарса жакшы болмок.

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуусу башка мамлекеттер менен, эл аралык уюмдар менен кызматташуусуна терс таасирин тийгизбеши керектигин кошумчалады.

АКШ жана Европа менен мамиленин начарлашы Кыргызстан үчүн көп жагынан зыяндуу. Ал илим-билим, технологиядан тартып, финансылык, гуманитардык жардам алууларды камтыйт. Бюджеттик тартыштыгы 25 млрд. сомдон төмөндөбөй турган Кыргызстан үчүн эл аралык финансылык уюмдардын жардамы канчалык зарыл экенин айтпаса да түшүнүктүү.

Энергетикалык кризистеги энергетикалык көз карандысыздык...

Бирок Бишкек, Батыштан келчү жардамдын кенемтесин Кытай жана Орусиянын жардамы менен толтурууну көздөөдө. Кытайдын насыясына ири долбоорлор аткарылууда. Бээжин үч жылдын ичинде бөлө турган 1 млрд. юань грантка Бишкектин жолдору оңдолору кабарланды. 1 млрд. юань бул чоң акча. Кыргыз сомуна айлантканда 10 млрд. сомдун тегерегиндеги каражат болот.

Кытай насыясы менен курулган “Датка-Кемин” электр зымы тартылып бүтүп, ишке киргизилгени 28-августта жарыяланды. Ага 400 млн. долларга жакын Кытай насыясы жумшалды. Бул электр зымынын тартылып бүтүүсү менен Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти деп айтылды. Бирок Токтогул суу сактагычында суу бөксөрүп, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун карааны көрүнбөй жаткан мезгилде энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик деген артыкчылык кылары да түшүнүктүү.

Энергетика боюнча эксперт Райымбек Мамыров “Датка-Кемин” электр зымынын тартылып бүтүшүнө мындай баасын берди:

- Бул зымдын тартылышы менен өзүбүзбүн электр энергиясын өзүбүз пайдаланганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мурда Өзбекстанда электр энергиясы жетишпегенде биздин өтүп бараткан электр энергияны алып койчу. Бизге жетпей жаткан. Биз ага чара көрө албай жүргөнбүз. Анткени биз өчүрүп кое турган болсок, анда Бишкектин жарымына электр энергиясы жетпей калмак. Ошол маселе чечилди.

Райымбек Мамыров буга чейин Токтогул ГЭСинен түндүк тарапка тартылган жогорку чыңалуудагы бир электр зымы болсо, эми экөө болуп калганын кошумчалады.

Энергетикалык көз карандысыздык жөнүндө сөздү улай турган болсок, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болуп, ал эми электр энергиясын керектөө өсүп турган мезгилде ал жөнүндө сөз кылуу эртедей. 28-августка карай Токтогулда суунун көлөмү 12.5 млрд. кубметрге жакындады. Райымбек Мамыровдун айтымында, мынчалык өлчөмдөгү суу менен Кыргызстан быйылкы жылы да 1 млрд. киловатт саат электр энергиясын сатып алууга аргасыз болот. Кыргызстан жай мезгилинде Тажикстандан, кыш мезгилинде Казакстандан электр энергиясын сатып алып жатканы белгилүү.

Шайлоого бара турган партиялар аныкталды

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катыша турган партиялар аныкталды. Эгерде адегенде шайлоого катышуу ниетин 34 партия билдирген болсо, күрөөгө акчасын 14 партия төктү. Ошондуктан мына ушул партиялар марага чуркай турган болууда.

14 партиянын ичинен “Мекен ынтымагы”, “Улуу Кыргызстан”, “Аалам”, “Кыргызстан элдеринин конгресси” жана “Замандаш” партиялары күрөөгө каражатты акыркы мезгилдерде которуп, тобокелге бел байлаганын көрсөттү. Ал эми “Эгемен Кыргызстан” партиясы Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген мөөнөттө 5 млн. сом которууга үлгүрбөй калды. Ошондуктан бул партия шайлоого катыша албайт деп БШКа билдирди. Буга байланыштуу “Эгемен Кыргызстандын” лидерлери эки күн ачкачылык акциясын да өткөрүштү. Бирок юристтер партиялык тизмелер текшерилип жаткан мезгилде күрөөгө акча которууга болорун аныкташып бергендиктен, алар акциясын токтотушту. “Эгемен Кыргызстандын” лидери Бектур Асановдун билдирүүсүнө караганда, алар келерки жуманын башында күрөөгө калган акчаны которуп, шайлоого барууга камданууда.

Узап бараткан жума ичинде маалымат каражаттарындагы сынга байланыштуу айрым партиялар тизмелерин өзгөртүп, кээ бир талапкерлерди сызып салууга аргасыз болду. Маселен, КСДП өз тизмесинен “Дики” аттуу каймана аты бар Дилмурат Акпаралиевди чыгарды. Бирок кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү деп шектелген Бакыт Жетигенов жана Өмүрбек Бакиров өңдүү талапакерлерин сактап калды. Ал эми “Ата Мекен” партиясы 52 орундагы Калыбек Эстуйбасовду тизмесинен чыгарды. Эстуйбасов фамилиясын өзгөртүп алган кадимки Аида Салянованын жакын тууганы Калыбек Салянова болуп чыкты. Ал табышмактуу жагдайда киши колдуу болгон жаш кыз менен байланышта болгону тергөөдө аныкталган.

Жалпысынан БШКнын текшерүүсүнүн жүрүшүндө партиялык тизмелерден 56 талапкер чыгарылды.

"Вечерний Бишкекте" жаңы кожоюн

28-августта “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы чатакка чекит коюлду. Көп айларга созулган соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Александр Рябушкин бийликтин колдоосу менен эркин басылманы колуна алууга жетишти.

28-августта Бишкек шаардык соту “Вечерний Бишкектин” 65% акциясын, “Рубикон” фирмасынын 50% акциясын Александр Рябушкинге өткөрүп берүү боюнча Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Александр Рябушкин буга чейин эле “Рубикон” фирмасынын 50% акциясын сот аркылуу утуп алган. Эми Александр Кимдин 50% акциясы да анын колуна өтүп, ал “Рубикондун” 100% ээси болуп калды.

Бишкек шаардык сотунун чечими чыкканга чейин эле “Вечерний Бишкектин”, vb.kg сайтынын 17 журналистти кызматынан бошоп кетти. “Вечерний Бишкектин” эми мурунку кожоюну болуп калган Александр Кимдин айтымында, Бишкек шаардык сотунун чечими кандай болору аларга алдын ала маалым болгон. Ошондуктан гезиттин жаңы кожоюну менен эч кайсы шартта кызматташпай турган журналисттер кызматтан кетишти:

- Бул, холдингдин жаңы ээлери менен эч кайсы шартта кызматташпай турган адамдар. Биз ойлогонбуз шаардык сот бүгүн чечим чыгарып берет деп. Бирок эртеңки күнгө которуп коюшту. Демек, эртең чечим кабыл алынат.Ал дароо күчүнө кирет.

Кызматынан кеткендер арасында vb.kg сайтынын редактору Дина Маслова, анын орун басарлары жана сайттын кыргызча редакциясынын журналисттери бар. Алар Александр Ким жана анын командасы ача турган жаңы басылма жана интернет сайтында ишин улантмакчы.

Александр Кимдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, алар ача турган жаңы маалымат каражаттары келерки жумалардан белгилүү болот.

Белгилеп кете турган нерсе, 2005-жылдагы март ыңкылабына чейин да “Вечерний Бишкекти” ал кездеги президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев тартып алган. Ким жана анын командасы токтоп калбай, “МСН” деген аталыштагы гезитти чыгара баштаган. Ал гезит кескин оппозициялык багытта болуп, Аскар Акаевдин бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн жүзүн ачып, март ыңкылабына салым кошкон.

“Вечерний Бишкектин” жаңы кожоюуну болуп дайындалган Александр Рябушкиндин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, соттун чечими чыгышы менен өз мүлкүнө ээлик кылууга киришет. Гезит жана сайттар болсо мурункудай эле ишин улантат деди:

- Баары мурдагыдай эле иштейт. Баары ордунда кала берет. Мен чечимди кабыл алар менен ээлик кылууга киришем. Эч кандай куугунтук, кызматтан бошотуулар болбойт.

Ошентип, Кыргызстандагы таасирлүү “Вечерний Бишкек” гезитинин кожоюну парламенттик шайлоодо үгүт өнөктүгү башталар алдында алмашып отурат.

Акыркы мезгилде бийликтин айрым кадамдарын кескин сынга алып келген басылма жана интерет сайттын кайсы багытта жана нукта болору айтпаса деле түшүнүктүү.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG