Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:32

Апта: дежавю... же тушаган туташ кризистер


“Жаңы муундун” лидерлерин милиция кармап кетүүдө.15-октябрь, 2014-жыл.

“Жаңы муундун” лидерлерин милиция кармап кетүүдө.15-октябрь, 2014-жыл.

Узап бараткан жумада Энергетика жана өнөр жай министрине Кубанычбек Турдубаевди бекитүүдө жаңжал чыкты.

Кыргызстандын “Центерра голд инктеги” 60% акциясы камакка алынганы маалым болду. Баалардын көтөрүлүшүнө каршы чыккан “Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрү күч менен кармалды.

Бийлик билгенин кылуудан калбайбы?

Француздардын эл аралык терминге айланган “дежавю” деген сөзү бар. Бул сөз болуп жаткан окуянын мурда болгондой элес калтырышын туюнтат. Кыргызстандын саясий-экономикалык турмушунда ошондой “дежавю” кайталанып, азыркы кезде болуп жаткан окуялар мурунку бийликтер тушундагы, өзгөчө Аскар Акаев мезгилиндеги окуяларга окшошуп баратат.

R

R

Ошол кездегидей эле аз сандагы адамдар айыгышкан күрөшкө чыгып, ачкачылык жарыялап, аларды күч менен кармап кетип жатышат. Ошол кездегидей эле күмөндүү соттук териштирүүдө “Вечерний Бишкек” гезитин тартып алуу жараяны жүрүүдө. Ошол кездегидей эле президент баарын чечип, бирок бардык кемчиликтерди өкмөткө оодарып коюуда. Ошол кездегидей эле Конституцияны түрдүү себептер менен өзгөртүү демилгелери туш тараптан көтөрүлө баштады.

17-октябрда үч адам: жаш активисттер Төрөкан Жунушалиев жана Мелис Аспеков, ошондой эле укук коргоочу Качкын Булатов ачкачылык жарыялашты. Анын алдында (15-октябрда) милиция кызматкерлери баалардын көтөрүлүшүнө нааразылык билдирип чыккан “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрүн күч менен кармап кеткен. Алар муну мыйзамсыз деп баалашып, Максим Горький паркынын алдында үч активист ачкачылык акциясын башташты. Төрөкан Жунушалиев жана Мелис Аспеков баштаган акцияга келип кошулган укук коргоочу Качкын Булатов талаптары тууралуу буларды билдирди:

-Талап электр энергиясын кымбаттатууну токтотуу, үч фазаны кыйбай ордуна коюу жана Ширшовдун схемасы менен уурдаганды токтотуу, төртүнчү Осмонбек Артыкбаев, Аскарбек Шадиевдерди тергеп, камасын деген талаптар.

Энергетика тармагында болсо кризисттик кырдаал күчүнө кирип, региондордо көп сааттап электр жарыгы берилбей жатканы кабарлана баштады. Мындай шартта кызматынан кеткен Осмонбек Артыкбаевдин ордуна дайындалган Кубанычбек Турдубаевдин мурда соттолгондугу маалым болуп, парламентте саясий жаңжал жаратты.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев Кубанычбек Турдубаевди министрликке сунуштаган бийлик башчыларына кайрылып, анын соттолгондугу тууралуу маалымат текшерилген эмес деген маселени койду:

- Схеманын негизинде 2004-жылы Каракол сотунун чечими менен электр энергия тармагындагы чоң кемчиликтери үчүн бул жигит соттолгон. Анда өкмөт кадрды жакшылап карабай туруп, кантип киргизип жатат?

Өз кезегинде Кубанычбек Турдубаев андай сот иши болгонун, ал тууралуу кызматка дайындалаар алдында президентке да маалымдаганын айтты:

-Чынында эле ошондой маселе болгон. Жоопко биз тартылганбыз. Биздин мойнубузга айып салынган. Бирок айыптан да бошоткон. Мындай маселе болгон. Бул жерде аны жашырбайбыз. Мына ушундай маселе бар деп, президентке да ачык эле айтканбыз.

Кубанычбек Турдубаевдин соттолгондугу тууралуу маалыматтын чыгышы “Ата-Мекен” фракциясынын позициясын чукул өзгөрттү. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев соттолгон адамдын министрликке келишине кескин каршы экенин билдирип чыкты:

-Мына азыркы министрге талапкер Турдубаев “мен соттолгом, соттолгондугум тууралуу жашырбастан президентке дагы айтканмын. Президент боло берет” деп айтты дейт. Мен президентке дагы, кыргыз элине дагы, урматтуу депутаттар силерге дагы айтам, боло бербейт!

“Ата-Мекен” фракциясы Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин колдоодон баш тарткандан кийин Жогорку Кеңеш маселени кийинкиге калтырууну чечти.

Тариф саясатындагы жаңы сунуш

Энергетикалык кризис учурундагы өкмөттүн саясатына келе турган болсок, өкмөт биринчиден, тариф саясатын өзгөртүүнү чечти. Ага ылайык 700 килловат саатка чейин электр энергиясын пайдалангандарга тариф 70 тыйындан калтырылып, андан ашыгына 1 сом. 20 тыйындан баа коюну көздөөдө. Ал эми электр энергиясынын жетишпеген жагын болсо, импорт жана кошумча электр энергиясын иштеп чыгуу, үнөмдөө менен чечүү жагы каралууда.

Энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаевдин сөзү боюнча, Кыргызстанда 2 млрд. 300 млн килловат саат электр энергиясы жетишпейт. Калкка электр энергиясын берүүнү чектөө менен 1 млрд. 200 млн. килловат саат электр энергиясын үнөмдөө каралып жатат. Калган бөлүгүн Бишкек жана Ош жылуулук борборлорунда кошумча электр энергиясын иштеп чыгуу менен кайсы бир деңгээлде толуктоо каралууда. Импорт маселеси болсо сүйлөшүү деңгээлинде турат. Бирок импорттоодо транзит жана баа боюнча татаалчылыктар чыгууда.

"Стэнс энержи корп" жараткан "кокуй"...

Өткөн жумада Москвада “Центерра голд инктин” жетекчилиги менен “Кыргызалтындын” жетекчилиги Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов канадалыктар Кумтөрдө биргелешкен ишкананы акционердик коом тибинде түзүүгө макулдугун берди деп жарыялар замат, Канада тараптан кыргыз өкмөтүн, жалпы эле кыргыз мамлекетин өзөртө сокку урулганы маалым болду.

Канаданын “Стэнси энержи корп” компаниясы Куттуу-Сайдагы сейрек кездешүүчү кенди иштетүүгө 2009-жылы лицензия алып, бирок апрель ыңкылабынан кийин ажыратылган. 2012-2013-жылдары Куттуу-Сай кени боюнча маселе парламентте көтөрүлүп, “Ар-намыс” фракциясынын бир катар депутаттары лицензияны “Стэнси энержиден” тартып алууну талап кылган. Анда депутаттар кытайлык компаниянын кызыкчылыгы үчүн аракеттенип жатат деген сөздөр чыккан. Бирок кандай болгон күндө да Бишкектеги райондор аралык сот “Стэнс энержи корпту” лицензиядан ажыраткан. Ал өз кезегинде Москвадагы эл аралык Арбитражга кайрылып, кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга утуп алган.

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту мына ошол Москва Арбитраждык сотунун чечимине таянып, Кыргызстандын “Центерра голд инктеги” 60% акциясын камакка алды. “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров Онтарио сотунун чечимин жокко чыгарууга аракет жасаларын билдирди:

- “Кыргызалтын” өзүнүн активдерин коргойт. “Кыргызалтын” өкмөттүн карыздары боюнча төлөөгө милдеткер эмес. Эгерде кимдир бирөөнүн өкмөткө доосу болсо, анда алар өкмөткө, Каржы министрлигине кайрылышы керек. Биз менчик компаниябыз. Акционердик коомбуз. Биз бул стратегияны “Систем мүхендислик” менен соттошууда да карманганбыз. Ооба, “Кыргызалтындын” акциялары Мамлекеттик мүлк фондуна таандык. Бирок биз менчик компаниябыз. Биз өкмөттүн карыздары боюнча милдеткер эмеспиз. Ошондуктан биз юристтерибиз менен сотко кайрылабыз.

Шакиров айткан стратегия менен “Кыргызалтын” буга чейин бир соттук териштирүүдө утулуп, кыргыз өкмөтү “Систем мүхендисликтин” пайдасына 11 млн. доллар которуп бергени маалым.

Кыргызстандын мурунку башкы прокурору Кубатбек Байболов “Кыргызалтын” өкмөткө таандык болгондуктан, анын активдери камакка алынууда дейт. "Бул жердеги кыргыз тараптын катачылыгы-эл аралык иштерде да ички иштердегидей кадам жасалган алабармандыкта",- дейт Байболов:

- Ички маселелерди сот менен, анан бийликти басып алып, же болбосо мүлктү омуроолоп тартып алгандай эле эл аралык нерсени да булар ошондой деп ойлошкон да. Эл аралык маселе деген башка. Эми сот чечим чыгаргандан кийин “кылычыңды бокко чап” дегендей эле кеп. Эл аралык сотторго эмне дейсиң? Болуптур, туура эмес чыгарып жатасың дейсиң. Алар айтат, андан ары сотко барып, чечип ал деп.

Өкмөт камакка алынган акцияларды кантип кайтаруунун айласын таппай турат. Анткени “Стэнс энержи” менен сүйлөшүү буга чейин майнап берген эмес. Белгилүү болгондой биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев июнь айында соттун чечими чыккандан кийин алар менен бир нече сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан натыйжа чыкпаганы азыр аныкталып турат.

Акциялардын камакка алынышы Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө да тескери таасир тийгизет. Анын солгундап, дагы узакка созулушуна алып келет. Натыйжада Кумтөр маселеси ого бетер чиеленишип олтурат. Мындай кырдаал Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу идеясын ого бетер бекемдеп жатканын “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев билдирүүдө.

Саясаттагы күрү-күүлөр

Узап бараткан жума Кыргызстандын саясий турмушунда күтүлүп жаткан бир катар олуттуу окуялардан кабар берди. Бир жагынан саясий партиялар парламенттик шайлоонун алдында реалдуу биригүүнү баштаса, экинчи жагынан Конституцияны өзгөртүү маселеси түрдүү деңгээлде көтөрүлө баштады.

17-октябрда сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев сот системасынын реформасы үчүн Конституцияны өзгөртүүнү жактады. Маселе, Жогорку Соттун жетектөөчү президиумун түзүүдө болууда. Президент Конституциянын мына ушул гана бөлүгүн өзгөртүүгө баруу керектигин, ал өзү үчүн ыйгарым-укуктар кереги жоктугун айтууда. Бирок оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров Жогорку Соттун президиумун Конституцияны өзгөртпөй эле, мыйзамдар аркылуу түзүүгө болот деп эсептейт:

- Эми тышкы саясатты Жогорку Кеңеш, же өкмөт, же президент аныктайт деген деген нерсе Конституцияда жок. Туурабы? Мыйзам менен Атамбаевге беришпедиби. А чындыгында президенттин ыйгарым-укугу 64 беренеде чектелген, ушул Конституциядагы ыйгарым-укуктарга ээ деп, так көрсөтүлгөн. Жогорку Сот жөнүндө, анын структурасы жөнүндө чектөө, тыю жок. Ал үчүн Конституцияны өзгөртүүнүн кажети жок. Соттордун статусу жөнүндө, Жогорку Сот жөнүндө мыйзамдар бар. Ошолор жетет.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, азыркы президенттин айланасында Акаевдин мезгилинде референдумдарды өткөрүп көнгөн адамдар олтурат. Мына ошолор сот реформасын шылтооолоп, Конституцияга башка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөп жатышы мүмкүн.

Саясий партиялардын биригүү жараянына келе турган болсок, “Ата-Журт” жана “Республика” партиялары 20-октябрда Бишкекте биргелешкен курултайын өткөрүүнү чечти. Бул курултайдын алдында президент Алмазбек Атамбаев Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун биригүүсүн кубаттагандай, Ташиевдин соттуулугу алынарын кыйыр түрдө болсо да жарыя кылды. Демек, эки партиянын биригүүсү жогору тараптын ишаараты менен жүрүүдө деген сөздөрдүн чындыгы дагы байкалууда. Биригүүнү чечкен “Ата-Журт” жана “Республика” партиялары кайсы атты тандап алары азырынча белгисиз. Бул нерсе курултайда ачык болору күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG