Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Бишкекте Жайыл райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин бөлүм башчысы Абдимамат Эрматовдун укугун коргогон митинг болду.

Саясий себеп менен бошотулган Эрматовду кызмат ордуна калыбына келтирүү боюнча соттун чечими болгон. Бирок жарым жылдан бери аны мекемеге киргизбей жатышат.

Ал эми аталган мекеменин жетекчилиги Эрматовду жамаат кабыл албай жатат деп билдирди. Окуяны талдаган эксперттер муну жердешчилик жана саясий белгилери боюнча кодулоо факты экенине көңүл бурууда.

Алты ай бою аткарылбаган сот чечими

Абдимамат Эрматов 2010-жылы 7-апрелдеги бийлик алмашуудан соң Жайыл райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчылыгынан алынган. Бир нече айдан кийин ал өзүнүн мыйзамсыз кызматтан алынгандыгын сот аркылуу далилдеди. Бирок соттун жана департаменттин Эрматовду кызмат ордуна кайра коюу боюнча чечимине карабастан, алты айдан бери ал өзүнүн иш бөлмөсүнө кире албай жүрөт. Акыры Эрматовдун укугун коргоп чыккан жарандар нааразылык акциясы аркылуу бийликтин көңүлү бурууну чечишти.

Сансызбай Кутчуев мамлекеттик кызматкерди жердигине карата же саясий себептер менен кодулоого жол бербөөнү талап кылышты:

- Бул жигит бир жарым жылча райондук мамкаттоону өз деңгээлинде жетектеп турду. Кандайдыр бир мыйзам бузууларга жол бергени байкалган жок. Бирок 7-апрелден кийин аны "Бакиевдин куйругусуң” деп, негизсиз куугунтуктап, кызматтан алып салышкан болчу. Андан кийин бир нече жолу соттон өзүнүн укугун коргоп, утуп чыкты. Эми соттон утуп алса да ар кандай шылтоо менен эмгек жамаатын ага каршы койуп жатышат.

Абдимамат Эрматов буга чейин үч жолу өзүнүн жумушуна барган. Үчөөндө тең райондук мамкаттоонун учурдагы жетекчилиги мөөрдү жана кызматтык бөлмөнү бошотуп берүүдөн баш тарткан.

Эрматов ага каршы эмгек жамаатын уюштурган тарап аны жергиликтүү эмес деген шылтоо менен кызматына келтирбей, кодулап жатканына токтолду:

- "Эмнеге ушундай" деп сурасам “биз бул жерге өзүбүздүн жердешти, өзүбүздүн адамды койушубуз керек” дегенден башканы айта алышпайт. Иштеги кемчиликтер боюнча себеп издегенге да негиз жок. Мен бул ишке райондун акими же мамкаттоо департаментинин жетекчиси кызыкдар деп ойлобойм. Себептердин белгисиз болуп эле жөндөн-жөн эле менин мыйзамдуу укугумду басмырлап жаткандарга түшүнө албай жатам.

Өзүбүздөн болсун” дегендердин өзөгү

Жайыл райондук мамкаттоо бөлүмүнүн башчысы Эрматов өзүнүн эмгек укугу бузулуп, соттун чечими аткарылбай жаткандыгы боюнча ички иштер органдарына арызданган. Жайыл райондук ички иштер бөлүм башчысынын орун басары Жайылбек Шамыров эмгек жамааты мыйзам талабын аткаруу боюнча милициянын кийлигишүүсүн да тоотпой койгонун айтты:

- Биз ал адамды жумушуна алып барсак, мекемедегилер эшикти ичинен жаап алып киргизбей койушту. Мен аларга бул иш мыйзамсыз экендигин айтып түшүндүрсөм биздин койгон мыйзамдуу талапты аткармак турсун кайра департамент жетекчилиги өзү келип, “буйрук менен тааныштырбаса, биз аны киргизбейбиз” деген талабын койушту. Биз департаментке чыгып, маселени чечип койбойсуңарбы десек, эч нерсе болбогондой кийин-кийин деп отуруп ушуга келдик.
"Эмнеге ушундай" деп сурасам “биз бул жерге өзүбүздүн жердешти, өзүбүздүн адамды койушубуз керек” дегенден башканы айта алышпайт.

Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жетекчилиги болсо сот чечими эмгек жамаатынын Эрматовго каршылыгынан улам ишке ашпай жатканын айтты. Департамент жетекчиси Нарынбек Исабеков Эрматов боюнча соттун чечимин аткаруу кыйынчылыгы боюнча төмөндөгүдөй жүйө келтирди:

- Аны эми эмгек жамааты жактырбай жатса эмне кылышыбыз керек? Башында мен алып барганда эле аны эмгек жамааты киргизбей койбодубу. Башка жакка которолу десек, ал өзү болбой койду. Кырдаал ушундай болуп калды. Муну эч ким деле уюштурган эмес. Жамаат кабыл албай жатат.

Кыймылсыз мүлкө укуктарды каттоо департаменти мамлекеттик каттоо кызматына карайт. Аталган кызматтын төрагасы Эмил Алиев бул маселе териштирилип, "соттун чечимин аткарууга каршы чыгып жаткандардын аракетине катуу чара көрүүгө чейин барам" деп убада кылды. Ал ортодо окуяга көз салган серепчилер мамлекеттик кызматкерлерди жердигине карата же саясий негиз менен кодулоонун арты кесепеттүү болоорун эскертишүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG