Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Өкмөт президенттин кол тийбестигине каршы


Иллюстрация
Иллюстрация

Юстиция министрлиги коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн кызматтан кеткен президенттердин кол тийбестик укугу болбошу керек деген демилге менен чыкты. Сунуш 29-сентябрда коомчулуктун талкуусуна коюлду.

Юстиция министрлиги “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамдын 12-беренесин жокко чыгарууну сунуштады. Бул беренеде “экс-президент кол тийбестик укукка ээ” деп жазылган. Ага ылайык, президент иштен кеткенден кийин ыйгарым укуктарын аткарып турган учурдагы аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга, камап, кармоого, суракка алууга, тинтүүгө тыюу салынган. Ошондой эле кол тийбестик укугу ал ээлеген турак-жайга, унаа, байланыш каражаттарына, архивге, документтерге жана башка мүлктөргө да тиешелүү.

Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Нуржан Таштанов “Азаттыкка” түшүндүрмө берип жатып, экс-президенттин кол тийбестигин алуу коррупцияга каршы күрөштүн бир жолу экенин билдирди. Сунуш коррупцияга каршы күрөш боюнча стратегияга ылайык көтөрүлгөнүн жана коомчулуктун талкуусуна коюлганын белгиледи:

Мурдагы президент Аскар Акаев
Мурдагы президент Аскар Акаев

- Бизде эки президентибиз боюнча чоң маселе жаралган. Алар улуттук коопсуздукка чоң коркунуч туудурган. Аларга кылмыш иштери козголуп, соттордун өкүмү чыккан. Коррупция – мамлекеттин жалпы улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч келтирет. Ошондуктан бул маселени талкууга чыгарып, экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу канчалык деңгээлде керек экенин коомчулук менен талкуулайлы деп жатабыз. Бул азырынча мыйзам долбоор катары киргизиле элек. Биз муну маселе катары эле коомчулуктун талкуусуна койдук.

Бул сунуш боюнча коомчулукта ача пикирлер айтыла баштады. Маселен, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуу демилгесин колдоп жатат:

- Качып кеткен президенттерде эгер иммунитет болсо алар Кыргызстанда эле болушмак да. Чынында ошондой иммунитет болбогон үчүн качып жүрүшөт. Мен экс-президенттердин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоордун өзү менен тааныша элекмин. Бирок бул туура сунуш, муну колдош керек.

Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

​Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу мыйзам кабыл алынган күндө деле анын ишке ашарынан күмөн санай турганын айтты:

- Мыйзам болсо деле, болбосо деле ал президенттердин жаман ишке барбашына кепилдик боло албайт. Анткени азыр бизде экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу мыйзам болсо деле ал иштеген жок да. Мунун айынан Бакиев да, Акаев да келе албай жүрөт. Анткени алардын кол тийбестиги тууралуу мыйзам иштеген жок. Андай болбогондон кийин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзам деле иштебейт. Бул жерде Атамбаев жөнүндө деле маселе турат да. Атамбаевдин бийликтен кандай кетери деле чоң маселе. Биз 25 жылдан бери толгон-токой мыйзам кабыл алдык. Коомду өнүктүрө турган, мыйзамдарды иштете турган мамлекеттик системаны орнотуу боюнча иштешибиз керек. Бизде президенттердин келечегине, анын коопсуздугуна эч нерсе кепил боло албасын убакыт көрсөттү.

Саясатчы Азимбек Бекназаров болсо мурдагы президенттерди коё туруп, иштеп жаткан президенттин кол тийбестигин алуу керек деген пикирде. Анын ырасташынча, экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратуу саясий куугунтукка жол ачат:

- Кызматта турганда кошомат кылып жүрүп, кийин кеткенде жаңы келген президенттин камчысын чаап, мурдагы президентке иш козгой берсе болот деген логика болуп жатат. Тескерисинче, экс-президентти кийинки келген президент куугунтукка албаш үчүн анын кол тийбестигин сакташ керек. Ошол эле учурда иштеп жаткан президенттин кол тийбестиги алыныш керек. Бул депутат ошол президентке кенен-чонон импичмент жарыялаганга жол ачат. Кол тийбестик президент кезинде берилип, ал кызматтан кеткенден кийин алына турган болсо бул куугунтукка жол ачат.

Кыргызстанда эки президент күч менен кулатылып, аларга коррупция боюнча чоң айыптар айтылган. Ушул тушта Жогорку Кеңештин депутаттарынын жеңилдик-артыкчылыктарын жоюп, кол тийбестигин алуу тууралуу демилгеси байма-бай көтөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG