Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Пентагондун башчысы Орусияны Сириядагы чатакты курчутуп жатат деп айыптады


Эштон Картер
Эштон Картер

Эштон Картер бул тууралуу Багдадга жасаган иш сапары учурунда билдирди. Картердин сөзү боюнча, Орусия Сириядагы согушка исламчы террорчулар менен күрөшүп, ошол эле кезде өткөөл мезгилге жетишүү максатында кирген. Бирок натыйжада Москва чатакты ансайын ырбатып, гуманитардык каатчылыкка алып келип такады. Ошол эле учурда Картер орус авиациясынын кесипкөйлүгүн да белгиледи.

Батыш Орусияны жай тургундар жашаган аймактарды бомбалаганы үчүн көп жолу айыпташкан. Кремл болсо абадан чабуулдар “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери жайгашкан аймактарга гана багытталып жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG