Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Бишкекте сүрөт көргөзмөлөрү өтүп жатат


Сүрөт көргөзмөсү
Сүрөт көргөзмөсү

Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 21-октябрдан тарта Кыргыз эл сүрөтчүсү Турсунбек Койчиевдин колунан жаралган сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтүүдө. Ага сүрөтчүнүн жеке архивинен жана көркөм өнөр музейинен 100дөн ашуун сүрөттөр коюлган.

Турсунбек Койчиевдин тарткан сүрөттөрү Италия, Швеция, Бельгия, Монголияда жана мурдагы союздук республикаларда көргөзмөлөргө да коюлуп келет.

Ошондой эле аталган музейде 28-октябрга чейин дагы бир Кыргыз эл сүрөтчүсү Асаналы Бейшеновдун сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Сүрөт сынчылары анын “Жашоо”, “Тагдыр” жана “Адам” деген трилогиясын өзгөчө белгилеп келишет.

Асаналы Бейшенов Сүрөтчүлөр союзунун Оштогу филиалынын жетекчиси. (ZKo)

XS
SM
MD
LG