Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Ооганстанда апийм өстүрүү 10 процентке көбөйдү


Ооганстан
Ооганстан

Ооганстанда апийм өндүрүү быйыл 10 процентке өстү. Улуттар уюмунун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча агенттиги 23-октябрда жарыялаган жылдык отчетунда апийм эгилген жерлердин жалпы аянты 10 процентке көбөйүп, 201 миң гектарды түзгөнүн жазат. Мындай көрүнүш ыңгайлуу аба ырайы, экинчи жагынан өкмөттүн коопсуздукту камсыздоодогу алсыздыгы жана маңзаттарына каршы операцияларга берилген эл аралык жардамдын азайышы менен түшүндүрүлөт.

БУУ ошондой эле апиймдин түшүмү 30 процентке өскөнүн белгилейт. Апийимден түшкөн акчаны көпчүлүк учурларда "Талибан" өкмөттүк жана НАТО аскерлерине каршы чабуулдарын каржылоо үчүн пайдаланат. Ооганстанда өстүрүлгөн апийим дүйнөдөгү героиндин негизги булагы.

XS
SM
MD
LG