Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Орусияда жардыргыч зат ташыган эки шектүү киши атып өлтүрүлдү


Орусиянын Нижний Новгород шаарында полиция жардыргыч зат ташып бараткан эки шектүү адамды атып өлтүрдү. Жекшемби күнкү операция маалында эки тартип коргоочу жараланганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Дагы бир шектүү киши колго түшүрүлдү, шаардын бир бөлүгүндө рейд жүрүүдө. “Полициячылар машинаны токтоткондо шектүү эки адам каршылык көргөзүшкөн жана аларды дароо жок кылынган. Машинадан жардыргыч зат табылды”,- деп жазат ТАСС агенттиги тартип коргоо органындагы булакка таянып.

РИА Новости болсо “террорчулукка шектелген эки киши атып өлтүрүлгөнүн, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) окуя болгон жерде иштеп жатканын” жазат.

Бирок маалымат расмий бышыктала элек. ТАСС таянып жазган булак шектүүлөрдү “мыйзамсыз куралдуу топтун мүчөлөрү” деп сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG