Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев Кыргызстанда иш алып барган чет элдик маалымат каражаттарынын ишмердигин тескөө демилгесин көтөрдү.

Депутат алардын кайсы өлкөгө таандык экенин белгилөөнү милдеттендирип, каржы булактарын ачыктоону сунуштады. Рыспаев сунуштаган мыйзам долбоору маалымат коопсуздугун камсыздайт дегени менен анын ченемдери Баш мыйзамдагы плюрализм принцибине каршы келбейби деген суроо жоопсуз калды.

Рыспаев: “ала кушту” атынан чакыралы

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев Кыргызстандагы чет элдик же чет элдик жарандардын үлүшү бар маалымат каражаттарын тескөөнү көздөгөн мыйзам кабыл алууну сунуштап чыкты. Анын айтымында, Кыргызстандын коомчулугу кайсы телеканал же радио кайсы мамлекетке таандык экенин билбейт.

Ошондуктан депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, телерадиокомпаниялар негиздөөчүлөрүнүн логотиптери менен кошо мамлекеттик атрибуттарын кошо көрсөтүп, каржылоо булагын ачык айтууга тийиш:

Кыргыз журналисттери

Кыргыз журналисттери

- Бул маселени мен мыйзам долбоору катары жазып, көтөрүп жатканымдын себеби бизде чет элдик жарандар каржылап, ачкан телерадио компаниялар бар, ошолорду эч ким билбейт. Кээ бир учурларда алар чагымчыл болуп кетет. Алар Кыргызстандын аймагында чагылдырып жаткандыктан коомчулук алардын кимге таандык экенин билбей калып жатат. Мисалы, НТС, КТР, НБТ деген телеканалдардын логотиби менен кошо кайсы мамлекетке таандык экенин кошо жазып койсо элге түшүнүктүү болмок. Ал телеканалдын же телепрограмманын кимдики экенин эл билүүгө тийиш. Радиоберүүдөн маалымат кетип жатканда дагы “бул баланчанын радиосу” деген эскертме болуш керек. Мисалы, “Азаттык” радиосун АКШ каржылайт депчи.

Ошол эле кезде депутат Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги орусиялык телерадиокомпаниялар тууралуу негедир ооз ачпады. Депутат Рыспаевдин айтымында, бул мыйзам долбоору медиа өндүрүштүн кожоюнун аныктап, маалымат коопсуздугун камсыздоо менен кайсы бир чагымчыл маалыматтын жайылышына жол бербөөнү көздөйт. Бирок маалымат каражаттарынын менчигинин түрүнө карабастан чагым таратканы үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзам мурдатан бери эле бар экенин депутат эмнегедир эске алган жок.

“Азаттык” атын жашырган эмес

КСДП фракциясынан башка бир депутат Жылдыз Мусабекова анда эл аралык медиа менен биргеликте эле жергиликтүү компаниялардын кожоюндары менен каржы булактарын ачык айтуу жагын милдеттендирүү маселесин көтөрдү:

Кыргызстанда Орусиянын бир нече каналы көрсөтүлөт

Кыргызстанда Орусиянын бир нече каналы көрсөтүлөт

- “Азаттык” буга чейин деле АКШ Конгресси тарабынан каржыланарын эч качан жашырган эмес. Берүүлөрүнүн аягында дайыма ал айтылып турат. Ал жаңылык эмес. Бизде Казакстандын жана Орусиянын дагы телеканалдары бар. Мыйзамдын талабы бардыгына бирдей болуп, алардын телеберүүлөрү учурунда логотиптери менен кошо мамлекеттик атрибуттары кошо коюлса деген сунуш болду. Биз андай болсо, жергиликтүүлөрдүн кожоюндары дагы көрсөтүлүшү керек дедик. Мисалы, НТС Бабановдун телеканалы, башкасы башканыкы дегенди элдин бардыгы эле билбейт деп тамаша иретинде жооп кылдык.

Бир колго топтолгон медианын кожоюну ачык айтылабы?

Айрым талдоочулар андай болсо бийлик соңку эки жылда өз колуна алган жергиликтүү телерадио компаниялар менен маалымат агенттиктердин кожоюндарын дагы ачык айтышы керек экенинен кеп салышты. Анткени алардын баамында, бийлик өзүнө ыңгайлуу маалымат жайылткан контентти түзүүгө кызыкдар. Ошондуктан бийлик түз же кыйыр түрдө медиа мейкиндикти колго алганын айткан эксперт Адил Турдукулов учурда жарандардын альтернативдүү маалымат алуу укугу улам барган сайын басмырланып баратканына мындайча токтолду:

Адил Турдукулов

Адил Турдукулов

- Бул эми одоно саясий күрөштүн жыйынтыгы менен байланыштуу. Мисалы, саясатчы Ташиевдин каржы булактарын бууп, анын кирешесин кесүү аракети болду. Ошондуктан ал негиздеген “7-каналды” оңой эле алып коюшту. Оштун мэри Мырзакматовду кызматтан кетирүүнүн натыйжасында анын карамагында турган “ОшТВ” улутташтырылды деген негизде борбордук бийликтин көзөмөлүнө өттү. Азыр эми Бабановго таандык НТС телеканалы дагы мурдагыдай курч материалдарды бере албай калды. Анткени ага дагы басым күчтүү болуп жатат. Эгерде мындай болбогондо түрдүү көз караштагы жана ар тараптуу маалымат менен коомчулук камсыз болмок. Бийлик ошого жол бербеш үчүн бардык маалымат ресурстарын өзүнүн колуна топтоп алды.

Ошол эле кезде Кыргызстанда ондогон орусиялык телерадио компаниялар менен маалымат агенттиктери иш алып барат. Казакстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын телеканалдары Кыргызстанда өзүнүн программаларын чагылдырат. Депутат сунуштаган мыйзам өтүп калса, анда алардын бардыгына логотиби менен катар мамлекеттик атрибуттарын кошо көргөзүү жагы милдеттендирилет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG