Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Кыргызстанда аялдардын саясий жараяндарга аралашуусу азайып баратканы айтылууда.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сариева 3-ноябрда өкмөттүн алдындагы гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт өкүлү кошумча чаралар колдонулбаса, келерки шайлоолордо айрыкча жергиликтүү кеңештерде аялдардын ордун сактап калуу оор болорун эскертти.

Аймактагы алдыңкы аялдар

Жылдыз Ажиева Нарындын Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылдык кеңешинин төрайымы. Ал он бир депутаттын арасында жалгыз айым жана аталган райондогу айылдык кеңеш жетекчилеринин ичинде да жалгыз аял лидер:

- Мен азыр аялдарга "гендердик саясатты колдошубуз керек, эмки шайлоолорго катышкыла, аял жолдоштор кеңештерде көп болсо, бир топ маселелер чечилет, жигердүү катышкыла, тең жарымы болбосок да, 30-40 пайызын түзөлү" деп айтып жатам. Буйруса, кийинки чакырылышта аялдар болот деп ойлойм. Биздин 1,5 жылдык мөөнөтүбүз калды. Буга чейинкилеринде аялдарга бөгөт кылышып, же “талапкерлигиңди койбо, ал-бул” деген деле саясат болгон эмес.

Расмий маалыматка ылайык, аялдар жергиликтүү кеңештердин 16 пайызын гана түзөт. Айыл өкмөт башчылар арасында болсо 5 пайызга да жетпейт. Кыргызстан боюнча эки аким айым жана жалгыз губернатор бар.

Шайлоодо эскерилип, мандат берүүдө унутулуп...

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш 3-ноябрда жыйынга чогулду. Анда вице-премьер-министр Элвира Сариева айрым бир оң жылыштарга карабай, кээ бир тармактарда аялдардын катышуусу аксап жатканын белгиледи. Маселен, орто жана чакан бизнесте кыз-келиндер алдыда болуп, чоң салым кошуп жатканы менен, өлкөнүн негизги ресурстары топтолгон ири корпоративдүү компанияларда, деректирлер кеңешинде аялдар өтө аз экендигин белгиледи Сариева.

Өкмөт өкүлү аялдардын саясий жараяндарга аралашуусу солгундап кеткенине токтолуп, бул айрыкча жергиликтүү кеңештердин ишинде даана көрүнөрүн айтты.

- Буга чейинки бир катар шайлоолордо аялдардын келиши квотанын негизинде ишке ашкан. Бирок, тилекке каршы, айрыкча жергиликтүү кеңештерде партиялардын тизмелеринде аялдар болгону менен, кийин ошол партия шайланып алган соң, тизмедеги аялдарды чыгарып, алардын ордуна эркектерди коюп койгон учурлар болуп эле жүрөт. Мындан улам аялдардын саясий жараянга аралашуусу азайып баратат. Азыр кыргыз мыйзамдарын өзгөртүү боюнча бир катар долбоорлор даярдалды. Ушул жерден мен биздин кеңештин мүчөлөрүнө, жарандык коомдун өкүлдөрүнө ушул маселени кайра көтөрүп, күн тартибине алып чыгуу үчүн чогуу аракет кылалы деп кайрылат элем. Бул өзгөртүүлөрдөн болочоктогу кеңештер кандай болоору жана аялдардын чечим кабыл алуудагы катышы көз каранды.

Аялдардын колун байлаган турмуш

Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаеванын баамында, аялдардын саясатка аралашуусуна азыркы экономикалык кырдаал да тоскоол болууда.

Президенттин колунан Баатыр эне наамын алып жаткан энелер. 16-май, 2014-жыл.

Президенттин колунан Баатыр эне наамын алып жаткан энелер. 16-май, 2014-жыл.

- Экономикалык абал начарлап жаткандыктан алар ушул жакта алектенип, саясатка убактылары жок болуп жатат. Балдарын багыш керек, окутушу керек. Барган сайын эле саясатка аралашуу мүмкүнчүлүктөрү азайып баратат. Мисалы, мына дүйнөдө каржы каатчылыгы болуп жатат, доллар өсүшү да таасир берет. Бажы биримдигине кирсек да айрым бир маселелер жаралат. Ушундай шартта аялдар саясатка жоон тобу менен келет деп ойлобойм. Саясат убакытты, энергияны көп алат.

Саясат таанучу Эмил Жураев шайлоодо аялдарга бөлүнгөн квоталардын сырткары кошумча чаралар керек деп эсептейт:

- Саясат боюнча аялдарга үгүт, кеңеш берүү иш-чаралары жүрүш керек. Экинчи жактан партиянын өзүнүн ичинде, лидерлик орундарда аялдардын ордун бекемдөө маанилүү. Мындай маселелерди бир чакырылыш менен, кыска мөөнөттө чечүү мүмкүн эмес. Бирок азыркы шартта аялдар эле эмес, кошумча чараларга муктаж башка категориядагылардын да аралашуусу Кыргызстанда чоң маселе бойдон калууда.

Кыргыз коомчулугунда 2005-2007-жылдары иштеген Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышы бир дагы аял депутаттын болбогону менен эсте калган. 2007-жылы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, аялдарга, жаштарга жана улуттук азчылыктарга атайын квоталар берилген эле.

Ушул тапта парламентте 120 депутаттын 22 пайызын айымдар түзөт. Жогорку Кеңештин төрагасынын беш орун басарынын төртөө аял.

Ошол эле маалда аялдырдын саясаттагы таасири табигый түрдө бекемделиши керек деген пикир дагы басымдуу. Себеби аялдар бийликке саясий күрөш аркылуу эмес, атайын квотанын жардамы менен гана келип жаткандыктан, көп учурда алар саясий куралга айланып жатканын эксперттер белгилешет.

Анткен менен Кыргызстанда башкы прокурор, Жогорку Соттун төрайымы, Эсеп палатасынын төрайымы, премьер-министрдин социалдык тармактар боюнча орун басары, финансы министри жана Талас облусунун губернатору аялдар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG