Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:50

Геологияга жетекчи токтободу


Кумтөрдүн алтыны, 28-июнь, 2011.
Кумтөрдүн алтыны, 28-июнь, 2011.

Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинин башчысы тынымсыз алмашууда.

Агенттиктин азыркы жетекчиси да бул кызматта туруктуу иштөөгө макул эмес. Анын себептери эмнеде болду экен?

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси акыркы эки жылда бешинчи жолу алмашып отурат. Өмүрбек Бабанов өкмөттү жетектеп турган мезгилде Кайрат Жумалиев, Замирбек Эсенаманов, андан кийин Учкунбек Ташбаев бул кызматты аркалаган эле.

Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөт башына келиши менен бул кызматка Ишимбай Чунуев дайындалды. Бирок көп узабай ал дагы ишенимден кеткен үчүн деген негиз менен кызматтан алынды.

Учкун Ташбаев
Учкун Ташбаев
​Бул кызматтан бошотулган жетекчилердин көпчүлүгүнө кылмыш иши козголуп, жоопко тартылууда. Маселен, Учкунбек Ташбаев, Замирбек Эсенамановдун иштери сотто каралып жатат. Бакиев учурунда бул органды жетектеген Капар Курманалиев да лицензияларды мыйзамсыз бергендиги үчүн сыртынан соттолууда. Курманалиев өзү апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү.

Эксперттер геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин жетекчисинин тез-тез алмашуусун кирешелүү тармакка кызыккан күчтөрдүн көптүгү менен байланыштырат. Маселен, кен байлыктарды бөлүштүрүүнү чечкен агенттикке таасирин күчөтүүнү көздөгөндөр парламентте, өкмөттө, президенттик аппаратта да бар. Алардын сырткары кенге кызыккан өтө кубаттуу чет өлкөлүк инвесторлор, ишкерлер жөн отурбайт.

Геология тармагында көптөн бери иштеп келаткан адис Наби Эшназаров жетекчиликтин тез-тез алмашуусу жалпы ишке терс таасирин тийгизип жатат дейт. Ошол эле мезгилде алардын алмашуусунда саясий себептер менен бирге жетекчилердин жеке иштери да таасир эткенин белгилейт:

- Эми бул жерде бир себепти айтыш кыйын. Бул жерде бир топ себептер бар. Саясат жагы да бар. Өздөрүнүн жеке ишкерлигине байланыштуу иштер да таасир этти го деймин.

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурунку жетекчиси Замирбек Эсенаманов акыркы кезде иштеген беш жетекчиге тең кылмыш иши козголгонун, буга тармактын өзгөчөлүгү да таасир эткенин белгилейт. Ал эми өзүнө байланыштуу соттук териштирүү жүрүп жатканын, өзүн күнөөсү жок деп эсептерин кошумчалады.

Тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев геология тармагындагы жетекчиликтин тез-тез алмашуусун даярдыксыз кадрлардын келиши менен байланыштырат. Ал эми акыркы жетекчи Ишимбай Чунуев адис эле. Аны иштетпей коюшту дейт Дүйшеев:

- Бир топ ишти алдыга жылдырып койду эле. Мына алып койду эле, бир да киши иштегиси келбей жатат. Баары кетебиз деп жатат. Президент менен премьер-министрдин тегерегиндегилер аларды уят кылып жатат. Чунуевди мына ошолордун аппаратындагылар, анан кийин Жогорку Кеңеш чагым салып туруп, иштен алып коюшту. Чунуевдин өзүнүн эч кандай күнөөсү жок.

Ишимбай Чунуевдин ордуна Акылбек Маралбаев дайындалган. Бирок ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин милдетин аткаруучу гана болуп, агенттикти биротоло жетектөөгө макул болбой турат.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин жетекчисинин ылдам алмашуусунан коррупцияга каршы күрөштү көргөндөр да бар. Ошол эле мезгилде кирешелүү тармак саясий күчтөрдүн, топтордун көк бөрүсүнө айланып, андан тармак катуу жабыркап жатат деп эсептегендер да бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG