Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев мөңгүлөрдү техногендик кыйроодон коргогон мыйзам долбооруна кол коюудан баш тартты.

Бул мыйзам долбоору “Кумтөр” сыяктуу компанияларга алтын кенин ачык ыкма менен казып, мөңгүлөрдү ордунан козгоп, талкалоого жол бербейт. Ошондуктан мыйзамдын талабы аларды жер алдынан тоннель казып, шахталык ыкма менен кен иштетүүгө милдеттендирмек. Бирок президент бул мыйзам кен казуучу компанияга ашыкча чыгым алып келип, бюджетке түшчү алык-салыктар азаят деген негиз менен аны парламентке кайра кароого жөнөттү. Мыйзам долбоорунун авторлору муну “Центерранын” авантюрасы катары кабыл алып, президенттин каршы пикирин парламентте көпчүлүк добуш менен басып өтүп, мыйзамды күчүнө киргизгенге даярданышууда.

Казына каражатынын тартыштыгы

Өлкөнүн суу ресурстарын сактоого багытталган мөңгүлөр тууралуу экологиялык мыйзамды парламент быйыл 24-апрелде кабыл алган. Анда “Кумтөр” сыяктуу компаниялардын мөңгүлөрдү талкалап, кен казуусуна бөгөт болчу укуктук ченемдер киргизилген. Бул мыйзамга президент кол койсо, кен казуучу компаниялар кен байлыктарды жер алдынан шахталык ыкма менен казып алууга милдеттендирилмек. Президент бул мыйзам долбоорунун талабы кен казуучу тараптын чыгымын көбөйтүп, андан түшчү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга таасирин тийгизет деген негиз менен аны артына кайтарды.

Кумтөр. Мөңгүнүн астынан кен алуу. 23-февраль, 2013-жыл.

Кумтөр. Мөңгүнүн астынан кен алуу. 23-февраль, 2013-жыл.

Президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Үсөнов мамлекет башчысынын аталган мыйзам долбооруна каршы пикирин мындайча түшүндүрдү:

- Мыйзам долбоорунун артка кайтарылышынын себеби анын бюджеттин киреше бөлүгүнүнө тийгизе турган таасири менен байланыштуу. Себеби, сунушталган мыйзамда мөңгүлөр, кар күрткүлөрү жана тоң-муздар жайгашкан тилкеде кенди ачык ыкма менен иштетүүгө тыюу салынат. Демек ага ылайык, азыр иштеп жаткан кен казуучу компаниялар жер алдында иштөөгө тийиш. Ал үчүн казып чыгаруу ыкмасын өзгөртүү үчүн өндүрүштү токтотууга туура келет. Мындай жагдай чыгымды көбөйтүп, кирешени азайтат. Анын эсебинен мерчемделген салыктар түшпөй калышы мүмкүн.

“Кумтөр Голд” компаниясынын өндүрүштүк иш-мерчеми боюнча жакындан баштап көп жылдык тоң-муз жайгашкан аянттарда кен казуу иштери башталат. 2009-жылдагы келишим боюнча компания жаңы аянттарды өздөштүрүүдө мөңгүлөрдү жана көп жылдык тоң-муздарды талкалабастан туруп, кен казууну жер алдында жүргүзүүгө милдеттенме алган. Аталган мыйзам күчүнө кирсе, ага кошумча жоопкерчилик артылмак. Бирок компания кенди ачык ыкма менен казууну ушул кезге чейин улантууда.

“Кумтөрдүн” кубулма оюну

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири КСДП фракциясынан депутат Эркингүл Иманкожоева муну авантюра катары баалап, парламенттеги кесиптештерин президенттин каршы пикирин басып өтүүгө чакырды:

- Мыйзамга ылайык президенттин каршы пикирин парламент караганда аны 80 добуш менен басып өткөнгө укугубуз бар. Бул мыйзам долбоорун депутаттар колдойт деген ниет бар. Анткени аны жыйынга катышкан депутаттар толугу менен колдоп, жүз добуш менен кабыл алынган болчу. Ага бир да депутат каршы добуш берген эмес. Ошондуктан биз президенттин каршы пикирин басып өтөбүз деген оюбуз бар. Биз аны басып өтө алсак, анда төраганын колу менен мыйзам күчүнө кирет. Мен президенттин бул чечими менен макул эмесмин. Бул анын жеке ою эмес. Анткени президенттин аппаратынын экономика бөлүмүндө Нурсулуу Ахмедова деген айым отурат. Мына ошого окшогондордун экспертизасынын жана президентке берген туура эмес маалыматынын негизинде ушундай чечим чыгып калды. Менимче, ал айымга “Кумтөрдүн” жетекчилиги жакшы сүйлөп койгон болушу керек. “Кумтөр” мурдагыдай эле аз чыгым менен ачык жерден мөңгүлөрдү талкалап туруп, алтынды казып алгысы келип жатат.

Эркингүл Иманкожоева.

Эркингүл Иманкожоева.

Президенттин негиздемесинде мыйзам долбоорунда анын ишке кириши менен бюджетке түшпөй калчу каражатты жабуу булактарынын жоктугу жана бул боюнча өкмөттүн расмий корутундусу суралбаганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле анда бул мыйзам долбооруна каршы чыгарылган эксперттик корутундулар мына ушундай чечим кабыл алууга негиз бергени айтылат. Бирок мыйзам долбоорунун авторлорунун дагы бири, “Республика” фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова учурунда бул мыйзам долбооруна өкмөт тараптан эч кандай каршылык болбогонун мисал келтирди:

- Ар кайсыл министрликтердин өкүлдөрү жана эксперттер мына ушул мыйзам долбоорун иштеп чыгууга катышкан. Кийин аны талкуулап жатканда деле бардыгы колдогон болчу. Анан эле кандайча кийин ага каршы корутунду берилгенин мен билбейм. Бул жерде чынында эле Кумтөрдө кен иштеткен “Центерранын” кызыкчылыгы ойноп жатат. Болбосо бюджет толбой калат деген шылтоо менен бул мыйзамга бөгөт коюуга негиз жок болчу. Суунун баасы мунайдын баасынан да ашып түшөт деген прогноздор болуп жаткан чакта ушундай чечим болгону уят иш.

“Мөңгүлөр тууралуу” мыйзам долбоору “Кумтөрдөгү” алтын казып алууну тартипке салууга багытталган мыйзамдардын бири. Мындан сырткары парламент кен казуу тармагында экологиялык зыянды калыбына келтирүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөткөн болчу. Ал мыйзамдын талабы боюнча казылган тоо тектери үчүн зыяндын ордун акчалай толуктоо жагы көтөрүлгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG