Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

ЖАҢЫ θКМθТ ТОЛУК ТҮЗҮЛҮП БҮТТҮ


Президент К.Бакиев бейшембиде кол койгон жарлыктарга ылайык, тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кызматынан бошотулуп, бул орунга Кыргыз-Орус Славян университетинин проректору Эднан Карабаев дайындалды. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри болуп буга чейин ветеринария департаментин жетектеп келген Талант Узакбаев бекитилди. Ал эми “Кыргызгаз” акционердик коомунун президенти болуп иштеген Игорь Чудинов жаңы ачылган Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри болуп калды. Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык Сабырбек Молдокулов Экономиканы өнүктүрүү жана соода министри болуп дайындалды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикке дагы жаңы жетекчи келди. Буга чейин бул мекемени жетектеген Жолборс Жоробеков кызматтан бошотулуп, бул кызматка Тойгонбек Калматов отурду. θз ордунда калган министрлердин катарына өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстембеков кирди.

Мындан сырткары жаңы түзүлгөн кесиптик-техникалык билим берүү агенттигине башчы болуп Нурлан Аскаров дайындалды. Ал кесиби боюнча тарыхчы, эмгек ишмердүүлүгүн 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетте мугалим болуп баштаган. 1998-2004-жылдары эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кесиптик –техникалык башкармалыгын жетектеген.

“Реформа үчүн” кыймылдын мүчөсү, депутат Темир Сариевге алгач экономиканы өнүктүрүү жана соода министри кызматы сунушталды. Бирок Т. Сариев премьер-министр Азим Исабековдун мындай сунушунан баш тартты. “Мен мындай чечимди саясий себептерден улам кабыл алдым”, деди Темир Сариев “Азаттыкка” берген интервьюсунда:

“Менин оюмча, бүгүн расмий бийлик менен оппозициянын ортосунда чоң түшүнбөстүктөр бар. Негизги түшүнбөстүк- Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясат, президент менен өкмөттүн бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан иштери болуп жатат. Биз буларды буга чейин да сынга алып келгенбиз. Президент тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка нааразычылык билдирип, анын берген убадалары аткарылбай жатканын, реформалардын жылбай жатканын айтып келгенбиз. Тилекке каршы жаңы өкмөт түзүлгөндө анын курамы да биз каалагандай болбой калды. Биз өкмөт мобилдүү болсун деп министрликтерди кыскартуунун үстүндө иштеп келгенбиз. Тилекке каршы андай болгон жок. Мен өкмөткө оппозиция тарабынан жалгыз барганым саясий жаткан туура эмес болуп калат. Анткени жалгыз киши эч нерсе кыла албайт”.

Темир Сариевдин белгилешинче, өкмөттүн жаңы түзүмү калыптангандан кийин бул өкмөт өлкөдөгү абалды ондойт деген үмүтү солгундады.

“Дин, саясат жана коопсуздук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, саясат таануучу Орозбек Молдалиев өкмөттүн жаңы курамы - президент өзүнө ылайыктуу гана адамдарды дайындаганын айгинелеп турат деп эсептейт:

“Саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзөлү деп өз оюн коркпой айткандар дайындалбай калды. Же эмне, оппозициянын өкүлдөрү элдин душмандары бекен? Ал эми тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун кызматтан бошошу анын ХИПИК программасына кирүү демилгесине каршы чыкканына байланышутуу болду”.

Мына ошентип 14 министрликтин жана беш комитеттин жетекчилери белгилүү болду. Кызматтан бошоп, башка кызмат сунушталбаган төрт министрдин мындан кийинки тагдыры азырынча белгисиз.

θкмөттүн аппарат жетекчиси Тынычбек Табылдиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кызматынан бошогон мурдагы министрлерге алардын иш-тажрыйбасына жараша кызматтар сунушталат.

XS
SM
MD
LG