Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Өкмөт түзүмү боюнча орток пикир табыла элек


Өкмөт түзүмү боюнча макулдашылган долбоор эмки жумада парламенттин жалпы жыйынына коюлууга тийиш.
Өкмөт түзүмү боюнча макулдашылган долбоор эмки жумада парламенттин жалпы жыйынына коюлууга тийиш.

17-декабрда жаңы коалицияга кирген фракциялардын жумушчу тобу жабык жыйын куруп, өкмөт түзүмүнүн долбоорун талкуулады.

Башкаруучу коалиция кечээ өкмөт башчылыкка бирдиктүү талапкер катары чыгарган Өмүрбек Бабанов сунуштаган өкмөт түзүмүнүн долбоорунда министрликтердин санын 18ден 14кө чейин кыскартуу каралган.
Чоң бир структураны балта менен чапкандай чаап салган болбойт. Кийин аны кураш өтө кыйын.
Камила Талиева

Бул долбоорго ылайык, Социалдык коргоо, Эмгек, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция, Мамлекеттик мүлк жана Жаратылыш ресурстары министрликтери, Монополияга каршы күрөш, Спорт жана дене тарбия боюнча агенттиктери, Суу чарба жана мелиоризация комитети жоюлууга тийиш.

Өкмөт башчынын орун басарлары төрткө көбөйөт. Биринчи вице-премьер-министр экономикалык блокту тейлейт. Калган экөө реалдык сектор, инвестиция, социалдык маселелерге жооп берет. Төртүнчү вице-премьер өкмөттүн аппаратын башкарат.

Коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардын бештен депутаты кирген жумушчу топ 17-декабарда бул долбоорду жабык жана узакка талкуулады.


“Ар-намыс” фракциясынын лидери Камила Талиева түзүм боюнча ар түрдүү сунуштар айтылып жатканын, орток пикир жарала электигин, бирок кескин өзгөртүүгө жол берилбестигин билдирди:

- “Бөрк ал десе баш алып", кыскартабыз деп эле кыскарта бербестен ар бир министрликтин натыйжалуугунун карайлы деп жатам. Чоң бир структураны балта менен чапкандай чаап салган болбойт. Кийин аны кураш өтө кыйын. Ошондуктан кескин өзгөртүүлөргө жол бербейбиз.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, өкмөттүн түзүмү боюнча талкуу көбүнесе мамлекеттин милдети жанга жоопкерчилигине байланыштуу жүрүүдө:


- Либералдык эмес көз караштагы депутаттар жоопкерчилик, чарбалык иштер мамлекеттин көзөмөлүндө болсун дейт, ал эми либералдык тараптар адамдарга көбүрөөк эркиндик берели, мамлекет азыраак алсын деген талкуу болуп жатат.

Долбоордун демилгечилери өкмөттү кыскартуу менен ондогон миллион сомду үнөмдөөгө болоорун жүйөө кылышууда. Учурда 60 миң мамлекеттик кызматкер бар жана алардын чыгымына 25 миллиард сом кетет.

Өкмөт түзүмү боюнча долбоор жумушчу топтун жыйында айтылган сунуштар менен толукталып, алымча-кошумча киргизилгенден кийин 19-декабрда кайра талкууга коюлганы жатат. Коалиция макулдашылган долбоорду эмки жумада парламенттин отурумуна алып чыгат.

Ал арада өкмөттүн түзүмү жана андагы кыскартылган министрликтерге байланыштуу коомдо сын-пикирлер көп айтылууда.

Кыргыз өкмөтү буга чейин бир нече жолу өзгөргөн. Талдоочулардын пикиринде, адатта мындай өзгөрүүлөр атына гана таасир этип, көзгө көрүнөрлүк натыйыжа деле чыккан эмес.

XS
SM
MD
LG