Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Парламент өкмөттү "өйдө-ылдый" кылчудай


Жантөрө Сатыбалдиев парламенттеги коалицияга кирген фракция лидерлери менен, 3-сентябрь, 2012.
Жантөрө Сатыбалдиев парламенттеги коалицияга кирген фракция лидерлери менен, 3-сентябрь, 2012.

Өкмөт парламентке отчет берүүгө киришти. 13-майда вице-премьер-министрлер Шамил Атаханов жана Тайырбек Сарпашев эки комитетте отчет берди. Анын учурунда айрым депутаттар өкмөт башчы өзү комитет жыйынына келбегенин сынга алса, башкалары ыйгарым укугунан ашкан чечимдерди кабыл алды деген доомат артышты. Өкмөт үчүн коркунуч отчеттон эмес, башка жактан түшүп жатканы айкын болууда.

Кыргызстандын азыркы парламенти шайлангандан бери өкмөттөн жылдык отчет алууга үлгүрө элек. Анткени жыл айланбай өкмөт алмашып кетип жатат. Бул ирет андай өнөкөт бузулуп, өкмөт башчы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча депутаттарга маалымат бере турган болууда. Бирок 15-майда жыйынтыгы жарыяланары күтүлүп жаткан Азис Батукаев боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу өкмөттү өйдө-ылдыйга салчудай.

Өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, өкмөт башчы 23-майда парламентте жылдын жыйынтыгын чыгарат. Бул маселе боюнча ага чейин боло турган фракциялардын жыйынына да өзү бармакчы:

- Фракцияларда өкмөттүн отчету каралганда өкмөт башчы сөзсүз болот. Комитеттерде болсо вице-премьер-министрлер, министрлер катышып, өкмөттү коргоп жатат.

13-майда Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитетине өкмөт иши тууралуу маалымат берүү үчүн вице-премьер-министр Шамил Атаханов келди. Белгилеп кете турган нерсе, Батукаевдин бошотулушу боюнча депутаттык комиссиянын айыптоосуна байланыштуу Атаханов кызматтан кетип турган эле. Дүйшөмбү күнү ал жумушка чыгып, депутаттарга маалымат берүү үчүн келген. Атаханов даярдыксыз келген деп депутаттар кескин сынга алышты.

Ал эми Сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин жыйынында депутат Курманбек Осмонов өкмөт башчыны сынга алган. Анын себеби тууралуу Осмонов буларды билдирди:

- Премьер-министр мыйзамды сактабай жатат. Конституциянын талабын бузуу менен акимдерди массалык түрдө кызматтан бошотот, мэрлерге сөгүш жарыялайт. Акимдерди жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макулдугу менен ишке коюп, иштен алат да. Ал жөн эле административдик ыйгарым укуктарды алып, каалаганын кылып жатат.

Осмоновдун маалыматы боюнча, бул маселе боюнча кызматынан бошотулган айрым акимдер сотко кайрылууда.

КСДП фракциясынын мүчөсү, Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева өкмөткө ишеним көрсөтүп-көрсөтпөө маселеси өкмөттүн ишинин жыйынтыгына жараша болот дейт.

Өкмөт өз отчетунда өткөн жылдагы экономикадагы басаңдоону токтотуп калганын, инфляция төмөн болгонун, социалдык милдеттер аткарылганын айтаары күтүлүүдө.

Быйылкы жылдын төрт айында экономикада өткөн жылга салыштырмалуу 8,2% өсүш болуп, өкмөткө дем берип турат. Андан сырткары Түркия насыясына Бишкекте жолдорду оңдоону өкмөт өз жетишкендиги катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө.

Бирок өкмөттүн мындай көтөрүңкү маанайына Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн соңуна чыкпай жатышы бир жагынан каскак болсо, экинчи жагынан Батукаев боюнча депутаттык комиссия өз ишинин жыйынтыгын чыгаруусу олуттуу баш оору жаратчудай. Маселен, депутаттык комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев Батукаевди бошотууда вице-премьер-министр Шамил Атаханов баарын өзүнө алып жатканын, бирок маселе андан жогоруда турган жетекчилер тарабынан чечилгенин билдирди. Комиссиянын атын атагысы келбеген дагы бир мүчөсү Батукаевдин жаңжалы боюнча өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлүшү мүмкүндүгүн жашырган жок.

Башкаруучу коалицияны Батукаев жаңжалы эле эмес, кадр маселеси да өйдө-ылдый кылып турганы маалым. Белгилүү болгондой, КСДП фракциясы өз кадры Осмонбек Артыкбаевди энергетика жана өнөр жай министрлигине кудаласа, “Ата Мекен” менен “Ар-намыстын” каршылыгына туш болду. Бул министрлик “Ар-намыстын” квотасында болгондуктан, алар Валерий Дилдин талапкерлигин сунушташты. “Ар-намысты” “Ата Мекен” колдоп чыкты. Батукаев жаңжалында да башкаруучу коалицияда ушундай көрүнүш кайталанышы толук ыктымал.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG