Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

Конституцияга ылайык аткаруу бийлиги парламенттик көпчүлүккө тийди. Ушул эле көпчүлүк жергиликтүү бийлик органдарын да өз колуна алууга аракеттенүүдө. Жергиликтүү бийлик башчылардын өкмөт менен түздөн-түз байланышы мамлекеттин туруктуулугуна олуттуу коркунуч туудурат деген пикирлер айтылууда.

Бөлүштүрүлгөн аймактар

Өкмөттөгү министрликтерди бөлгөндөй эле коалиция түзгөн фракциялар жергиликтүү бийликтерди, облустарды да бөлүп алышкан. Интернетке чыгып кеткен, бирок коалиция тарабынан жокко чыгарылбаган маалыматка ылайык, Социал-демократиялык фракцияга Бишкек шаары, Ош жана Нарын облустары, “Республикага” Жалал-Абад, Чүй жана Талас облустары тийген. “Ата журт” Ош шаарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарын өз таасирине алган. Бөлүп алган субъекттердеги жетекчи кызматтарга бул фракциялар өз кишилерин дайындоого аракет жасайт.

Конституциянын 89-беренесинин 7-бөлүмүндө жергиликтүү бийлик башчыларын дайындоонун тартиби жазылган. Ага ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын өкмөт башчы жергиликтүү кеңештердин сунушу менен дайындайт жана бошотот.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун айтымында, бул берене аркылуу жергиликтүү кеңештердин ролун күчөтүү жагы каралган. Мындай жобо бийликти борборлоштуруудан алыстатуу, демократияны өнүктүрүү максатында киргизилген.

Конституцияда өкмөт кызматтан кеткенде жергиликтүү бийлик башчылары дагы кызматтан кетет деп так жазылган эмес. Ошондой болгон күндө да жергиликтүү бийлик башчыларын азыркы өкмөт башчылар дайындап жаткандан кийин жаңы өкмөт башчы келсе, ал министрлер менен катар жергиликтүү бийлик башчыларын дагы жаңылоого аракет жасабай койбойт.

Оппозиция эмне дейт?

Мына ушундай кырдаал мамлекетти башкаруу тизгинин жоготууга алып келет дейт “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов:

"Бүгүн мындай болуп жатат, эки айдан кийин өкмөт кетти дейли. Жаңы коалиция келет. Жаңы коалиция баарын кайра карап, жетекчилерди алмаштырат. Министрлерди эле эмес, башкаларды да алмаштырат. Министр кызматтан кетсе байкалбай калышы мүмкүн. Качан бийлик баштан-аяк алмашканда, мамлекетти башкаруу колдон чыгып кетүүсү мүмкүн",-деген Феликс Кулов азыркы мезгилде кайсы бир фракция губернаторду, башкасы анын орун басарын дайындап жатканын, мындай шартта кимдин-кимге баш ийүүсү айкын болбой, башаламандык орун аларын кошумчады.

Азыркы Конституцияны иштеп чыгуучулардан болгон Данияр Нарынбаев жергиликтүү бийлик башчыларын дайындоо мыйзамдарга ылайык жүрөрүн, андай мыйзам азыр жок болгондуктан өкмөттүн жобосу менен ишке ашырылса болот деген ойдо. Аткаруу бийлиги баш-аягынан бери алмашканда башкаруу тизгини колдон чыгат деген пикирлерге карата Нарынбаевдин жообу мындай болду:

- Биринчиден, ар бир мамлекеттик кызматта турган адамды бошотконго чейин жумушун таштап кетип калганга акысы да жок, укугу да жок. Демек кызматтан тийиштүү түрдө, мыйзамдуулуктун негизинде алмайынча, кызмат адамдары баары тең иштеп туруш керек.

Талдоочулардын баамында, эгерде парламенттик жана жергиликтүү шайлоолордо кайсы бир партия толук жеңишке жетишсе, бийлик баштан-аяк бир команда катары түзүлө алат. Андай болбогон шартта коалицияга бириккен фракциялар өкмөт кызматтарын бөлүшкөндөй эле жергиликтүү бийлик органдарын да бөлүштүрүүгө аргасыз болот. Ансыз коалиция бузулат.

Жергиликтүү бийлик башчыларын дайындоо жана бошотуу жергиликтүү кеңештердин сунушу менен өкмөт башчы тарабынан аткарылат деп Конституцияда так жазылган. Бирок анын жол-жоболору атайын мыйзам менен тескелүүгө тийиш. Андай мыйзам азырынча Кыргызстанда жок.

Так мыйзамдын жоктугу облус губернаторлорунун баш-аламан кыймылдарын пайда кылууда. Маселен, Баткен, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облусунун губернаторлорун кызматтарында калтыруу талаптары менен акциялар уюштурула баштады.

Борбордук бийликке мындай каяша айтуу эмне менен аяктары азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG