Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Шеримкулов: Акаев Кумтөр маселеси каралышынан корккон


Медеткан Шеримкулов "Азаттыктын" студиясында, 2011-жылдын 15-августу.
Медеткан Шеримкулов "Азаттыктын" студиясында, 2011-жылдын 15-августу.

Легендарлуу парламенттин төрагасы, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Медеткан Шеримкулов Кыргызстандагы эгемендикке чейинки жана андан кийинки саясий өнүгүүлөр, тарыхый бурулуштар, бийлик бутактарынын ортосундагы мамиле, Кумтөр долбоору, алтын чатагы сыяктуу маселелердин айланасында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Сиздерге мурдараак сунушталган маектин биринчи бөлүгүндө саясатчы 1991-жылкы ГКЧПнын Кыргызстанга таасири, бул окуяга карата биринчи президент Акаев менен парламент төрагасынын билдирүүлөрүндөгү айырмачылыктар тууралуу айтып берген. Кабарчыбыз Бурулкан Турдубек кызынын маегинин экинчи бөлүгү Кыргызстан эгемен жашоону баштаган жылдары бийликте турган эки лидердин мамилеси тууралуу суроо менен уланат.


Президент менен төраганын келишпестиги эмнеден чыкты?


«Азаттык»: Коомчулукта көп эле айтылат Аскар Акаев менен Медеткан Шеримкуловдун ортосунда принципиалдуу маселелер боюнча пикир келишпестиктер абдан көп болгон деп. Пикир келишпестиктерди ушул жерден башталган деп айтса болобу. Азыр ушунча убакыт өттү, ошол жеке пикир келишпестиктердин уңгусу кайсында эле?
Легендарлуу парламенттин Акаевге биринчи президентибиз катары сый мамилеси, элдин, мамлекеттин жүгүн бирге көтөрөлү деген аракети Акаев тарабынан туура кабыл алынган жок.


Медеткан Шеримкулов: 1991-жылкы ГКЧПдан башталды деп айтса болобу, болбойбу билбейм. Бул бир гана кичинекей көрүнүш, бирок мазмуну өтө терең. Ал эми президент менен төраганын ортосундагы пикир келишпестиктин негизинде көп нерселер жатат. Себеби 1991-жылдын 31-августунда биз Кыргыз Республикасы эгемендүү, көз карандысыз, суверендүү, демократиялык өлкө деп жарыяладык. Ошондон баштап нукура өзүн дүйнөгө тааныткан Кыргыз мамлекети 20 жылдан бери болуп келатат. Ушул мамлекетти куруу жөнүндө, тезирээк мурдагы тоталитардык режимден жаңы демократиялык режимге, рынок экономикасына өткөрүү боюнча, жаңы мыйзамдарды кабыл алуу боюнча, элдин турмушун мурдагы Советтер Союзу убагындагыга салыштырмалуу илимин да, билимин да, жашоо деңгээлин дагы төмөндөтүп жибербөөгө жасаган аракеттер, чет мамлекеттик инвестицияларды алып келүүдө, чет мамлекеттик компаниялардын, ар түркүн уюмдардын Кыргызстанга келип иштеши жана алардын Кыргызстанга болгон пайдасы боюнча улам эле бир пункттар боюнча, бир маселелер боюнча биздин пикир келишпестик пайда болду.

Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, эки жетекчинин ортосунда бир маселеге эки көз караш боло бериши мүмкүн. Кеп эки ойдогу эки жетекчи алдыга койгон бир максатты мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн чечүүгө, консенсуска келип экөө бирин-бири түшүнө билсе, маселе ушунда жатат.

«Азаттык»: Ошол кезде президент Акаев “парламент мени иштетпей жатат, реформаларга каршы чыгып жатат, бийликти узурпациялоого аракет кылып жатат” деген сыяктуу дооматтар менен билдирүү жасаганы бар. Буга эмне себеп болду, чын эле тоскоолдук жасаган элементтер бар беле ошол кезде?
Кумтөр келишими кыргыз элинин кызыкчылыгына эч жооп бербеген келишим болчу. Ошонун азабын Кыргызстан ушул күнгө чейин тартып келе жатат. Биз миллиондогон эмес, миллиарддаган долларды Кумтөр кениндеги алтындан алалбай калдык.


Медеткан Шеримкулов: Эч убакта парламент Акаевдин жүргүзүп жаткан туура реформаларына каршы чыккан эмес. А түгүл Акаевди президент кылып шайлаган дагы ушул парламент болгон. Легендарлуу парламенттин Акаевге биринчи президентибиз катары сый мамилеси, элдин, мамлекеттин жүгүн бирге көтөрөлү деген аракети Акаев тарабынан туура кабыл алынган жок.

Жыл өткөн сайын легендарлуу парламент принципиалдуу маселелер боюнча Акаевдин туура эмес, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алып жатканына жол берген эмес. Бир-экөөнү эле айтып коёюн. 20 жылдан бери бүтпөгөн жомок болуп келе жаткан Кумтөр маселеси легендарлуу парламенттин көтөрүп чыккан маселеси болчу. Дүйнөдөгү алтын запасы боюнча жетинчи орунда турган алтын кенге келип иштейм деген канадалык компания менен түзүлгөн келишим кыргыз элинин кызыкчылыгына эч жооп бербеген келишим болчу. Ошонун азабын Кыргызстан ушул күнгө чейин тартып келе жатат. Биз миллиондогон эмес, миллиарддаган долларды Кумтөр кениндеги алтындан алалбай калдык.


Алтын чатагы жана болбой калган сессия


«Азаттык»: Легендарлуу парламентти таратууга да алтын чатагы түрткү болгондугу айтылып келатат. Алтын комиссиясы Акаев бийлигине алтын запасына жопкерсиздик мамилесин далилдей турган юридикалык фактыларды тапты беле кезинде, эмне үчүн ашкереге алган жок?
Кумтөргө чейин эле Кыргызстандын алтындары эсепсиз, көзөмөлсүз, башка жекече кишилердин чөнтөгүнө кетип жаткан. Ошол кетип жаткандын арт жагында Акаевдин жана башка республиканын жетекчилеринин фигуралары тургандыгы жөнүндө ачык айтылган болчу.


Медеткан Шеримкулов: Алтын маселеси Кумтөр баштала электе чыккан болчу. Себеби Макмалдан, башка жерлерден чыккан алтындарыбыз жөнүндө сөз кыла баштады. Ошол убакта республикабызды 25 жыл жетектеген урматуу аксакалыбыз, депутатыбыз Турдакун Усубалиев баштаган комиссия түзгөнбүз. Комиссиянын отчету ошол мезгилде бардык ММКларына берилип, басылып чыгарылган. Депутаттардын баарына таратып бергенбиз. Ошондо Кумтөргө чейин эле Кыргызстандын алтындары эсепсиз, көзөмөлсүз, башка жекече кишилердин чөнтөгүнө кетип жаткан. Ошол кетип жаткандын арт жагында Акаевдин жана башка республиканын жетекчилеринин фигуралары тургандыгы жөнүндө ачык айтылган болчу. Мунун бардыгы тең бир убакта жарыяланган нерсе.

Ал эми 1994-жылы сентябрь айындагы парламенттик кризиске алып келүүнүн шарттарынын бири Кумтөр маселеси деп айтканыңыз абдан туура, мен ага толугу менен кошулам. Себеби 94-жылкы май айындагы парламенттин жыйынында ушул маселе чоң сөз болуп, элге толук түшүндүрүп берүүгө аракет жасайлы деген биздин сунушубузга өкмөт баш болуп катышпай коюшту. Май айындагы жыйыныбыз бүтөрү менен Акаев Указы менен өкмөткө түздөн-түз көрсөтмө берди Камеко менен Кумтөр боюнча келишимге кол койгула деп. Өкмөт аргасыздан буга кол коюуга туура келди.

Бул маселе дагы күзгү сессияда каралышы мүмкүн болчу. Себеби айрым депутаттар өкмөттүн кол койгон келишими туура эмес, өзүбүздүн оюбузду айтабыз деген ой-пикирге келишкен. Сессия убагында Кумтөр маселеси чыгып кете турган болсо чоң чатакка айланып, айрым биздин республиканын жетекчилеринин жүзү ачылып каларын өзгөчө аткаруу бийлигинде жүргөн жетекчилер түшүнүштү дагы, сентябрь айында өткөрөлү деген сессияга биздин депутаттарды катыштырбай, аларга уруксат бербей, кворум жок болду дагы, ошон үчүн биз акыркы сессиябызды өткөрө албай калдык. Бардыгы Акаев легендарлуу парламентти таратып жиберген деп айтышат. Эч убакта легендарлуу парламент тараган эмес, президенттин Указы дагы болгон эмес, Жогорку Кеңештин өзүбүздү-өзүбүз таратабыз деген чечими дагы болгон эмес. Акыркы сессияга депутаттардын көпчүлүгүн катыштырбай коюп, кворум болбой калган, бар болгону ушул. Ал эми Жогорку Кеңештин президиуму өз ишин акыркы кезге чейин аткарып турду.

«Азаттык»: Кворумдун болбой калышынын өзү өзүн-өзү таратууга ыктаган ыкма эмеспи?

Медеткан Шеримкулов: Жок, бул атайын уюштурулган нерсе болчу. Депутат мандаты менен учакка отурайын десе отургузбай, мен тосмодон секирип түшүп учака отуруп келдим деп айткандар болду. Аткаруу бийлиги, президент Акаев Жогорку Кеңешти таратып жиберүүгө кудурети жетпесине бардыгынын көзү жетчү. Бул өтө күчтүү бүт Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таанылып калган парламент эле.

«Азаттык»: 350дөн канча депутат келди эле ошондо?

Медеткан Шеримкулов: 350дөн 200гө жакыны келген, бирок кворум болбой калган.

«Азаттык»: Ушул сессияда эмне маселе каралат эле?

Медеткан Шеримкулов: Кумтөр маселесин планга киргизген эмеспиз. Эң негизгиси эки маселе болчу, биринчиси республикалык бюджетти бекитип кетүү. Себеби акыркы сессия болгондон кийин биз сөзсүз бюджетти бекитип кетишибиз керек, кийин республика жашаш керек да бюджет менен. Экинчиси, парламенттик шайлоону өткөрүү, парламенттик мыйзамды кабыл алышыбыз керек болчу.


Акаев эмнеден коркту?


«Азаттык»: Акаев эмне максатты көздөдү ушул парламентке кворумду болтурбай коюу менен?
Айрым жетекчилер унааларын болгону 125 сомго менчиктеп алган фактылар болгон. Кумтөр маселеси менен ушул маселеге келгенде колун аябай катуу салып жибергендер коркушту. Кредит боюнча өтө чоң мыйзам бузуулар бар болчу.


Медеткан Шеримкулов: Акаев жана башкалар ошол сессияда Кумтөр маселеси каралат экен деп, ошондон коркушту, биринчиден. Экинчи маселе бар болчу, аткаруу бийлигине Акаев баш болуп катуу тийген маселе бул - биз парламенттик комиссия түзгөн болчубуз, депутаттардын, министрлердин, аткаруу бийлигинде иштеп жаткандардын приватташтырууга катышуусу, кредиттерди алуу боюнча өтө чоң мыйзам бузуулар бар болчу. Ошону сессияда карайбыз деп сунуш киргизип жатышкан болчу. Себеби ошол комиссия ушунчалык көп мыйзам бузууларды табышты. Мен сизге бир-эки эле маселесин келтирип коёюн, мурдагы Советтер Союзу учурунда курулган биринчи жетекчилер үчүн райкомдун биринчи катчысы, райаткомдун төрагасы жана башка кызматкерлерге өкмөттүн жана партиялык взонстун эсебинен үйлөр салынган. Эми ошол жаңы иштеп жаткан акимдер ошол үйлөрдүн баарын приватташтырып алышкан. Мен айттым, Аскар Акаев бул эмне деген сөз, аз убакыт өтөт булардын ордуна башка адамдар келет, ал кишилер кайда жашайт, андай менчиктештирүүгө жол бербеш керек деп. Мына ушундай чатактарыбыз бар болчу.

Дагы бир жөнөкөй мисал, айрым жетекчи кызматкерлер унааларын болгону 125 сомго приватташтырып алган фактылар болгон. Кумтөр маселеси менен ушул маселеге келгенде аткаруу бийлигиндегилер, колун аябай катуу салып жибергендер коркушту. Кредит боюнча өтө чоң мыйзам бузуулар бар болчу. Чет мамлекеттен келген кредит жакындарына, тууган-туушкандарына, бийликте тургандардын баарына берилип кеткен. Ушул убакка чейин республикабыздын тышкы карызы 2 млрд. ашып кетти. Тышкы карызыбыздын башаты ошол мезгилде жатат. Эгерде 1994-жылы ушул маселелерди бирге карап койгондо кийинки мыйзам бузууларга жол берилмек эмес болчу. Экинчиси, легендарлуу парламентти иштетпей коюуга каршы чыгып, дискредитациялоого жасаган аракети кийин Акаевдин өзүнө зыяны тийди.

«Азаттык»: Негизи ошол учурда бирдиктүү бир жакадан баш чыгарып, жанагыдай карама-карышылыктар келип чыкпаганда балким Аксы, Ош, апрель окуясы сыяктуу кандуу окуялар болбой калышы ыктымал беле?

Медеткан Шеримкулов: Ыктымал болчу

«Азаттык»: Буга ошол кездеги саясий элитанын өзүнүн моралдык жоопкерчили бар деп айтса болобу?

Медеткан Шеримкулов: Болот. Себеби ар бир мамлекеттин депутаттары элдин кызыкчылыгын, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоого аракет кылбаса мунун зыяны ошол эле мамлекетке, ошол эле элге тиет. Кеп Кыргызстан гана жөнүндө эмес. 1993-жылы Орусияда президент Ельцин менен Жогорку Советтин ортосундагы карма-карышылык акырында келип Ельциндин көрсөтмөсү менен Ак үйдү танка менен атышты, кан төгүлдү. Тажикстандагы президент менен парламенттин ортосундагы чатак болуп отуруп акырында алты жылдык граждандык согуш болду. Прибалтика, Закавказье өлкөлөрүндө президент менен Аткаруу бийлигинин, мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы карама-каршылык келип элге, мамлекетке зыян келтирди. Мен төрага катары легендарлуу парламент, эл өкүлдөрү катары жаңы мамлекетибизде стабилдүүлүктү сактап калууга, аткаруу бийлигине жардам берүүгө толук аракет кылдык. Чын-чынына келгенде кайсы мамлекетте болбосун бийлик ортосундагы чыккан жаракалар эч убакта мамлекеттин стабилдүүлүгүнө жардам бербейт.

«Азаттык»: Сизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG