Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

Кыргызстан эгемендикке жеткенине 20 жыл болду. Ушул жылдар ичинде элибиз эгемендиктин баа-баркын билдиби?

Тоталитардык совет доорунда улуттарга жасалган мамиле тууралуу тарыхта жазылдыбы? Бул суроолор менен “Азаттык” тарыхчы, профессор Асан Ормушевди кепке тартты.

-Учурдан пайдаланып “Азаттык” үналгысынын угуучуларын, жалпы элибизди бүгүнкү эгемендиктин 20 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм. Мына Ала-Тоо аянтына Манас бабабыздын, Чыңгыз агабыздын эстелиги орноп, эркиндиктин илебин кыргызстандыктар эми жаңы сезгендей чоң кубаныч болуп жатат.

Эми кыргыз тарыхында Кыргызстандын эгемендүүлүккө чейин жана андан кийин кандай чагылдырылганы тууралуу сөзгө келсек, кыргыз элинин карт тарыхы тарыхчы-илимпоздор тарабынан толук кандуу, так-даана иликтенип бүтө элек. Сиздер жакшы билесиздер, 70 жыл бою Коммунисттик партиянын саясатында байыркы кыргыз элинин жазуусу, маданияты болгон эмес деп атайылап жаздырып келишкен. Себеби компартия улуттук духту өчүрүүгө далалат кылып турчу. Ал тургай кыргыздар эл болуп 15-16-кылымдарда калыптанган деп окутчу. Мына эгемендик тушунда кыргыздар эл болуп, мамлекет болуп калыптанышына 22 кылым же 2200 жыл болгону аныкталып, ачык айтылды.

- Асан мырза, азыркы муун коммунисттик партиянын тушунда кыргыз сыяктуу майда улуттардын көргөн күнү тууралуу билишеби? Бул тууралуу тарых китептери барбы?

- Бүгүнкү күндө “Кыргыз тарыхы” деп жазылып, мектеп окуучуларына, студенттерге берилген китептерде кыргыз элинин жазуусу жана маданияты Улуу октябрь революция жеңгенге чейин болгон эмес деп жазылган. Өкүнүчтүүсү ошол китептен азыркы муун билим алып, кыргыздардын тарыхы тууралуу кабардар болуп келатат. Советтик тоталитардык доордо кыргыздар сыяктуу майда улуттарга көңүл бурулбай, басмырланып, оор жумуштарда айлык акыны аз алып иштегени, орустардын жер кепелеринде батирлеп жашаганы тууралуу маалыматтар жок. Булардын баары учурунда бурмаланып, чындыктан алыс жазылган, азыр да ошол боюнча кетип атат.

Улуттук кадрларды көтөрүү, окутуу, үйрөтүү, аларды чын дил менен колго алуу компартиянын оюна да келген эмес. Мисалы ошол убактагы изилдөөдө Кыргызстан менен Казакстандагы мамлекеттик кызматтарда болобу, өндүрүштө болобу улуттук жумушчулардын саны өтө аз болгон. Жумушчу курамда түпкү улуттардын өкүлдөрү 20-25%, ал эми инженердик-техникалык курамда болгону 6-7% түзүп, бүткүл союз боюнча өтө артта турчу. Мына ушундай бурмаланган тарыхты бүгүн оңдоп жазып, жаш муундарга жеткирүү озуйпасы турат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG