Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Бүгүн, 11-августта Жети-Өгүз районунда 1916-жылдагы Үркүнгө байланыштуу курултай өтөт. Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда, жыйында бир кылым мурун кыргыз жеринде кызыл кыргын болгон-болбогонун аныктоо калктын өзүнө сунушталат. Айрым байкоочулар курултай саясий максатты көздөрүн белгилешүүдө.

Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө максатында май айында президенттин жардыгы чыккан. Анда кыргыз калкынын тарыхындагы эң трагедиялуу окуяга тарыхый баа берүү сунушталган.

Президенттин жардыгына удаалаш айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер Үркүн окуясын иликтөө жана ага тарыхый-саясий баа берүү үчүн коомдук комиссия түзүшкөн. Комиссияны белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров жетектейт.

Бекназаровдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, 11 -августтагы эскерүү курултайына Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылына 30 боз үй тигилүүдө. Курултайда 1916-жылдагы апааттын эч нерсесин жашырбай, архивдик документтердин негизинде маалыматтар ачык айтылат. Ал эми келген эл мына ошол маалыматтардын негизинде калк кызыл кыргынга туш келгенби же келген эмеспи суроосун өзүнчө аныктап алууга тийиш.

Архивдик документтердин үстүндө иштөө учурунда аныкталган жаңы жагдайлар тууралуу Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

- Эмне үчүн 90 жыл бою сөөктөр көмүлбөй жаткан? Мына ушуга да жооп издеп, аны тапканга аракет жасадык. Экинчиси - бизди тарыхта ар дайым окутуп келген, кыргыздын кембагалдары менен орустун кембагалдары биригип алып, кыргыздын, орустун бай-манабына каршы чыккан деп. Архивдик материалдарда тап-такыр андай эмес экен. Таза орустар менен эле таза кыргыздар согушкан. Үчүнчү маселе, Ысык-Көлдө, Чүйдө, Жумгал, Кочкордо бир да кыргызды калтырбай Нарын жергесинде резервация ачып, ошол жакка сүрүү боюнча документер болгон. Ушуга окшогон алты түрдүү жаңы жагдай бар. Алардын бири - Үркүн учурунда канча кишинин өлгөнүн аныктоо маселеси.

Бекназаровдун айтуусунда, алар ошол кездердеги эл каттоого жана башка маалыматтарга таянып, 150 миңдей адам кырылган деген жыйынтыкка келишүүдө. Бирок бул эң төмөнкү сан.

Түп районунун тургуну, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев Үркүн боюнча ал дагы изилдөө жүргүзүп, Кытайга чейин барып келгенин кабарлады:

- Мен Кытайга барып келдим. Ошол жакта жашы улуу кишилерге жолуктум. Ошонун натыйжасында эки жыл мурун баштаган китебибизге жаңы материалдарды таптык. Китебибиз “Ала-Тоонун көз жашы” деп аталат.

Курманбек Дыйканбаевдин ырасташынча, 1916-жылы Кыргызстандан качып барган адамдардын ушул кезде да Кыргызстанга ээн-эркин келүү мүмкүнчүлүгү жок. Аларга виза алуу жеңилге турбайт. Мамлекет ушул маселени чечиши керек. Ал эми казак мамлекети Кытайдагы казактардын тарыхый мекенине келип кетиши үчүн толук шарттарды түзүп койгон.

Азимбек Бекназаровдун маалымдашынча, курултайды өткөрүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кол кабыш көрсөтүүдө. Алар иш-чарага келип катышмакчы.

Бирок 11-августта өтө турган курултайдан саясат көрүп жаткандар да бар.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Мукар Чолпонбаев мына ошондой пикирде. Ал Барскоондогу курултай парламенттик шайлоонун алдында өткөрүлүп жатканын жана ага негизинен оппозициялык маанайдагы саясатчылар барарын кошумчалады.

Бирок Азимбек Бекназаров Барскоон курултайын эмки жылы өткөрүлө турган чоң иш-чарага даярдык катары көрүүдө. Анын айтуусунда, келерки жылы Үркүндүн жүз жылдыгын катардагы иш-чара катары өткөрбөстөн, кеңири масштабда өткөрүү үчүн даярдыктар керек.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG