Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Таласка бараткан жаш активисттер кармалды


"Тезекпром" акциясына чыккандардын бири Мавлян Аскарбековду милиция кармап кетүүдө. Бишкек, 9-июнь, 2014.
"Тезекпром" акциясына чыккандардын бири Мавлян Аскарбековду милиция кармап кетүүдө. Бишкек, 9-июнь, 2014.

Таласка курултай өткөрүү максатында бараткан жаш активисттерди укук коргоо органдары жолдон кармап, баракчаларын тартып алды.

Милиция ал баракчаларда чагымчыл маалымттардын болушу мүмкүн экенин айтып, экспертизага берди. Ал эми жаш активисттердин пикиринде, бийлик оппозициячыл маанайдагы адамдарга бут тосуп, жарандардын тынч жыйын өткөрүү боюнча конституциялык укуктары бузулууда. Адам укугун коргоочу эксперттер да Акаев жана Бакиев учурунда нааразычылык акцияларына тоскоолдук кылуу ушундай жолдор менен жүргөнүн эске салышууда.

“Сосновкадагы буктурма”

Өңчөй жаш саясатчылардан жана активисттерден турган “Жаңы муун” кыймылы 27-сентябрда Талас шаарында курултайга өткөрүүгө камынууда. Бирок аталган кыймылдын мүчөлөрү Таласка бараткан жолдогу Сосновка бекетинде токтотулуп, укук коргоо органдары тарабынан машиналары тинтилген.

Машинасы тинтүүгө кабылган активист Мавлян Аскарбеков алардын баракчаларын укук коргоо органдары тартып алганын айтты.

- Элге таратуу үчүн 5 миң нускадагы маалымат баракчасын даярдаганбыз. Анда Кыргызстандагы жана Талас жергесиндеги көйгөйлүү маселелер аргументтер менен чагылдырылган. Кечээ биз Таласты көздөй кетип баратканда куралчан жана жарандык кийимчен жыйырмадай адам бизди токтотуп, текшеришти.

ИИМ: Баракчалар экспертизага берилди

Укук коргоо органдары активисттердин унаасы тинтилип, алардын алып бараткан баракчалары тартылып алынганын ырастады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов билдирип, окуяны мындайча түшүндүрдү. Анын айтымында, алынган баракчалар УКМКга экспертизага берилген.

- ИИМге Бишкектен Таласка карай тынчтык максатты көздөбөгөн, кандайдыр бир чакырыктарды камтыган баракчалар өтөт деген ыкчам малыматтар түшкөн. Чындыгында эле текшерүү учурунда Таласка бараткан машинанын биринде миң нускадагы баракчалар табылган. Бирок эч кимге кысым көргөзүлгөн эмес.

“Жаңы муун” коалициясы укук коргоо органдарынын бул аракетин оппозициячыл маанайдагы адамдарга кысым катары баалап жатат. Анткени ушул эле жаштардын чек ара, газ маселелери боюнча Бишкекте өткөргөн бир катар акцияларын да укук коргоо органдары үзгүлтүккө учуратып, нааразылык акциялары учурунда кармап кетишкен.

Ал кезде Бишкек милициясынын башчысы Мелис Турганбаев болчу. Ал өткөн жумада ички иштер министрлигинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Турганбаев парламент комитетинде сүйлөгөн сөзүндө митинг өткөрүү боюнча адамдардын конституциялык укугун сыйларын айтып, бирок өлкө жарандарынын кайсы бир бөлүгү митингдерден чарчаганын билдирди. Коомчулукта Турганбаев министр болуп бекип калса укук коргоо органдарынын саясий нааразылык акцияларга бут тосуулары күчөйт деген пикирлер да айтылууда. Өткөн жумада Нарында митингге чыккандар да кармалган болчу.

Бийлик кечээкисин унуттубу?

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова революцияларды шарттаган мурдагы бийликтердин тушунда да тынч жыйындарды өткөрүүгө бут тосуулар болгонун эске салды.

- Үч бийликтен тең мен ушундай тенденцияны байкадым. Жаңы келген бийлик биринчи эки жылында жарандык коом менен жакшы иштешет. Ал эми эки жылдан кийин эмнегедир жарандык коомдун арасынан душмандарды көрө баштайт. Атамбаевдин убагында дагы жарандардын тынч жыйындарды өткөрүүгө болгон укуктары чектелип, толук бойдон бузулууда.

Талас шаарында 27-сентябрга белгиленген курултайдын уюштуруучуларынын айтымында, анда чек ара, газ маселелери, өкмөттүн кемчилиги, өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал талкууланмакчы. Бирок Талас облусунун айрым тургундарынын 23-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиргенине караганда, оппозициячыл жаштардын курултай өткөрүүсүнө облус тургундары каршы. Алардын оюнча, мындай курултайлар элдин ынтымагын жана тынчтыгын бузат.

Серепчилер болсо митинг уюштурабыз дегендерге каршы топтор мурдагы бийликтердин тушунда да атайлап уюштурулуп, мурда да ушундай маалымат жыйындары өтүп келгенин эске салат.

XS
SM
MD
LG