Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Назарбаев: Өзбекстан менен миллиард долларлык келишимдерге кол коюлат


Назарбаев Каримовдун жесирине көңүл айтууда. Самарканд. Сентябрь, 2016-жыл
Назарбаев Каримовдун жесирине көңүл айтууда. Самарканд. Сентябрь, 2016-жыл

Астанада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев эки өлкө буга чейин болуп көрбөгөндөй ири суммадагы келишимдерди түзүп жатканын билдирди.

- Бүгүнкү ири бизнес форумга эки тараптан беш жүз ишкер катышууда. Жалпы наркы миллиард долларга жакын 75 келишимге кол коюлат. Бул биздин тарыхта биринчи жолу болууда, - деди Назарбаев.

Казак президенти ошондой эле Мирзиёев мамлекет башына келгенден бери эки өлкөнүн соодасы 30% өскөнүн да белгиледи.

Мирзиёев Казакстанды “эң жакын, ишенимдүү коңшу” атап, “мындай кызматташтык буга чейин болгон эмес, бүгүнкү сапар тарыхый” деди.

Бул өткөн жылдын декабрында шайланган өзбек президентинин экинчи чет өлкө сапары. Казакстанга мамлекеттик сапар менен 22-мартта келген.

XS
SM
MD
LG