Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

БИШКЕКТЕ АДИЛ ТОЙГОНБАЕВДИН ЖАРДАМЧЫСЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КАРМАЛДЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек Адил Тойгонбаевдин ушул аптада кармалган жардамчысы Данияр Жалишевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары башталды. Учурда ал Чүйдөгү Ысыката районундагы убактылуу абакта кармалууда. Ага бирөөнүн өтө чоң көлөмдөгү мүлкүн өзүнө ыйгарып алган деген күнөө коюлган. Адвокаттардын пикиринде Жалишевге коюлган күнөөлөр тастыкталып, сот чечими чыгарылмайынча, аны кылмышкер катары эсептөө негизсиз.

15-февралда Бишкекте Адил Тойгонбаевдин жардамчысы Данияр Жалишев ички иштер министрлигинин атайын кызматтары тарабынан кармалган. Учурда ал Чүйдөгү Ысыката районунун ички иштер бөлүмүндөгү убактылуу абакта. Аталган бөлүмдүн башчысынын орун басары Таалайбек Алманбетовдун маалыматы боюнча Жалишевге башка бирөөнүн ири көлөмдөгү мүлкүн өзүнө ыйгарып алган деген кине коюлуп, 2005-жылдын март айында Ысыката прокуратурасы тарабынан издөө жарыяланган. Анын негизинде ушул шаршемби күнү Жалишев мыйзам чегинде кармалган:

-Ал мыйзам чегинде кармалды. Жанында эки паспорту бар экен. Бири Кыргызстандын, экинчиси Казакстандын паспорту. Эми кыргыз паспорту боюнча иликтөөлөр жүргүзүлөт. Анткени, бул паспорт жасалма паспорт болуп чыгышы мүмкүн. Ал өзү Казакстандын атуулу. Бирок, биздин мамлекеттин аймагында кармалгандыгына байланыштуу анын үстүнөн козголгон кылмыш иштер боюнча тергөө иштеринин баары Кыргызстандын прокуратура, сот органдарында жүргүзүлөт , - деди Ысыката районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Таалайбек Алманбетов.

Ички иштер министринин маалымат катчысы Аида Бакирова 18-февралда «Азаттыкка» билдиргендей, Данияр Жалишев Адил Тойгонбаевдин кызыкчылыгын аткарган адам катары Канттагы цемент-шифер комбинатынын акцияларын мыйзам бузуулар менен сатып алууга катышкан:

-Бул 2002-жылы болгон. Канттагы цемент-шифер комбинатынын акцияларын сатуу бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгында иштеген көмүскө адамдардын катышуусу менен өткөн. Ошентип, аталган комбинат өз баасынан кыйла төмөн сатылып, аны менен мамлекеттик бюджетке да, цемент-шифер комбинатына да чоң өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген. Жалишев өзү билдиргендей, цемент-шифер комбинаты анын атына Адил Тойгонбаев тарабынан которулган. Ал ошондой эле Адил Тойгонбаевдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жүргөн адам болгондугун айтты..

Адвокат Акин Токталиевдин пикиринде Данияр Жалишевди азырынча кылмыштарды жасаган деп айтуу негизсиз:

-Эми бул саясий оюн болуп турат. Ал Тойгонбаевдин жардамчысы деп баса айтуунун эмне кереги бар? Данияр Жалишевди күнөөлүү деп айтуу азырынча негизсиз. Адамды тергөө иштери боло электе, сот чечими чыгарыла электе күнөөлүү деп айтуу адам укуктарын бузууга жатат, демократиялык принциптердин нормаларына каршы келет ,-дейт Акин Токталиев.

Жалишевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдарды башкы прокуратура жана Чүй облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Ысыката районунун ички иштер бөлүмүнөн алынган маалыматтар боюнча 17-февралда Данияр Жалишев башкы прокуратурада жана Чүй облустук прокуратурасында көрсөтмөлөрдү берди.

Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүн жетекчиси Абдыганы Шерипбаевдин ишембиде билдиргенине карата, Адил Тойгонбаевди издөө иштери улантылууда:

Адил Тойгонбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштер бүгүнкү күндө ага издөө жарыялангандыгына байланыштуу убактылуу токтотулуп турат. Ага бирөөнүн мүлкүн озгөчө ири өлчөмдө уурдоо фактысы боюнча күнөө коюлууда. Бул ошол эле «Аалам сервис», Каинды кант заводу, Канттагы цемент-шифер заводуна байланыштуу фактылар , -дейт Абдыганы Шерипбаев.

Ал эми эгерде Адил Тойгонбаевдин Казастандын атуулу экендиги тастыкталса, Минск Конвенциясына ылайык казак тарап аны Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып коюшу ыктымал. Мындай жагдайда Адил Тойгонбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштерине байланыштуу тергөө амалдары Казакстандын сот, прокуратура органдарында каралат.

XS
SM
MD
LG